Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Айрым жарандардын жана Бишкек шаарынын Мэриясынын кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Айрым жарандардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексинин 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2024-жылдын 6-марты Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиев
курамында, катчы А.Т. Таалайбековдун, кайрылуучу тараптар – Анатолий Владимирович Заяцкийдин кызыкчылыгын көздөгөн Аида Маратовна Курманбаеванын, Азамжан Абдукаликовдун кызыкчылыгын көздөгөн Алымжан Турсунович Исраиловдун, Мелисбек Омурбекович Жапаралиевдин кызыкчылыгын көздөгөн Дамир Ушурбекович Сакеевдин, Айнагул Бейшебековна Асанкожоеванын кызыкчылыгын көздөгөн Жумалы уулу Кутманбектин жана Мамбеталиев Толомуш Иманакуновичтин, Бишкек шаарынын мэриясынын
кызыкчылыгын көздөгөн Назгул Уланбековна Уланбекованын жана Нурбек Таштанбекович Сыдыковдун; Жолдошалиева Айжан Карыпбековнанын, Дыйканбаева Салтанат Качкыновнанын жана Мырзапаязова Зууракан Кузобаевнанын кызыкчылыгын көздөгөн Курмушиев Анвар Кубанычбекович өз убагында сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабарлангандыгына карабастан сот отурумуна келбей калгандыгын белгилеп; жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдиевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Иманалиева Айнура Курманбековнанын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Кулназаров Руслан Арстановичтин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 110- беренесинин 8-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого А.В. Заяцкийдин кызыкчылыгын көздөгөн А.М. Курманбаеванын, З.К. Мырзапаязованын кызыкчылыгын көздөгөн А.К. Курмушиевдин, А. Абдукаликовдун кызыкчылыгын көздөгөн А.Т. Исраиловдун, А.К. Жолдошалиева жана С.К. Дыйканбаеванын, М.О. Жапаралиевдин кызыкчылыгын көздөгөн У.Т. Джапаралиевдин, А.Б. Асанкожоеванын кызыкчылыгын көздөгөн К. Жумалы уулунун, Бишкек 2
шаарынын Мэриясынын кызыкчылыгын көздөгөн Н.Т. Сыдыков жана Н.У. Уланбекованын кайрылуулары себеп болуп, ал эми Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 110- беренесинин 8-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ж.А. Шаршеналиевдин маалыматын угуп, иштин материалдарын изилдеп, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Т А П Т Ы: 2023-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна А.В. Заяцкийдин кызыкчылыгын көздөгөн А.М. Курманбаеванын Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин (мындан ары – АПК) 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2, 4 жана 5- бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 62-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтө талашылып жаткан ченемге ылайык эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, сот жүйөлүү деп тааныган себептер боюнча доону берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн экендиги белгиленген. Талашылып жаткан ченемдин күчү Конституциянын 61-беренесинин 1- бөлүгү менен кепилденген соттук коргоо укугун ишке ашыруунун мүмкүн эместигине алып келген. Башкача айтканда, белгиленген убакыттык чектерден улам мыйзам чыгаруучу априори 10 дон ашык жыл мурда кабыл алынган актыларды мыйзамдуу жана сотто талашылууга жатпайт деп тааныйт, муну менен соттук коргоо укугун иш жүзүндө жокко чыгарат. 3
Арыз ээси талашылып жаткан ченемди киргизүүнүн себептери жана зарылчылыгы так негиздемелер менен ырасталбаганын да белгилейт. Бул тыюу салуу акылга сыярлык жана калыстык принциптерине туура келбейт, анткени талашылып жаткан ченем сот адилеттигинин кайсы эл аралык стандарттарына негизделгени белгисиз. Талашылып жаткан ченемдин колдонулушунан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болуп саналган жаран А.В. Заяцкий кабыл алынган учурдан тартып 10 жылдан ашык убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы чечими боюнча өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтире албай келет. Кайрылуунун автору өзүнүн жүйөлөрүн негиздөөдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 20- февралындагы №4 «Соттук чечим жөнүндө» токтомуна шилтеме жасайт, анда судьяларга доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши доо арызын кабыл алуудан баш тартуу же иш боюнча өндүрүштү токтотуу үчүн негиз боло албайт деп көрсөтүлгөндүгүнө көңүл бурушу зарыл экендиги көрсөтүлгөн. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү доону канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген тарап мөөнөттү өткөрүп жибергендигинин жүйөлүү себептеринин далилдерин келтирүүгө милдеттүү. Эгерде сот административдик иш боюнча сотко доо берүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү себептерин жүйөлүү эмес деп тапса, анда бул жагдай иш боюнча өндүрүштү жүйөлүү аныктама чыгаруу менен токтотуу үчүн негиз болуп саналат (АПКнын 186-беренесинин 9-бөлүгү, 187- беренеси). Арыз ээси ошондой эле Конституциянын 23-беренесинин 2, 4 жана 5- бөлүктөрүнө, 62-беренесинин 2-бөлүгүнө шилтеме кылат, аларга ылайык адамдын укуктары жана эркиндиктери коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында чектелиши мүмкүн, бирок чектөөлөр Конституцияда 4
белгиленген чектерден аша албайт. Укуктар жана эркиндиктер толук деп саналбайт, адамдын жана жарандын жалпы таанылган башка укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарат же азайтат деп чечмеленбөөгө тийиш. Өтүнүчтө өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн кошумча шарттар жок экендиги жөнүндө чет элдик практика белгиленген. Баяндалгандарды эске алуу менен, арыз ээси талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт. Конституциялык соттун 2023-жылдын 7-декабрындагы токтому менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. 2023-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна З.К. Мырзапаязованын кызыкчылыгын көздөгөн
