Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кыштут айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын кароо жөнүндө» токтому
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Кыштут айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2022-жылдын 20-январы № 19 Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын угуп жана талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып, кетирилген кемчиликтерге баа берилсин жана тийиштүү жооптуу адамдарга чараларды көрүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевке тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №161-п буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын колдонуу шарттары толугу менен аткаруу жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.
3. Жоопкерчиликке берилген материалдык баалуулуктардарды сактоону жана келген материалдык баалуулуктардарды кириштөөнү көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.
4. Кыштут айыл аймагынын бухгалтериялык отчет учет иштерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 25,12,2018-жылдагы №137-б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана каржылык отчетторду жүргүзүү боюнча” Жобонун негизинде жүргүзүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
Ж. Мидинов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.