Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Бел-Алды айылдык кеңешинин “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциянын байкоочу кеңешине мүчө бекитүү жөнүндө” токтому
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
2020-жылдын 4-июну №10 “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциянын байкоочу кеңешине мүчө бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө”Жобосунун 6-беренесине ылайык Атайын эсептин байкоочу кеңешинин бекитилген мөөнөтү аяктагандыгы байланыштуу Токтогуо райондук администрациясынын 1-июнындагы №891 чыгыш сандуу катынын негизинде Бел-Алды айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бел-Алды айылдык кеңешинин толук колдоо добушу менен Стамкулова Урипа
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча байкоочу кеңешине мүчө болуп бекитилсин
2. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
Тѳрага:
Ж. Боромбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.