Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин «Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан 1-Май айылындагы кооптуу жер көчкү коркунучунда жашаган Арстанбек уулу Жалалга жана Маматбаева Тунук Табалдыевнага коопсуз жерге көчүрүп турак үй курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2018-жылдын 10-октябры №11/11 Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан 1-Май айылындагы кооптуу жер көчкү коркунучунда жашаган Арстанбек уулу Жалалга жана Маматбаева Тунук Табалдыевнага коопсуз жерге көчүрүп турак үй курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.04.2004-жылдагы № 289 токтомунун 3-“Кооптуу участоктордо жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жүктөлгөндүгү жөнүндүгө” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” Кодексинин 4-беренесинин 3 -“Айылдык аймактын чектериндеги жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелиниши жөнүндөгү” бөлүмчөсүн эске алып жана кооптуу участоктордо жашаган, жер көчкү коркунучундагы 1-Май айылындагы 2 (эки) үй бүлөөнү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгуу жана турак үй курууга 0.6 га жер аянтын бөлүп берүү камсыздоо максатында Кара-Кулжа айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министирлигинин мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин 19.07.2018-жыл № 209 “Арстанбек уулу Жалалдын турак уйу жер коркунучунда тургандыктан коопсуз аймактарга көчүрүү жөнүндөгү” корутундусунун негизинде, 1-Май айылындагы калктуу конуштагы 1.74 га жер тилкесинен, Арстанбек уулу Жалалга турак үй курууга 600 м.кв. жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министирлигинин мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин 10.08.2018-жыл № 234 “Маматбаева Тунук Табалдыевнанын турак уйу жер коркунучунда тургандыктан коопсуз аймактарга көчүрүү жөнүндөгү” корутундусунун негизинде, 1-Май айылындагы калктуу конуштагы 1.74 га жер тилкесинен, Маматбаева Тунук Табалдыевнага турак үй курууга 600 м.кв. жер аянт өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
3. Жер аянтынын архитектуралык пландоо шарттарын түзүү (АПУ) жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча адиси Кадыр уулу Тыныбекке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Жаанбаев Тургунбайга тапшырылсын.
Тѳрага
Б.Саипов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Утратил силу
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 23 апреля 2004 года № 289 "О мерах по предупреждению и ликвидации последствий стихийных бедствий на территории Кыргызской Республики в свете…Постановление · 23.04.2004 · № 289 · Утратил силу