А.К. Курмушиевден АПКнын 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн
Конституциянын 45-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 56-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн. Арыз ээси өзүнүн кайрылуусунда жер участогунда турак үй курулгандыгын, ага «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалынын 2003-жылдын 31-декабрындагы жер участогуна укукту каттоо боюнча аракеттерин жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доо менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесине
З.К. Мырзапаязова 2023-жылдын 26-майында кайрылуунун натыйжасында
укуктук аныксыздык келип чыккандыгын белгилейт. Административдик доо коюуда ал өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылган, анткени мурда Н. Сагынтаевге таандык болгон жер участогун алып коюу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын 1996-жылдын 19-сентябрындагы токтому арыз ээсине Республикалык архивден 2023-жылдын 15-майында алынган жообунан кийин гана белгилүү болгон. 5
Кайрылуунун автору Бишкек шаарынын административдик соту өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө З.К. Мырзапаязованын арызын карап чыгып, 2023-жылдын 30-августунда өзүнүн аныктамасы менен иш боюнча өндүрүштү токтоткондугун белгилеген. Кайрылууда белгиленгендей, административдик сот талашылып жаткан ченемге таянуу менен жер участогуна менчик укугун каттоо 2003- жылы жүргүзүлүп, ал эми доогер 2023-жылдын 26-майында, башкача айтканда менчикке укук катталган учурдан тартып 20 жыл өтүп кеткенден кийин сотко кайрылгандыгын көрсөткөн. Ошентип, сот доогердин даттанылуучу аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан ашык убакыт өтүп кеткенден кийин доо менен кайрылгандыгын эске алып, өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз канааттандырылууга жатпайт деп эсептеген. Ушуга байланыштуу кайрылуу субъектиси соттук коргоого болгон укуктун жана турак-жайга болгон укуктун маанилүүлүгүн, ошондой эле турак жайдан өзүм билемдик менен ажыратууга жол берилбестик принцибин баса белгилеген конституциялык ченемдерди көрсөткөн. Арыз ээси талашылып жаткан ченем жарандардын укуктары бузулган учурдан тартып, узак убакыт өткөндүгүнө карабастан, алардын соттук коргоого болгон укуктарын чектейт деп белгилейт.
А.К. Курмушиев ошондой эле, эгерде доо коюунун өткөрүп
жиберилген мөөнөтү сот тарабынан жүйөлүү деп табылса, анда ал эч кандай ченемдик укуктук акт менен чектелбеши керек жана өзүнүн менчигин сот аркылуу коргоо укугу бузулбас болууга тийиш экендигин баса белгилейт. Талашылып жаткан ченем жарандарды укук бузуулар тууралуу алар көп жылдардан кийин билсе дагы, укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышы мүмкүн. Мыйзамдар чындыкты жана адилеттикти орнотууга бөгөт болбошу керек. 6
Баяндалгандарды эске алуу менен кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп табууну өтүнөт. Конституциялык соттун 2023-жылдын 7-декабрындагы токтому менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. 2023-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна А.К. Жолдошалиевадан жана С.К Дыйканбаевадан “даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн” деген сөздөр менен баяндалган АПКнын 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн. Арыз ээлеринин пикири боюнча, талашылып жаткан ченем даттанылуучу актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жыл өтүп, даттануу үчүн мөөнөт өткөрүп жиберилген себептерден улам, административдик актыларга же административдик органдардын аракеттерине даттанууга тиешелүү иш боюнча мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн шартсыз баш тартууга жана өндүрүштү токтотууга алып келет. Негизги Мыйзамга ылайык ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет (61-берененин 1-бөлүгү). Кайрылуу субъекттери ар бир адамдын соттук коргоого болгон конституциялык укугу Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын (8- берене), Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык Пактынын (2- берененин 2-пункту жана 3-пунктунун “а” пунктчасы) жана Адам укуктарын 7
жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Конвенциянын (6-берененин 1- пункту) жоболоруна өлчөмдөш экендигин белгилешет, ага ылайык мамлекет соттук коргоо укугун ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү, ал адилет, компетенттүү, толук жана натыйжалуу болууга тийиш. Кайрылуунун авторлору соттук коргоо укугун ишке ашыруу кызыкдар тарап келип чыккан укуктук чыр-чатакты чече албаган же юридикалык жактан маанилүү жагдайды соттон тышкары тастыктай албаган учурларда болот деп эсептешет. Ушуга байланыштуу, кызыкдар жак өзүнүн укуктарын, ал эми мыйзамда каралган учурларда башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылуу менен, соттон укуктук жардам жана коргоо алууга умтулат. Ошентип, укук колдонуу тажрыйбасында мыйзамдык чектөө болуп саналган жана соттук коргоого конституциялык укукту жокко чыгарган токтотуучу мөөнөттөрдүн болушуна байланыштуу кызыкдар адам өзүнүн укуктарын соттук коргоонун натыйжалуу механизминен пайдалана албаган жагдайлар келип чыгат. Кайрылуу субъекттери талашылып жаткан ченем актыларга же аракеттерге даттануу үчүн өткөрүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүүгө тыюу салуу менен, киргизилген чектөөлөрдүн өлчөмдөштүк принцибин бузат деп эсептешет. Аны киргизүүнүн максаты – административдик-укуктук мамилелерди турукташтыруу максатында аларды иретке келтирүү – Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген максаттарга ылайык келбейт. Мындан тышкары, талашылып жаткан ченем соттун көз карандысыздыгын камсыз кылуунун принциптерин бузат, субъект бузулган укуктарды коргоо үчүн сотко кайрылуунун 10 жылдык мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн гана ага мөөнөттү өткөрүп жиберүү себептерин текшерүүгө да мүмкүнчүлүк бербейт.
