Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Барскоон айылдык кеңешинин «Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга бюджетин жана 2021-2023 жылдарга долбоорун бектитүү жѳнүндѳ» токтому
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Барскоон айылдык Кенешинин XXVII-чакырылышынын 14 кезектүү сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 17 Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга бюджетин жана 2021-2023 жылдарга долбоорун бектитүү жѳнүндѳ Негизделип эсептелинген маалыматтарга жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна 2021-жылга Республикалык бюджети жана 2021-2023 жылдарга болжолу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Барскоон айыл аймагынын финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы К.Мамырканов жана бюджеттик комиссиясынын төрайымы Н.Жаныгулованын билдирүүсү боюнча ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн бюджети кирешелер боюнча 30 296,7 миң сом кѳлѳмүндѳ жана чыгымдар боюнча 30 296,7 миң сом кѳлѳмүндѳ №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2021-2023-жылдарга долбоору №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Салыктардын контингенти жана чегерүүлѳрдүн кѳлѳмү №3 тиркемеге ылайык каралсын жана кирешелер биринчи кезекте эмгек акы, социалдык фондго чегерүүгѳ, коммуналдык чыгымдарга, тама-аш алууга жеңилдиктерди тѳлѳѳгѳ жумшалсын. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине түшүүчү салыктарды ѳз убагында жыйнап бюджетке түшүрүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн киреше боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын кѳлѳмү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү бюджеттен мекемелерге карожылануучу эмгек акы, социалдык фондусунун чектелген кѳлѳмү №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Бала бакчанын атайын каражатына ата-энелерден келип түшкѳн акча каражаты – 1 338,8 миң сом балдардын тамак-ашына бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу ЖѲБММАнын 2016-жылдын 12-октябрындагы №01-24/166 буйругунун негизинде айылдык кеңештин тѳрагасына бир жолку компенсация тѳлѳнсүн.
8. Спорттук иш-чараларга оюндарга - 570,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
9. Ѳзгѳчѳ кырдаалдарга – 900,0 миң сом акча каражаты бекитилсин. Каралган акча каражат пайдаланбай калса башка беренелерге жумшалсын.
10. «Ак Түз тазалык» муниципалдык ишканасына колодоо көрсөтүүгө -400,0 миӊ сом акча каражаты бекитилсин.
11. «Барс-S» муниципалдык ишканасына колдоо көрсөтүүгө – 300,0 миӊ сом акча каражаты бекитилсин.
12. Айыл аймагынын генералдык планын жасатууга – 2 000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
13. Резервуар курууга – 8 000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
14. Беккер чуңкурун жасатууга – 3500,0 миӊ сом.
15. 2021-жылда эл каттоонун уюштуруу маселелерине – 50,0 миӊ сом.
16.Акынбек Баатыр жана А.Макеев көчөлөрүнө түнкү жарык – 400,0 миӊ сом.
17. Айыл ичиндеги арык-каналдарды оӊдоп түзөөгө курулуш материалдарын алууга – 650,0 миӊ сом.
18. Айыл аймагындагы үй бүлөлүк даарыгерлер тобунун дааратканасын салууга – 70,3 миӊ сом акча каражаты бекитилсин.
19. «Көк-Дөбө» жайлоосундагы каналды оӊдоп түзөөгө – 400,0 миӊ сом.
20. Айылдагы көпүрөөлөргө труба сатып алууга – 246,0 миӊ сом.
21. Исмаилов жана Уу-булак участкасына трансформатор орнотууга – 600,0 миӊ сом.
22. Айыл ичиндеги көчөлөргө кум шагыл төгүп оӊдоого – 800,0 миӊ сом.
23. «Таарылга-Булак» ишканасын камсыздоого – 50,0 миң сом.
24. Мектептерге тамак-аш сатып алууга – 170,0 миң сом.
25. Тарыхый мурастагы имаратты жана эстеликти оңдоп түзөөгө - 237,0 миӊ сом акча каражаты бекитилсин.
26. Э.Кендирбаев жалпы орто билим берүү мектебинин актовый залына керме шып орнотууга - 70,0 миӊ сом акча каражаты бекитилсин.
27. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын резервдик фонду - 298,98 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
28. 2021-жыл ичинде түзүлгѳн кырдаалга жараша акча каражатын статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы К.Мамыркановго жүктѳлсүн.
29. Айылдык ѳкмѳтүнүн бюджетине кошумча ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна коюлсун.
30. Каралган жергиликтүү бюджетин макулдашуу жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
31. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳсү экономикалык реформа жана бюджет боюнча айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссиясына жана Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Усөнбаевге тапшырылсын.
32. Токтом 2021-жылдын 1-январынан күчүнѳ кирсин.
Айылдык кенештин төрагасы:
Н.Чекиров
Барскоон айылдык Кенешинин XXVIIчакырылышынын кезектеги сессиясынын 30-декабрь 2020 жылдын №17 токтомуна № 1 тиркеме
2021-жылга Барскоон айыл округунун жергиликтуу бюджетинин кирешелери жана чыгашаларынын долбоору
№
Аталыштары
Суммасы
Кирешелер
11111100
Кирешелерден түшкөн салык
25768,1
11121100
Кичи ишкерлерден алынуучу салык
3,8
11122
Патент негизинде киреше салыгы
908,4
11311200
Ишкерлер пайдаланган кыймылсыз мүлк салыгы
52,6
11312120
Автоунаа салыгы
834,1
11321100
Огород салыгы
333,6
11321200
Жер үлүш салыгы
295
11321300
Айыл чарба эмес жер салыгы
120
14151200
Недралар боюнча алынган лицензияга тѳлѳѳ акысы
20
14152110
Калктуу аймакта ижарага берилуучу салык
5
14152200
Жайыт жерлеринин ижарасынан түшкөн акча каражаты
518
14152200
Кайра бөлүштүрүлүүчү жердин (КБЖ) ижарасынан түшкөн акча каражаты
54
14153200
Ижарага берилген муниципалдык менчиктеги имараттар
30
14221700
Таштандыларды чыгаруу боюнча салык
15,3
14232400
Атайын каражат
1338,8
Бардык киреше
30296,7
Чыгашалар
701
Аппарат
8682,1
704
Жайыт
518,0
706
ЖКХ
13040,5
708
Маданият бөлүмү
2636,4
709
Билим берүү тармагы
4080,9
Бардык чыгаша бюджеттик каражаттан
28957,9
709
Билим берүү тармагы
1338,8
Бардык чыгаша атайын каражаттан
1338,8
Бардык чыгаша
30296,7
Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн жоопту катчысы:
А.Жаныгулова
Барскоон айылдык Кенешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги сессиясынын 30-декабрь 2020 жылдын № 17 токтомуна № 2 тиркеме
2021-2023 жылга Барскоон айыл аймагынын жергиликтуу бюджеттин кирешелери жана чыгашаларынын болжолдуу долбоору
№
Аталыштары
Суммасы
Кирешелер
2021
2022
2023
11111100
Кирешелерден түшкөн салык
25768,1
27056,5
27597,6
11121100
Кичи ишкерлерден алынуучу салык
3,8
3,8
3,8
11122200
Патент негизинде киреше салыгы
908,4
908,4
908,4
11311200
Ишкерлер пайдаланган кыймылсыз мүлк салыгы
52,6
52,6
52,6
11312120
Автоунаа салыгы
834,1
834,1
834,1
11321100
Огород салыгы
333,6
333,6
333,6
11321200
Жер үлүш салыгы
295
295
295
11321300
Айыл чарба эмес жер салыгы
120
120
120
14151200
Недралар боюнча алынган алынган лицензияга төлөө акысы
20
20
20
14152110
Калктуу аймакта ижарага берилуучу салык
5
5
5
14152300
Жайыт жерлеринин ижарасынан түшкөн акча каражаты
518
518
518
14152200
Кайра бөлүштүрүлүүчү жердин (КБЖ) ижарасынан түшкөн акча каражаты
54
54
54
14153200
Ижарага берилген муниципалдык менчиктеги имараттар
30
30
30
14221700
Таштандыларды чыгаруу боюнча салык
15,3
15,3
15,3
14232400
Атайын каражат
1338,8
1338,8
1338,8
Баардык киреше:
30296,7
31585,1
32126,2
Чыгашалар
701
Аппарат
8682,1
8770,7
8817,1
704
Жайыт
518
518
518
706
ЖКХ
13040,2
14240
14640,2
708
Маданият бөлүмү
2636,6
2636,6
2731,1
709
Билим берүү тармагы
4081
4081
4081
Баардык чыгаша бюджеттик каражаттан
28957,9
30246,3
30787,4
Атайын каражаттар
1338,8
1338,8
1338,8
709
Билим берүү
1338,8
1338,8
1338,8
701
Аппарат
Бардык чыгаша:
30296,7
31585,1
32126,2
Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы
К.Мамырканов
Барскоон айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги сессиясынын 30-декабрь 2020 жылдын № 17 токтомуна № 3 тиркеме
2021-жылга Барскоон айыл өкмөтүнө каралып жаткан салыктардын контингенти жана чегерүүлөрүнүн көлөмү
Класс-я
Салыктар
Сумма
Айыл округ бюджет.
