Кеңеш айылдык кеңешинин «Кеңеш айыл аймагынын Кызыл участкасынан 1024 жашоочуну “Бабаш-Ата” шайлоо участкасына которуу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын 2021-жылдын 16-февралы № 6 Кеңеш айыл аймагынын Кызыл участкасынан 1024 жашоочуну “Бабаш-Ата” шайлоо участкасына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-февралындагы №19 мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын Кызыл участкасынан 1024 жашоочуну “Бабаш-Ата” шайлоо участкасына которуу боюнча Кенеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун 12.02.2021-жылдын №01-17/216 сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл өкмөтүнүн Кызыл участкасынан 1024 жашоочу Базар-Коргон шаарынын карамагына өткөндүгүнө байланыштуу №2142 “Мундуз” шайлоо участкасынан №2140 “Бабаш-Ата” шайлоо участкасына жана Юнусов көчөсүнүн күн батыш тарабындагы жашоочулары Матазимов Махмуддун үйүнөн Камчыбеков Курсанттын үйүнө чейинки жарандар №2428 Арпачы шайлоо участкасына которулсун.
2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:
К.Аттокуров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.