Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Багыш айылдык кеңешинин 2026-жылдын 12 февралындагы №2 “Багыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга киреше жана чыгашаларынын долбоорун бекитүү жөнүндө” токтому
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 12-февралы № 2
“Багыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга киреше жана чыгашаларынын долбоорун бекитүү жөнүндө”
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Багыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун бекитүү жөнүндө Багыш айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетинин билдирүүлөрүн угуп талкуулап, Багыш айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө айылдык кеңешинин бюджет комитетинин билдирүүсү эске алынып, 2026-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 59 153,8 миң сомго, атайын каражаттардын суммасы 15 700,0 миң сомго, жалпы 74 853,8 миң сомго №1-тиркемеге ылайык ал эми, бюджеттин чыгашалары 74 853,8 миң сомго №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мектепке чейинки билим берүү мекемесине ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 15 700,0 миң сомго бекитилсин жана анын чыгымдары 15 700,0 миң сомго №3-тиркемеге ылайык тамак аш чыгымдарын каржылоого багытталсын жана казыналык система аркылуу жумшоосу белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 1 159,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы №81-токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин кызматкерлеринин саны 35 штат бирдиги 16 065,6 миң сом эмгек акы толоо фонду менен № 5,17- тиркемелерге ылайык бекитилсин, анын ичинен 13 (он үч) штат бирдиги келишимдин негизинде алынсын.
5. 2026-жылдан баштап айыл өкмөтү дотациядан чыккандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1 августундагы ПЖ № 266 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жумушунун татаалдыгын эске алуу менен ар ай сайын негизги эмгек акысына (негизги оклад) кошумча төлөөлөрдүн пайызы №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кызматкерлердин айлык акылары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы №381-токтомуна ылайык, келишимдик негизде алынган кызматкерлердин эмгек акысы эсептелген нормага ылайык 15 848,0 миң сом эмгек акы фондусуна жана социалдык фондко чегерүүлөрго 2195,2 миң сом бекитилсин. Ал эми, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, башкы адисттер Ы.Алимбекова, Б.Замирбековдорго эмгек акы төлөөдөгү 2,91 коэффициенти, жетектөөчү адис С.Арзыкуловдун 2,50 коэффициенти сактоо менен жана 2025-жылга ыйгарым укуктуу кызмат үчүн (экономист-статист) Республикалык бюджеттен каржыланышын эске алып, жергиликтүү бюджеттен толоого башкаруу бөлүмүнүн эмгек акы фондусуна 15408,6 миң сом жана социалдык фондко чегерүүлөрго 2129,4 миң сом №5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 30-апрель 2022-жылдагы №240 Токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасынын күйүүчү майынын чыгымдары №6-тиркемеле ылайык, 345,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 25-июнундагы №633-т тескемесине ылайык айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы “мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан алынгандыгын жана 2025- жыл учун республикалык бюджеттен толонгондугун эске алып, түзүлгөн келишимдин жана төлөө графигинин негизинде 2026- жылга 346,3 миң сом акча каражатын кайтаруу каралсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27 августундагы №429-токтомдун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 18 штат бирдиги кармалсын жана айлык акысы КР Министрлер Кабинетинин 30.03.2022-ж №185 токтомунун негизинде №7 тиркемеге ылайык 3 592,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине, 29-июль 2024-жылдагы №152 “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 11 беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7 июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана ылайык, жайыт пайдалануучулардан жыйналуучу жайыт ижарасынын киреше чыгашалары 787,2 миң сом өлчөмүндө №8-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жайыттан жыйналган каражаттарды максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын башчысына милдеттендирилсин жана аны көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
11. Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн социалдык фондко болгон төлөмдөрдү ижарачылар өздөрү төлөөлөрү белгиленсин жана аны оз убагында толотуу муниципалдык ишканасынын жетекчисине жуктолсун .
12. Жайыт комитетинин кызматкерлеринин саны 2 штат бирдиги менен кармалсын жана эмгек акы фондусуна 264,0 миң сом жана социалдык фондко чегерүүлөрго 45,5 миң сом №9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
13. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн чыгымдары 23 820,1 миң сом өлчөмүндө №10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 5 826,0 миң сом өлчөмүндө №11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. Башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары 22 029,5 миң сом өлчөмүндө №12-тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. Социалдык камсыздоо бөлүмүнүн чыгымдары 340,0 миң сом өлчөмүндө №13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Маданият бөлүмүнүн чыгымдары 3 967,5 миң сом өлчөмүндө №14 тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Айылдык кеңештин чыгымдары 2 383,5 миң сом өлчөмүндө №15 тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Мектептерди жана балдар бакчаларын 2026-2027-окуу жылына кышка отун жана көмүр менен камсыз кылуу үчүн 4032,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүүсү №16-тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. Айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү КРнын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын. 21. Бекитилген 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
22. Аталган токтом Багыш айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын. 23. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
| Төрага | К.Кулмамбетов |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Закон «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»Закон · 27.10.2021 · № 125
- Указ Президента КР от 1 августа 2022 года УП № 266 "Об условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 01.08.2022 · № 266
- Постановление Кабинета Министров КР от 10 февраля 2026 № 81 "Об утверждении предельной штатной численности, структуры и штатного расписания органов местного самоуправления…Постановление · 10.02.2026 · № 81