Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Достук айылдык кеңешинин «Достук айыл аймагынын жайлуулугунун типтүү эрежелерин сактоо боюнча жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2023-жылдын 9-августу №2
Достук айыл аймагынын жайлуулугунун типтүү эрежелерин сактоо боюнча жобосун бекитүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагынын жайлуулугунун типтүү эрежелерин жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Достук тазалык муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин Социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы Н.Мадалиев
Достук айылдык кеңешинин 2023-жылдын
9-августундагы 27-сессиясынын
2-токтомунун 1-тиркемеси
Достук айыл аймагынын жайлуулугунун
типтүү эрежелери
1§. Жалпы жоболор
1. УшулДостук айыл аймагынын жайлуулугунун типтүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер) «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын калктуу пункттардын жайлуулугу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин жөнгө салган башка ченемдик-укуктук актыларынын жоболоруна ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Эрежелер жарандардын жашоо шарттарынын ыңгайлуулугун камсыздоо жана жогорулатуу, айыл аймактарынын аймагын жана анда жайгашкан объекттердин (анын ичинде жалпы колдонуудагы аймактардын), жер участокторунун, имараттардын, курулмалардын, курулуштардын функционалдык, санитардык, экологиялык жана эстетикалык абалын жакшыртуу максатында иштелип чыкты.
3. Эрежелер менчигинин түрүнө карабастан, бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн аткарууга бирдиктүү жана милдеттүү болгон жайлуулук, жашылдандыруу, санитардык жактан күтүү, тазалоолорду уюштуруу жана айыл аймагынын аймагында тазалыкты жана тартипти камсыздоо маселелерин аныктайт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Эрежелер менен аныкталган жайлуулук маселелерине тиешеси бар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчилик алышат.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы өз ыйгарым укуктарынын алкагында жайлуулук маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдү аныктайт.
2§. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент – тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн жеке же юридикалык жак; Аймактын жайлуулугу– инженердик даярдык жана коопсуздукту камсыздоо, жашылдандыруу, жабдууларды орнотуу, жарыктандыруу, чакан архитектуралык формаларды жана монументалдык искусство объекттерин жайгаштыруу, санитардык жактан күтүү, тазалоолорду уюштуруу жана айыл аймагынын аймагында тазалыкты жана тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралардын топтому. Калктуу пункттун тышкы жайлуулугу –калктуу пункттун чектеринде калктын жашоосуна жана эс алуусуна жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому; КТК ташып чыгаруу –атайын транспортто түшүрүү, КТКны топтогон жерден жок кылуу жерине чейин андан ары ташуу менен таштанды аянтчаларын жана алардын кире бериштерин төгүлгөн таштандылардан тазалоо; Көк майсан – жасалма жол менен жасалган чөп каптамы бар жер участогу түрүндөгү жайлуулук элементи; Чектеш аймактардын чек аралары, эгерде жер участогунун ижара келишими менен башкача аныкталбаса, жер участогун мөөнөттүү акысыз пайдалануу, өмүр бою мураска калтыруу төмөнкүдөй аныкталат:
1) эки тараптуу имараттары бар көчөлөрдө ээлеген участоктун узундугу боюнча, туурасынан – көчөнүн жүрүүчү бөлүгүнүн огуна чейин;
2) бир тараптуу имараттары бар көчөлөрдө ээлеген участоктун узундугу боюнча, ал эми туурасынан карама-каршы тротуарды кошкондо көчөнүн жалпы туурасы жана тротуардан кийинки 10 метр;
3) жолдордо, кире бериштерде жана өнөр жай уюмдарына кирүүчү жолдордо, ошондой эле казылуучу жерлерге, гараждарга, кенчтерге жана жер участокторуна – жолдун жалпы узундугу боюнча, анын ичинде 10 метрдик жашыл зона;
4) курулуш аянчаларында – аймагы бардык периметри боюнча имараттын тосмосунан 15 метрден кем эмес;
5) соода, коомдук тамактануу жана калкты тиричиликтик тейлөөнүн капиталдык эмес объекттери үчүн – 10 метрден кем эмес радиуста.