А.К. Жолдошалиеванын жана С.К. Дыйканбаеванын пикири боюнча
административдик доо менен кайрылууга укугу бар адам токтотуучу мөөнөттүн өтүшү менен аны коргоо укугунан ажыратат, бул 8
Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптары боюнча жол берилгис. Баяндалгандарды эске алуу менен арыз ээлери талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнүшөт. Судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 8-декабрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. 2023-жылдын 4-декабрында Конституциялык сотко А. Абдукаликовдун кызыкчылыгын көздөгөн А.Т. Исраиловдун АПКнын 110-беренесинин 8- бөлүгүнүн Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 56-беренесине, 61- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. Кайрылууда келтирилгендей, 2001-жылдын 7-мартында Ноокат районундагы Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн токтому менен А. Абдукаликовго Барын айылынан жер участогу бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда аталган жер участогуна 2011-жылдын 10-февралында Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан С.Н. Абжаловго мамлекеттик акт берилгендиктен, арыз ээси бул маселе боюнча Ош облустук административдик сотуна доо арыз менен кайрылган. Кайрылуу субъектиси көрсөтүлгөн жер талашы ар кандай соттордо каралып, бирок талашылып жаткан акты кабыл алынган учурдан тартып 10 жылдан ашык убакыт өткөндүгүнө байланыштуу анын доо арызы боюнча козголгон административдик сот өндүрүшү токтотулгандыгын көрсөткөн. Арыз ээсинин пикири боюнча түзүлгөн кырдаал Конституцияда кепилденген жер тилкелеринин менчик ээлеринин укуктарын коргоо укугун одоно түрдө бузат жана бузулган укукту соттук коргоо аркылуу калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Кайрылуунун автору менчик укугун коргоо, сот аркылуу коргоо укугун жүзөгө ашыруу кепилдигин жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин 9
жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салууну караштырган Конституциянын 40-беренесине, 56-беренесинин 2- бөлүгүнө жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнө шилтеме жасайт. Баяндалгандардын негизинде, арыз ээси талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт. Судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 8-декабрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. 2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна М.О. Жапаралиевдин кызыкчылыгын көздөгөн У.Т. Джапаралиевден АПКнын 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн Конституциянын 6- беренесинин 5-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1-бөлүгүнө, 56-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Өтүнүчтүн автору АПКнын 110-беренесинин 8-бөлүгү адилеттүү соттук териштирүү укугун чектеп, соттук коргоого болгон укугун бузат деп эсептейт. Себеби талашылып жаткан ченемдин жоболору административдик доо коюунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүүгө тыюу салууну негизсиз белгилейт, бул Конституциянын 56 жана 61-беренелерине карама- каршы келет деп эсептейт. Судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 20-декабрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. 2024-жылдын 16-январында Конституциялык сотко А.Б. Асанкожоеванын кызыкчылыгын көздөгөн К. Жумалы уулунун АПКнын 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн Конституциянын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 6- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 23-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө жана 61-беренесинин 1-2- бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. Кайрылууда көрсөтүлгөндөй, арыз ээси Ысык-Көл облусунун Административдик сотуна Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 18- августундагы № 139 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө 10
административдик доо коюунун мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылган. 2023-жылдын 18-сентябрында кароонун жыйынтыгы менен аталган сот талашылып жаткан ченемдин негизинде өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан. Ушуга байланыштуу кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченем анын Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттук коргоого болгон укугун бузду деп эсептейт. Баяндалгандардын негизинде арыз ээси талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт. Судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 27-январындагы аныктамасы менен аталган кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. 2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын көздөгөн Н.Т. Сыдыковдон жана Н.У. Уланбековадан “даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн” деген сөздөр менен баяндалган АПКнын 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61- беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Арыз ээлерии Бишкек шаарынын мэриясы жалпы пайдалануудагы жерлерди (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол жээгиндеги тилкелер, жашыл аянтчалар, газондор, арыктар жана башка ирригациялык тармактар, токой парктарынын өтүүчү жерлери, бульварлар, скверлер, көлмөлөр), ошондой эле мыйзамга карабастан жеке менчикке же узак мөөнөттүү (49 жыл) пайдаланууга берилген коомдук жана социалдык маанидеги башка жерлерди муниципалдык менчикке кайтаруу үчүн бардык чараларды көрүп жаткандыгын белгилешет. Бул жерлер шаар тургундарынын жалпы байлыгы болуп саналат жана алардын социалдык-маданий жана башка коомдук керектөөлөрүн канааттандырууга арналган жана бир эле колдо боло албайт. 11
