Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Эмгекчил айылдык кенешинин «Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы 2021-жылдын 14-январы № 2 Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Эмгекчил айыл аймагынын түзүлгөн башкы планына ылайык жалпы 139,53 га жер аянты Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, калктуу конуштун жерлери категориясына которууга жатат. Бул жерлер колхоз учурунан бери калктуу конуштун жерлерин кещейтүүгө калтырылган, бирок азыркы учурда Айыл чарба багытындагы жерлер категориясында турат. Мунун ичинен 124,14 га жер участогу Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын жайыт жерлер түрүндө, ал эми калган 15,39 га жер аянттары КыргызМамжердолбоор долбоорлоо институтунун берген кортунудусуна ылайык Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын сугат айдоо жана айдоо жерлерине кирип калган. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлу № 257 Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө мыйзамына ылайык, Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерин, Калктуу конуштун жерлери категориясына которууга тыюу салынган. Ошол себептен учурда Эмгекчил айыл аймагынын 124,14 га жерин Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, калктуу конуштун жерлери категориясына которуп, кезекте турган жарандарга жеке турак үй куруу үчүн жер участогун берүү зарылдыгы болууда. Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун негизинде жана күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кещештин төрагасы Б.Сураповдун жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Жерге жайгаштыруу материалдарына ылайык, Эмгекчил айыл аймагынан жалпысы 124,14 га жер участогу Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан Калктуу конуштун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде тийиштүү иш алып баруу жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
Б.Сурапов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 1
References (2)
- Закон «О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий»Закон · 31.07.2009 · № 257
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force