Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Суу айылдык кенешинин “ Келишимди бекитип берүү жөнүндө” токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVI –сессиясы 2019-жылдын 24-декабры № 2/1 “ Келишимди бекитип берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Ак-Суу айылдык кеңеши : ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору М.К.Пратова жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.М.Качыбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Жогоруда токтомду аткаруу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жүктөлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага:
С.Барпиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2017 года № 238 "Об утверждении Инструкции о порядке приема документов, оформления, изготовления (персонификации), учета, выдачи и…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · No longer in force