Аларды жеке менчикке өткөрүп берүүнүн мыйзамсыздыгынын фактысы 10 жылдан ашык убакыттан кийин аныкталууда. Өтүнүчтүн авторлору талашылып жаткан ченемдик жобонун күчүнө киргендигине байланыштуу соттук коргоого болгон конституциялык укукту ишке ашыруу мүмкүн эмес деп эсептешет. Ушуга байланыштуу, ал Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө түз маанисинде да, ошондой эле бул ченемге колдонуудагы укуктук жөнгө салуу системасында укук колдонуу практикасы менен берилген мааниси боюнча ылайык келбейт, бул административдик актыларга же административдик органдардын аракеттерине даттанууга тиешелүү иш боюнча мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн шартсыз баш тартууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга алып келет. Жогорудагыларды эске алуу менен арыз ээлери талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнүшөт. Судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 20-февралындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. Жогорудагы кайрылуулардагы талаптар бирдей жана өз ара байланышта болгондугунан улам, судья-баяндамачынын 2023-жылдын 20- февралындагы аныктамасы менен алар боюнча иштер бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген (“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 32- беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту). Соттук отурумда кайрылуучу тарап өз талаптарын колдоду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов каралып жаткан маселе боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди. Административдик иштер боюнча соттук коргоону талаптагыдай ишке ашыруу үчүн мыйзам чыгаруучу айрым процессуалдык аракеттерди жасоонун процессуалдык мөөнөттөрүн белгилеген. Процессуалдык мөөнөттөрдүн мааниси алар юридикалык факт катары кызмат 12
кылгандыгында, анын натыйжасында процессуалдык укук мамилелери келип чыгат, өзгөрөт жана токтотулат. Мындан тышкары, алар бүтүндөй административдик сот өндүрүшүнүн (процесстин) динамикасын камсыз кылат жана административдик иштер боюнча сот адилеттигин жүргүзүү үчүн оптималдуу шарттарды түзөт. Талашылып жаткан ченемдик жобо 2023-жылдын 11-апрелиндеги №85 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынышынын натыйжасында келип чыккан. Көрсөтүлгөн мыйзамдардагы түзөтүүлөр сот өндүрүшүн оптималдаштырууга, жарандардын укуктарын жана милдеттерин коргоого кыйла толук кепилдик берүүгө, соттук процесстерди өткөрүүдө создуктурууну азайтууга жана убакыттык жана материалдык чыгымдарды кыскартууга багытталган. Алардын күчүнө кирүүсү менен жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сот өндүрүшүнүн сапатын жогорулатуу, соттор тарабынан процессуалдык мыйзамдардын ченемдерин бир түрдүү жана туура колдонулушун камсыз кылуу күтүлгөн. Жогорку Кеңештин өкүлүнүн пикири боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн узактыгын чектөө укуктук аныктык принцибин бекемдөөгө гана багытталбастан, ошондой эле туруктуу жарандык жүгүртүүнү тартипке келтирүүгө, укукту кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоого жана административдик-укуктук мамилелердин катышуучуларына тартиптик таасир көрсөтүүгө өбөлгө түзөт. Мында С.К. Ысыранов административдик сот өндүрүшүнүн эскирүү мөөнөтү институтун жакшыртуу зарылдыгы бардыгын, ошондой эле сот тарабынан жүйөлүү деп табылган себептер боюнча доо коюунун мөөнөтүн өткөрүп жиберген жана сотко кайрылган адамдарга кандайдыр бир мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгилейт. 13
Баяндалгандардын негизинде С.К. Ысыранов талашылып жаткан ченемдик жобо Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев Жогорку Кеңештин өкүлүнүн жүйөлөрүнө окшош аргументтерди келтирип, ошол эле позицияны карманат. Жогорку соттун өкүлү М.Н. Сапиянова талашылып жаткан ченемдик жобо Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейт деп эсептейт жана төмөнкүдөй жүйөлөрдү келтирди. Административдик сот өндүрүшүнун алкагында административдик актыга же мамлекеттик органдардын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу укугу соттук коргоого болгон конституциялык укуктун элементтеринин бири болуп саналат. Соттук коргоо укугу аны толук көлөмдө ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү конкреттүү кепилдиктерди болжолдойт жана укуктук аныктыкты эске алуу менен адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берген сот адилеттиги аркылуу укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүүнү камсыз кылат. Натыйжалуу соттук коргоо, ошондой эле укуктук аныктык принцибин бекемдөө максатында мыйзамдарда административдик доонун жардамы менен укуктарды коргоону ишке ашыруунун убакыттык чектери белгиленген. Алсак, административдик доо коюунун жалпы мөөнөтү АПКнын 110- беренесинин 1-бөлүгү менен аныкталган жана мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе, доо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын алардын кызмат адамдарынын актысынын көчүрмөсү алынган күндөн тартып, же болбосо арыз ээси бул актынын чыгарылгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айды түзөт. АПКнын 110-беренесинин 8- бөлүгүндө доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү мөөнөтүнүн чеги 10 жыл деп белгиленген, башкача айтканда он жылдан ашкан эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүн эмес. 14
