Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Терек-Сай айыл аймагынын « Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан жарым жетим жана өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын бир жылдык тамак-ашы үчүн төлөнүүчү төлөмүн жергиликтүү бюджеттен төлөө жөнүндө» токтому
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №39
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан жарым жетим жана өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын бир жылдык тамак-ашы үчүн төлөнүүчү төлөмүн жергиликтүү бюджеттен төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим билим берүү кызматтарынын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомун аткарууга алуу зарылдыгына байланыштуу, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы №371-т тескемесин Терек-Сай айыл өкмөтү аткарууга алуу максатында, айыл аймакка караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги калктын аярлуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын тамактануусу үчүн акы төлөөгө женилдиктерди берүү үчүн тизмеге ылайык чечим чыгарып берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исраиловдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы №371-т тескемесин аткарууга алуу максатында Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги калктын аярлуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын тамактануусу үчүн акы төлөөгө женилдиктерди берүү максатында төмөнкү балдар ата-энелер взносунан бошотулсун жана акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
1. Алмазова Фатима Бекмаматовна – “Ай-нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2.Алишерова Фатима – “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3.Пулатова Салиха- “М.Алымкулов” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
4.Данияров Алинур – “Жылдызча” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
5.Даниярова Алина – “Сумсар” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
6.Апсаламова Даткайым – “Ай-Балам” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
7.Парпиев Ариет Муродбекович – “Ай-Балам” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
8.Туйчиева Асия – “Ай-Балам” мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
| Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.