Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Электр энергиясынын төлөмү үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 19
Электр энергиясынын төлөмү үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтомуна ылайык электр энергиясынын тарифи 12,5% жогорулагандыгына байланыштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансындагы социалдык обьектилердин электр энергиясынын төлөмдөрү үчүн кошумча каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн электр энергиясынын төлөмдөрү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтомуна ылайык электр энергиясынын тарифи 12,5% жогорулагандыгына байланыштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансындагы социалдык обьектилердин электр энергиясынын төлөмдөрү үчүн кошумча 310763 (үч жүз он миң жети жуз алтымыш үч ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы
М.Аликеев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 30 сентября 2021 года № 192 "Об утверждении Среднесрочной тарифной политики Кыргызской Республики на электрическую энергию на 2021-2025 годы"Постановление · 30.09.2021 · № 192 · No longer in force