Жарандык укуктарды коргоо, атап айтканда, аны коргоонун административдик тартиби убакыт фактору менен ажырагыс байланышта жана административдик процесстик мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөр жөнгө салынуучу административдик укуктук мамилелерге көбүрөөк туруктуулукту жана айкындуулукту берет, субъективдүү укуктарды оптималдуу ишке ашырууну жана натыйжалуу соттук коргоону камсыз кылат. Убактылуу чектөөлөр укуктук аныктуулуктун, административдик актылардын жана сот чечимдеринин туруктуулугунун принцибин бекемдөөнүн процессуалдык элементи болуп саналып, ошондой эле мамлекеттин жана жарандык коомдун саясий, экономикалык, укуктук аныктыктыгын өнүктүрүүнү шарттайт. Мындан тышкары, доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн узактыгынын чектери юридикалык аныктык принцибин бекемдөөгө гана багытталбастан, ошондой эле туруктуу жарандык жүгүртүүнү тартипке келтирүүгө өбөлгө түзөт, анткени алар анын катышуучуларын өз укуктарын өз убагында, ак ниет ишке ашырууга жана аларды коргоого, атап айтканда, мүлктүк укуктарды коргоого дем берет. Алсак, укукту кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо жана тартиптик таасир көрсөтүү менен белгиленген чектик мөөнөттөр, ошондой эле конституциялык принципти ишке ашырууга да көмөктөшөт, ага ылайык адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек. Административдик актыны же мамлекеттик органдардын аракеттери (аракетсиздиги) даттанылган иштер коомдук укуктук мамилелерге тиешелүү болгондуктан, каралып жаткан маселелер өз укуктарын коргоо үчүн кайрылган адамдарга гана тиешелүү болбостон, ошондой эле башка жарандардын укуктарын жана таламдарын да козгошу мүмкүн. Ошентип, административдик доо коюунун мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн акылга сыярлык убакыттык чектердин жоктугу үчүнчү жактардын мыйзам менен корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келмек. 15
Ушуга байланыштуу административдик иштер боюнча бузулган же талаш-тартыштуу укуктарды соттук коргоо мөөнөтсүз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес, мындай иштер мыйзамда белгиленген убакыттык чектерде административдик мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү менен каралууга тийиш. Жогорудагыларды эске алуу менен М.Н. Сапиянова доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн узактыгынын чектерин аныктаган талашылып жаткан ченемдик жобо жарандардын соттук коргоого болгон укуктарын чектебейт же кемсинтпейт деп эсептейт, бирок мамлекеттик органдардын актыларын же аракеттерин (аракетсиздигин) талашуунун белгилүү тартибин белгилейт. Башкы прокуратуранын өкүлү А.К. Иманалиева Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15 жана 41-беренелеринин мааниси боюнча мыйзам чыгаруучу эскирүү мөөнөтүн колдонуу жөнүндө жалпы эрежеден, эгерде алардын зарылчылыгы бул же тигил укуктук мамилелердин келип чыгуу мүнөзү жана социалдык мааниси менен шартталса, алып салууну киргизүүгө ыйгарым укуктуу экендигин белгиледи. Бул мыйзам чыгаруучу өзүнүн дискрециялык ыйгарым укуктарынын чегинде укуктук жөнгө салуунун максаттарына жараша эскирүү мөөнөттөрүн белгилөөгө, өзгөртүүгө жана жокко чыгарууга жана буга объективдүү жана жүйөлүү негиздер болгондо аларды дифференциялоого гана эмес, ошондой эле укукту доо коюу менен коргоонун реалдуу мүмкүнчүлүгүн, административдик укук мамилелеринин субъекттеринин укуктук статусунун туруктуулугун, аныктыгын жана алдын ала болжолдонушун камсыз кылуу үчүн алардын убакыт боюнча өтүшүнүн тартибин, башталган жана аяктаган учурун аныктоого укуктуу. Мунун негизинде, Башкы прокуратуранын өкүлү белгилегендей, мыйзам чыгаруучу тарабынан сотко кайрылуунун мөөнөттөрүн белгилөө жана жөнгө салуу, анын ичинде аларды өзгөртүү жана жокко чыгаруу соттук коргоого болгон укуктун бузулушу катары каралышы мүмкүн эмес. 16
Ушуга байланыштуу, анын пикири боюнча, киргизилген убакыттык чектер соттук коргоого болгон укукту кемсинтпейт же жокко чыгарбайт, демек, сот адилеттигине жетүүнү чектөөгө алып келбейт. Мында А.К. Иманалиева жарандык сот өндүрүшүндө доонун эскириши социалдык багыттагы объектилерди менчиктештирүүнүн мыйзамсыздыгы жөнүндө талаптарды коюуга жайылтылбагандыгын, ал эми административдик сот өндүрүшүндө мындай мүмкүнчүлүк жок экендиги белгиледи. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү Р.А. Кулназаров Жогорку Кеңештин өкүлүнүн позициясынын жүйөлөрүнө окшош позицияны билдирди. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянакка келди.
