Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кулунду айылдык кеңешинин «Кулунду айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформация) жөнүндө» токтому
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясынын отурумунун
2022-жылдын 8-февралы № 7/1
Кулунду айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформация) жөнүндө Кулунду айыл аймагынын Майты участкасынан Кулунду айыл аймагынын тургундарын турак үй куруу үчүн жер участоктор менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтому, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамына, Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Жер участокторду которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык, Кулунду айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттары кезектеги 7-сессиясынын отурумунда күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагынын тургундарынын турак жай салуу үчүн жер участогун алуу боюнча берген арыздарын канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамына, Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Жер участокторду которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна ылайык, Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Майты участогундагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кайрак айдоо жеринин №2 контурунан 5,60 га, №4 контурунан 5,50 га, №7 контурунан 31,50 га, №11 контурунан 5,0 га, №17 контурунан 7,80 га жер жалпы 55,4 га кайрак айдоо жерлер, мамлекеттик менчиктеги жайыт жеринин №5 контурунан 7,80 га , №9 контурунан 5,70 га жер жалпы 26,90 га жайыт жерлер жана №6 контурунан 1,70 га башка жерлер (унаа жолу) жалпы Кулунду айыл аймагы боюнча 84,0 га жерлер айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына (трансформациялоо) которулушуна макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл аймагынын башчысы Ө. Ташбалтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Кулунду айылдык Кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 20 марта 2012 года № 186 "О реализации Закона Кыргызской Республики «О придании особого статуса отдельным приграничным территориям Кыргызской…Постановление · 20.03.2012 · № 186
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу