Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Суу айылдык кенешинин “1 000 000 сомду Жениш айылына кичи футбол аянтчасын курууга, өкмөттүн өздүк салымы катары кошумча бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы
2020-жылдын 16-декабры №170 “1 000 000 сомду Жениш айылына кичи футбол аянтчасын курууга, өкмөттүн өздүк салымы катары кошумча бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Угулду Күн тартибиндеги маселе боюнча Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсү уктурулду. Билдирүүдө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине өбөлгө түзүү максатында,КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги №181 токтому менен бекитилген “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобонун 19-пунктуна ылайык КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июлундагы №323 буйругу менен түзүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Ак-Суу айыл Өкмөтү “Эң мыкты айыл Өкмөт” кароо-сынагында 2-орунга ээ болуп, Республикалык бюджеттен 1 000 000 (бир миллион) сом акча которулгандыгы жана ал акча каражатын Ак-Су айыл аймагынын Жениш айылына курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына өкмөттүн кошумча өздүк салымы катары жумшоого сунушун билдирди. Күн тартибиндеги маселе боюнча КЭБ нүн башчысы А.Кушбаков сөз алып Айыл өкмөттүн кызматкерлерине бир окладдан премия катары берүү сунушун билдирди. Сессиянын жүрүшүндө жарыш сөзгө айылдык Кеңештин депутаттары Д.Хамробоев,Ш.Шукуров жана Ж.Акматов чыгышып,таза Жеңиш айылында курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына өкмөттүн кошумча өздүк салымы катары жумшоо туура экендигин белгилеп,өз ойлорун айтышты. Ошондой эле депутат Ш.Пирматов тендерщиктин ишин сапатту көзөмөлдөө максатында төмөнкү депутаттар Анарбаев.Ш,Аширов.С,Аширбаев.Б,Бабаев.А,Гаффаров.А жана Ражапов.Т комиссия мүчөлөрү болуп түзүлсүн деп сунуш берди. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.“Эң мыкты Айыл Өкмөт” кароо-сынагынан түшкөн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын Ак-Суу айыл аймагынын Жеңиш айылына курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына өкмөттүн өздүк салымы катары кошумча жумшоого макулдук берилсин.
3.Тендерщик тарабынан аткарылган иштерди көзөмөлдөө максатында төмөнкү депутаттар Анарбаев.Ш,Аширов.С,Аширбаев.Б,Бабаев.А,Гаффаров.А жана Ражапов.Т комиссия курамына мүчө болуп бекитилсин.
4. Акча каражаттарын өз убагында которуу КЭБнүн башчысы Х.Кушбаковго жүктөлсүн.
5.Көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:
А.Саматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 9 апреля 2013 года № 181 "Об утверждении Положения о порядке проведения общегосударственного конкурса на звание "Самый лучший айыл окмоту"Постановление · 09.04.2013 · № 181
- Распоряжение Премьер-министра КР от 22 июля 2015 года №323 (Об образовании общегосударственной конкурсной комиссии)Распоряжение · 22.07.2015 · № 323 · No longer in force