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык соттун кароо предмети болуп Административдик-процесстик кодекстин төмөнкүдөй редакцияда баяндалган 110-беренесинин 8-бөлүгү саналат: «110-берене. Административдик доону берүүнүн мөөнөттөрү
8. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, сот жүйөлүү деп тааныган
себептер боюнча доону берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.». Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 Административдик-процесстик кодекси мыйзамда белгиленген тартипте 17
кабыл алынган, “Эркин-Тоо” гезитинин 2017-жылдын 1-февралындагы № 10-11 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адам укуктары
жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт (23-берененин 1-бөлүгү). Кыргыз Республикасынын конституциялык көзөмөл органы 2019- жылдын 26-июнундагы өз Чечиминде бул конституциялык жобонун маңызы мамлекет тарабынан адамдын баалуулугун жана анын субъективдүү укуктарын таануусу жана мындай укуктук системаны жана мамлекеттик, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын тутумун түзүү жөнүндө талап деп белгилеген, алар жыйындысында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону эң мыкты түрдө камсыздай алат. Адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттин чаралары өзүнүн функционалдык багыты боюнча алдын ала аракеттерге ээ болуп, мүмкүн боло турган кол салууларды алдын алууга багытталышы керек. Укуктарга кол салуу учурунда бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү камсыз кылууга жол берген коргоо тутуму иштеп башташы керек. Мындай коргоо тутумунун ыкмаларына адам тарабынан өзүнүн укуктарын мыйзам менен тыюу салынбаган бардык жолдор менен өз алдынча коргоо, административдик коргоо усулдары, соттук коргоо, ошондой эле эл аралык-укуктук механизми кирет, алар өз 18
жыйындысында адамдын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, соттук коргоо өзүнүн жогорку натыйжалуулугуна байланыштуу башкалардын арасында алдыңкы орунду ээлейт. Бул соттордун мындай бийликтик-тескөөчү ыйгарым укуктарга жана укуктук мамилелерге таасир этүүчү каражаттарга ээ болгон анын өзгөчөлүктөрү менен шартталган, алар башка бир да мамлекеттик органга берилген эмес. Андыктан Конституцияда ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилгендиги кокусунан эмес (61-берененин 1-бөлүгү). Бул конституциялык орнотмонун маанисин ачуу менен Конституциялык сот 2022-жылдын 30-ноябрындагы өзүнүн Чечиминде адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуунун мамлекеттик-укуктук механизминде соттук коргоо укугун ишке ашыруу Конституцияда кепилденген бардык башка укуктардын жана эркиндиктердин аракети өзөктүү элемент болуп саналат, анткени сотко кайрылуу аркылуу гана башка бузулган укуктарды реалдуу калыбына келтирүү мүмкүн деп белгилеген. Демек, соттук коргонууга конституциялык укук негиздүү түрдө эч кандай чектөөлөргө тийиштүү эмес адамдын жана жарандын пайдубал укуктарынын тизмесине кадыресе кирет. Конституцияда соттук коргонуу укугун бекитүү мамлекеттик бийликти (коомдук бийликтин бүткүл тутумун) ар бир белгиленген укукту тоскоолдуксуз пайдаланууга кепилдик берүүчү механизмдерди түзүү милдетине конституциялык түрдө байлайт. Мында бул укуктун негизги мазмуну сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү болуп саналат, ал жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн тоскон ченемдерди кабыл алууга жол берилбестигин билдирет. Кандайдыр бир маселе боюнча сот адилеттигине 19
реалдуу жетишпеген жак (адам) соттук коргонууга өзүнүн конституциялык укугун толук пайдалана албайт.
3. Укук күнүмдүк турмушта реалдуу ишке ашканда гана социалдык
баалуулукка ээ болот. Укукту колдонуунун максаты – адамдын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын канааттандыруу болуп саналат. Соттук коргоого болгон укукту ишке ашыруунун ыкмалары жана каражаттары процессуалдык укук системасын куруудан, анын тармактарга бөлүнүшүнөн көз каранды, алар өз кезегинде сот өндүрүшүнүн түрлөрүн түзөт. Бул материалдык мамилелерди укуктук жөнгө салуунун предметинин жана ыкмаларынын айырмачылыгы жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын процессуалдык жүрүм-турумунун зарыл моделинин өзгөчөлүктөрү менен шартталган. Дал сот өндүрүшүнүн түрү анын катышуучуларынын статусун, ошондой эле укуктары менен милдеттеринин көлөмүн аныктайт. Мындай бөлүштүрүүнүн негизги мааниси жогорку натыйжалуулукка, өз убагында, адилеттүү кароого жана өзүнүн табияты боюнча айырмаланган иштерди чечүүгө жетишүү болуп саналат. Алсак, Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында cот бийлиги сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана мыйзамда каралган башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат (94- берененин 2-бөлүгү). Тактап айтканда, административдик сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине ылайык жүргүзүлөт, ал кандай болбосун кызыкдар адам өзүнүн бузулган же талаш туудуруп жаткан укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу экендигин караштырат. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз (5-берененин 1, 2-бөлүктөрү). Ошол эле учурда белгилүү бир себептер боюнча сотко кайрылуу укугуна ээ болуу убакыт менен чектелген, ал аралыкта индивид доонун эскирүүсү катары белгиленген өзүнүн ишин сот тартибинде чечүүгө укугу 20
