Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Улахол айылдык кеңешинин «Улахол айылдык кеңештин конкурстук комиссиясы жөнүндө» токтому
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 6-марты № 6 Улахол айылдык кеңештин конкурстук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 11-пунктун жетекчиликке алып Улахол айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 11-пунктуна ылайык Улахол айылдык кеңешинин конкурстук комиссиясы төмөнкү курамда түзүлсүн.
У. Имангазы уулу - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
Мүчөлөрү:
У. Ж. Чынгожоев - Ардагерлер Кеңешинин төрагасы;
М. Р. Бейшеев - айыл өкмөттүн кирешелер боюнча башкы адиси.
2. Конкурстук комиссиянын катчысы милдети комиссиянын мүчөсү М.Р.Бейшеевге милдеттендирилсин.
3. Конкурстук комиссия Улахол айыл кеңешинин ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына конкурстарды бекитилген Жобого ылайык иш алып барышсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага
Т. Ашымов
Катчы
И. Жээнтаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Постановление Правительства КР от 29 декабря 2016 года № 706 " О вопросах организации государственной гражданской службы и муниципальной службы"Постановление · 29.12.2016 · № 706 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Положение "о порядке проведения конкурса и служебного продвижения по государственной гражданской службе и муниципальной службе Кыргызской Республики" (Утверждено постановлением…Положение · 29.12.2016 · № 706 · No longer in force