Райондук бюджет.
Республикалык бюджет.
%
Сумма
%
Сумма
%
Сумма
1111
Кирешелерден түшкөн салык
25768,1
100
11121100
Кичи ишкерлерден алынуучу салык
3,8
100
11122200
Патент негизинде киреше салыгы
908,4
100
11311200
Кыймылсыз мүлк салыгы
52,6
100
11312120
Автоунаа салыгы
834,1
100
11312100
Огород салыгы
333,6
100
11321200
Жер үлүш салыгы
295
100
11321300
Айыл чарба эмес жер салыгы
120
100
14151200
Недралар боюнча алынган лицензияга тѳлѳѳ акысы
20
100
14152110
Калктуу аймакта ижарага берилуучу салык
5
100
14152300
Жайыт жерлеринин ижарасынан түшкөн акча каражаты
518
100
14152200
Кайра бөлүштүрүлүүчү жердин (КБЖ) ижарасынан түшкөн акча каражаты
54
100
14153200
Ижарага берилген муниципалдык менчиктеги имараттар
30
100
14222200
Таштандыларды чыгаруу боюнча салык
15,3
100
14235
Атайын каражат
1338,8
100
Бардыгы
30296,7
Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн жоопту катчысы:
А.Жаныгулова
Барскоон айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги сессиясынын 30-декабрь 2020 жылдын № 17 токтомуна № 4 тиркеме
2021-жылга Барскоон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары
Аталышы
Экономикалык чыгымдардын классификациясы
Сумма
Эмгек акы
2111
3725,2
Соц.фонд
2121
563,0
Иш сапар
2211
190,6
Коммуналдык чыгымдар
2212
109,3
Телефон факсималдык байланыш
22122100
22,0
Интернет байланышы
22122900
87,3
Транспорт чыгымы
2214
1059,4
Ар кандай чыгымдар
2215
6317,9
Ар кандай тейлөөлөр
22154900
6317,9
Медикамент
2217
18,9
Тамак аш
2218
2586,7
Имараттардын кезектеги ремонту
2221
70,0
Ар кандай сатып алуулар
2222
1843,2
Кийим тиктирүү
2223
90,0
Көмүр сатып алуу
2224
1276,0
Электроэнергияга төлөө
2232
1609,3
Социалдык жардам
2721
200,0
А/О Резервдик фонд
2821
298,9
Имараттар жана курулуштар
3111
9220,3
Ар кандай имраттарды ондоого жана салууга
31113290
9220,3
Машиналар жана жабдуларга
3112
1118,0
Китеп сатып алуу
31123250
30,0
Компьютер саптып алуу
31123230
175,0
Ар кандай эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу
31123290
913,0
Баардыгы:
30296,7
Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн жоопту катчысы:
А.Жаныгулова
№ 5 тиркеме
Барскоон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга мекемелерге каралган эмгек акы фонду жана социалдык фондго чегерүүлөр.
Аталышы
Эмгек акы
Соцфонд чегеруусу
Аппарат
3231,2
477,8
3709,0
Маданият
494,0
85,2
579,2
Баардыгы
3725,2
563,0
4288,2
Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн жоопту катчысы:
А.Жаныгулова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 2
References (1)
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2019 год и прогнозе на 2020-2021 годы»Закон · 26.12.2018 · № 112
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force