Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Суу айылдык кенешинин “Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө” токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы 2019-жылдын 10-июну № 3/2 “Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Ак-Суу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо маселелерин угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Ак-Суу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризация иштеринин жыйынтыгы жактырылсын. (Тиркеме эске алынсын).
2. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Ак-Суу айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага:
С.Барпиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 3 марта 2014 года № 114 "О проведении инвентаризации земельного фонда Кыргызской Республики"Постановление · 03.03.2014 · № 114 · No longer in force