бар. Башкача айтканда, эгерде доогер доонун белгиленген эскирүү мөөнөтүнөн ашып кетсе, анын талаптарын канааттандыруу сот тарабынан баш тартылышы керек. Доонун эскирүү мөөнөтүн белгилөөнүн максаты – укуктук мамилелердин туруктуулугун жана кун мурунтан камсыз кылуу, ошондой эле укуктук талаш-тартыштардын чексиз кайра жаралышына жол бербөөдө жатат. Мындан тышкары, доонун эскирүү мөөнөтү бүтүндөй сот тутумунун ресурстарын сарамжалдуу сарптоо функциясын аткарат. Алсак, жогоруда көрсөтүлгөн Кодекске ылайык, эгерде мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе, доо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын, алардын кызмат адамдарынын актысынын көчүрмөсү алынган күндөн тартып, же болбосо арыз ээси бул актынын чыгарылгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде сотко берилет (110-берененин 1-бөлүгү). Ошентип, белгиленген үч айлык мөөнөт өзүнүн маңызы боюнча укук ээси сотко доо коюу жолу менен өзүнүн талаптарын канааттандырууну ала турган доо берүүнүн эскирүү мөөнөтү болуп саналат. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 17- февралындагы Чечиминде доонун эскирүү мөөнөтү институту өзүнүн укуктук табияты боюнча өзгөчө мааниге ээ, анын негизги милдети болуп жарандык карым-катнаштардын, жарандык-укуктук келишимдердин туруктуулугун, жарандык укук мамилелердин катышуучуларынын укуктарынын өз убагында корголушун камсыз кылуу саналат. Доонун эскириши жарандык карым-катнаштардын катышуучуларын тартипке салууга, жарандык укук мамилелеринин катышуучуларын субъективдүү коргоо укугун кыйла натыйжалуу ишке ашырууга шарт түзүүгө багытталган деп белгилеген. Доонун эскириши мыйзамдардын негизги институттарынын бири болуп эсептелинет, анткени бузулган субъективдүү укукту соттук тартипте коргоонун убакыттык чектерин аныктап турат. Доонун эскиришинин маанилүү көрүнүшү болуп, анын жарандык укук 21
мамилелеринин укуктук аныктыгына жана туруктуулугуна шарт түзүүсү эсептелет, анткени бузулган укукту мажбурлап коргоону чектей турган мөөнөтсүз, укук ээси өз укугун бузуучуну соттук таасир көрсөтүү коркунучу алдында каалаганындай узак кармоо мүмкүндүгүн алмак. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, эскирүү мөөнөттөрү токтотуучу мүнөзгө ээ эмес, алардын өтүшү субъективдүү укуктун токтотулушуна алып келбейт жана сотко кайрылууга тоскоолдук болуп саналбайт. Ошентип, мыйзам чыгаруучу тарабынан орнотулган кыска убакыттык мезгилге карабастан, эгерде сот тарабынан жүйөлүү деп табылган себептер болсо, доогер доонун өтүп кеткен эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок талашылып жаткан ченемге байланыштуу өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен мүмкүн. Конституциялык сот мыйзам чыгаруучу тарабынан доо коюу мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө киргизилген чектөө өзүнүн маңызы боюнча преклюзивдүү (токтотуучу) мөөнөт болуп саналаарын белгилейт, ал төмөнкүлөр менен мүнөздөлөт:
– токтотуучу мөөнөттүн бүтүшү субъективдүү укуктун сөзсүз түрдө
токтотулушуна алып келет;
– сот талаштын тараптарынын арызына карабастан токтотуучу
мөөнөттү колдонот;
– токтотуучу мөөнөттөр токтотулуп турууга, үзүүгө же калыбына
келтирилүүгө жатпайт. Мындай процесстик орнотмо мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын жана башкаруучулук чечимдеринин укук ченемдүүлүк маселелеринде негизсиз узакка созулган белгисиздиктин мүмкүнчүлүгүн жоюуга багытталган болсо да, кызыкдар тараптар соттук коргоо укугун, ал тургай объективдүү себептер 22
болгон күндө да аларды жеңүү мүмкүн эмес болгон мындай бөгөттөр менен ишке ашырууну чектеген жөнгө салуучу таасирге дуушар болбошу керек (Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 26-июнундагы Чечими). Доонун эскирүү институту сыяктуу эле, процесстик токтотуучу мөөнөттөр укуктук мамилелердин катышуучулары өздөрүнүн жүрүм- турумунун кесепеттерин акылга сыярлык чектерде алдын ала көрө алгыдай жана башка адамдардын өзүм билемдигинен ишеничтүү камсыздалган, ошондой эле өзүнүн абалынын укуктук кесепеттерин болжолдой алгыдай мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам аныксыздык абалынан корголгудай өздөрүнүн укуктук статусунун өзгөрбөстүгүнө ишеними болушу керек. Ошентип, доонун эскирүү мөөнөтү да, процесстик токтотуучу мөөнөттөр да бир эле милдеттерди аткаруу үчүн багытталган.
4. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо
жөнүндө жоболорду бекемдөө менен Конституция адам укуктары жана эркиндиктери түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктай тургандыгын белгилейт (23-берененин 1-бөлүгү). Адамдын жашаган жеринде анын түздөн-түз жашоосун камсыз кылуу маселелери негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан социалдык кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүүгө, алардын административдик жана башкаруу чечимдерине байланыштуу. Жогорудагы конституциялык орнотмо жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик бийликтин институту катары адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин сактоого гана эмес, ошондой эле аларды ишке ашырууга, ал үчүн шарттарды түзүүгө, аларды бузууну токтотууга милдеттүү экендигин, ал эми кээ бир учурларда – алардын тескөөсүндө болгон административдик жана башкаруучулук укуктук каражаттарды колдонуу менен муниципалитеттик түзүлүштүн 23
аймагында бузулган укуктарды жана эркиндиктерди калыбына келтирүүнү болжолдойт. Жогоруда баяндалгандардын өңүтүндө, каралып жаткан маселе боюнча арыз ээлери тарабынан келтирилген далилдер жана материалдар айрым учурларда жарандар үчүн маанилүү маселелерди, ошондой эле социалдык маанилүү милдеттерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттери алардын мыйзамдарды кынтыксыз сактоо жагынан алганда белгилүү бир шектенүүлөрдү жаратаарын көрсөтөт. Мында кызыкдар тараптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин кесепетинен келип чыккан юридикалык фактылардын бар экендиги жөнүндө узак мезгил бою билбеген, демек алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуу фактысын билбеген учурлар бар.
5. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында адамдын
укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбайт (56-берененин 2-бөлүгү). Бул конституциялык кепилдиктин маанисин ачуу менен, Конституциялык сот 2023-жылдын 29-мартындагы өз Чечиминде, биринчи кезекте мыйзам чыгаруучуга багытталган аталган императивдик тартип алардын тизмеси жагынан алганда да, ошондой эле кабыл алынган мыйзамдардын адекваттуулугу жагынан алганда да укуктардын жана эркиндиктердин толуктугунун кепилдиктеринин бири болуп санала тургандыгын белгилеген. Айрым конституциялык жоболорду конкреттештирүү жана укуктук жөнгө салуунун ар кандай үлгүлөрүн, анын ичинде жаңы социалдык реалдуулуктарга ылайык киргизүү мыйзам чыгаруучунун эрки болуп саналат. Мыйзам чыгаруучу адамдын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруунун көлөмүн, тартибин, укуктук негиздерин, механизмин жана шарттарын аныктоодо кароо эркиндигине ээ. Бирок мыйзам чыгаруучу өзүнүн жөнгө салуу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда кабыл алынган ченемдик тартиптин өлчөмдөш жана адилеттүү болушун камсыз кылууга, 24
жарандардын мыйзамга жана мамлекеттин аракеттерине ишенимин сактоого милдеттүү. Талашылып жаткан ченем 2023-жылдын 11-апрелиндеги №85 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын кабыл алуунун натыйжасында келип чыккан. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында белгиленгендей, бирдиктүү чектелген мөөнөттүн жоктугу сот актыларынын укуктук аныктыгына жана туруктуулугуна зыян келтирет. Бардык талаптар өз убагында сотко берилүүгө тийиш, анткени бузулган укуктарды коргоо үчүн негиздүү мөөнөттөрдүн жоктугу мындай талаптар коюлган жактардын кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Мөөнөттү калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон ашпаган мөөнөттү белгилөө сот чечимдеринин гана эмес, ошондой эле укуктук кесепеттерге алып келген административдик актылардын туруктуулугуна оң таасирин тийгизет. Албетте, укуктук аныктыктын абалы мыйзамдуулуктун, укук тартибинин жана коомдук мамилелердин алдын ала болжолдуулук режимине олуттуу таасир этет. Ошону менен бирге, бул принцип абсолюттук мүнөздө эмес экендигин белгилей кетүү керек, ошол эле учурда соттук коргоо укугу фундаменталдуу мааниге ээ жана кандайдыр бир деңгээлде чектелиши мүмкүн эмес. Бул Чечимде белгиленгендей, бул укук, оболу жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн тоскон укуктун ченемдерин кабыл алууга жол берилбестигин болжолдойт. Конституциялык маанидеги максаттар менен шартталган бул же тигил чектөөлөрдү киргизүүдө мыйзам чыгаруучу колдонулуучу укуктук каражаттардын адекваттуулук жана өлчөмдөштүк конституциялык принцибин жетекчиликке алууга тийиш. Ошентип, токтотуучу мөөнөттүн материалдык-укуктук табиятын эске алып, Конституциялык сот адамдын бардык башка укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу негизинде жаткан, негизги конституциялык 25
кепилдик катары, жарандардын сот адилеттигине алгачкы жеткиликтүүлүгү менен байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салууда мындай механизмди колдонуунун жол берилбестиги жөнүндө тыянакка келди. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес (23-берененин 2, 4-бөлүктөрү). Колдонуудагы доонун эскирүү институту ошентсе да процессуалдык токтотуу мөөнөттөрүнө караганда натыйжалуу укуктук каражат болуп саналат жана конституциялык укуктун маңызына кол салбастан туура укуктук колдонууда милдеттерди толук максаттуу чечет, ал үчүн мыйзам чыгаруучу административдик сот өндүрүшүн жөнгө салууда преклюзивдүү мөөнөттү колдонгон. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик
кодексинин 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн "жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1- бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама- каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет. 26
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ 27
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Административно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 25.01.2017 · № 13
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный…Закон · 11.04.2023 · № 85