Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Манас шаардык кеңешинин «Манас шаардык депутаттар кеңешинин 16.02.2026-ж. кезектеги XXIII сессиясынын №3-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ » токтому
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш кезектеги XXVI сессия
2026-жылдын 28-майындагы №1
«Манас шаардык депутаттар кеңешинин 16.02.2026-ж. кезектеги XXIII сессиясынын №3-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ »
«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесин жетекчиликке алып, Манас шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 19-майындагы чыг.№01-18/3116 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн такталган планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Манас шаарынын 2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн кошумча түшкөн каражаттарын шаардын бөлөк муктаждыктарына жылдыруу (өзгөртүү) №2 тиркемеге (бюджеттик каражаттар), №2а тиркемеге (атайын төлөм каражаттар) ылайык бекитилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган мекеме-ишканаларынын айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары оңдолуп, №3, №4, №5 тиркемелерге ылайык бекитилсин жана 2026-жылдын 1-июнунан тартып төлөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Муниципалдык мүлк башкармалыгынын атайын эсептен каржыланган кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акы төлөө шарттары №6 тиркемеге ылайык бекитилсин жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып төлөө жагы мекеменин жетекчисине жүктөлсүн.
5.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
| Төрага | Талант у. А. |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 1 августа 2022 года УП № 266 "Об условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 01.08.2022 · № 266
- Указ Президента КР от 26 марта 2026 года № 121 "О мерах по совершенствованию условий оплаты труда отдельных работников бюджетной сферы Кыргызской Республики"Указ · 26.03.2026 · № 121