Бекитилген аймак – юридикалык жана жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда турган имараттар, үй ээликтери, курулуштар жана башка объекттер; Жашыл бак-дарактар – жасалма жана табигый тектеги дарак, дарак-бадал, бадал жана чөп өсүмдүктөрү; Ири көлөмдөгү таштанды – өзүнүн керектөөчүлүк касиетин жоготкон жана өлчөмү жагынан атайын таштанды тазалоочу унаалар менен ташылып чыгарылбаган керектөө жана чарбалык ишмердиктин (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.) калдыктары; Контейнер аянтчасы – тийиштүү сандагы контейнерлерди орнотуу менен өндүрүш жана керектөө калдыктарын, КТКны топтоо жана убактылуу сактоо үчүн атайын жабдылган аянтча; Таштанды – ар кандай таштандылар, анын ичинде КТК, ири көлөмдөгү таштанды, керектөө жана өндүрүш калдыктары; Санкциясыз таштанды төгүүчү жай – КТК, ири көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, чектелген аянтта 30 куб метрден жогорку көлөмдөгү юридикалык же жеке жактардын ишмердик процессинде пайда болгон башка таштандыларын өз алдынча (санкциясыз) таштоо же сактоо; Жайлуулук элементтеринин ченемделген топтому – муниципалдык түзүлүштүн аймагына коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу чөйрөнү түзүү үчүн жайлуулук элементтеринин тийиштүү минималдуу айкалышуусу. Аймактын жайлуулук объекттери – жайлуулук иштери жүзөгө ашырылган айыл аймактын аймагы: аянтчалар, короолор, кварталдар, ошондой эле бирдиктүү шаар куруу регламентинин (корголгон зоналар) же визуалдык-мейкиндик кабыл алуусу (имараттары бар аянт, чектеш аймагы жана имараттары бар көчө) принциби менен бөлүнгөн аймактар, муниципалитеттин башка аймактары. Аймактын жайлуулугунун ченемделген объекттери – аймактын жайлуулугу боюнча ченемдер жана эрежелер аныктала турган айыл аймагынын белгилүү бир аймагы: жайлуулук элементтеринин ченемделген топтому, аларды бул аймакта жайгаштыруунун ченемдери жана эрежелери. Мындай аймактар төмөнкүлөр болуп саналышы мүмкүн: ар кандай функционалдык багыттагы аянтчалар, жөө жүрүү коммуникациялары, өтмөк, коомдук мейкиндик, коомдук участоктор жана зоналар, турак жай имараттары, өндүрүштүк имараттардын санитардык-коргоо зоналары, рекреация объекттери, калктуу пункттун көчө-жол тарамы, инженердик коммуникациялардын техникалык (коргоо-эксплуатациялык) зоналары. Сейил бак – эс алуу жана бош убакытты өткөрүү үчүн арналган жалпы колдонуудагы жашыл аймак; КТК чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү (Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү) – КР мыйзамдарына ылайык тандалып алынган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен КТК чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу жана калктуу пункттун аймагын санитардык тазалоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн юридикалык же жеке жактар. Чектеш аймак – юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда турган бөлүнгөн жер участогунун, имараттардын, үй ээликтеринин, курулмалардын жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча түздөн-түз чектеш, ижара укуктарынан эркин муниципалдык аймак; Калдыктарды өндүрүүчү – өз ишмердигинин натыйжасында калдыктарды пайда кылган жеке жана юридикалык жак. Аймактарды санитардык тазалоо – аймактарды тазалоо, калдыктарды, көчө таштандыларын (шыпырындылар) ташып чыгаруу; Көчө таштандылары, шыпырындалар – жолдордо, тротуарларда, сейилдөөчү зоналарда жана башка коомдук жерлерде жаралган калдыктардын (көчө таштандыларынын) түрү жана төмөнкүлөр сыяктуу материалдардан турат: топурак, кум, жер кыртышы, табигый өсүмдүктөрдүн материалдары (дарак, өсүмдүктөрдүн бөлүктөрү), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, текстиль, металлдар, башка материалдар. Катуу тиричилик калдыктары (мындан ары - КТК) – адамдардын жашоо ишмердигинин натыйжасында, анын ичинде тамак-аштарды даярдоодо, турак жайларды, үйлөрдүн аймактарын жана жалпы пайдалануудагы жайларды тазалоодо пайда болгон керектөө калдыктары, ошондой эле эскирген, жараксыз болгон үй тиричилик буюмдары. Аймактарды тазалоо – өндүрүш жана керектөө калдыктарын, башка таштандыларды, карды атайын бөлүнгөн жерлерге чогултуу, ташып чыгаруу менен байланышкан ишмердиктин түрү, ошондой эле калктын экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылууга жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган башка иш-чаралар. Аймактын жайлуулук элементтери – декоративдик, техникалык, пландаштырылган, конструктивдик түзүлүштөр, өсүмдүк компоненттери, жабдуулардын жана жасалгоолордун ар кандай түрлөрү, чакан архитектуралык формалар, капиталдык эмес стационардык эмес курулмалар, жайлуулуктун курамдык бөлүгү катары пайдаланылган тышкы жарнама жана маалымат. Жашыл бак-дарактарды кайра отургузуу – жаңы курулуш зонасына жана бар болгон объекттерди реконструкциялоого туш келген жашыл бак-дарактарды казып алып, кайра башка аймакка отургузуу жолу менен сактоонун жолу. Инсоляция режими — бул жеринин географиялык кеңдигине, имараттын жарык өлкөлөр боюнча багытына, коңшу үйлөрдүн терезелеринин көлөкөсүнө, жарык берүүчү жайлардын чоңдугуна ж.б. жараша күндүн түз нурлары менен жайларды жарыктандыруунун узактыгы жана интенсивдүүлүгү. Жашыл бак-дарактарды көчүрүү – белгиленген тартипте таризделген дарактарды, бадалдарды кыюу, гүлзарларды, көк майсандарды казуу, аларды аткаруу тигил же бул курулуш объекттерин жайгаштыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу, инженердик жайлуулук элементтерин, жердеги коммуникацияларды тейлөө, турак жана турак эмес имараттардын инсоляциясынын ченемдик талаптарына жооп берген айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында объективдүү зарыл. Жашыл бак-дарактарды жок кылуу – казуунун (көк майсан), гүлдүү-декоративдүү өсүмдүктөрдү, бадалдарды, дарактарды казуунун же дарактарды кыюунун (кыскартуу) натыйжасында жашыл бак-дарактардын жашоосун токтотуу, ошондой эле алардын өсүшүнүн, жашоосунун бир жолку токтошуна жана өлүмгө алып келген жашыл бак-дарактардын жабыркашы.
3§. Тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу иштерин уюштуруу
7. Айыл аймагынын аймагында жашаган же өз ишмердигин жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар (абоненттер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен КТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүшөт.
8. Айыл аймагынын аймагында КТКны төмөнкү фракциялар боюнча сорттоо максатка ылайыктуу:
1) Кайра иштетилүүчү калдыктар, буларга пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктары, кагаздар кирет;
2) Жер-жемиштердин, жашылчалардын калдыктары түрүндөгү органикалык калдыктар;
3) Көчө таштандылары, шыпырындылар, сөөк, айнек, калай буюмдар, мештин күлү ж.б. түрүндөгү кайра иштетилбеген калдыктар.
Эгерде абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды сорттоо боюнча милдеттерди ак ниеттүү аткарса, анда кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү мындай абонент үчүн тарифтин наркын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. КТК сорттоо милдети, сорттолгон КТК ташып чыгаруу үчүн тарифтерди төмөндөтүү абонент менен түзүлө турган КТК ташып чыгаруу келишиминде каралышы керек.
9. Жеке үйлөрдө жашаган калк сорттолгон калдыктарды мүшөктөргө чогултушат.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша сорттолгон кайра иштетиле турган калдыктарды чогултуу үчүн калкты мүшөктөр менен камсыз кылат.
10. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган калк калдыктарды контейнерлерге чогултушат.
Контейнер аянтчалары асфальт же бетон менен төшөлүп, жолдун жүрүүчү тарабына эңкейиш, кирүүчү жолдор менен болушу керек. Контейнер аянтчасы чектеш аймакка таштандылардын түшүп калуусуна жол бербөө үчүн үч тарабынан тосулушу шарт. Контейнер аянтчаларын ЖӨБдүн аткаруу органы менен иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоор (эскиз) менен жабык түрдө жасоого уруксат берилет.
Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жуулушу жана тазаланышы керек.
11. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик жүктөлөт:
- жалпы колдонуудагы муниципалдык аймакта жайгашкан контейнер аянтчалары кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүгө;
- ижарада, ээликте, колдонууда турган калган аймактар – мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга, башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге, жеке жана юридикалык жактарга.
12. Мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды таштанды ташуучу унаага жүктөөдө төгүлгөн КТКны тазалоо, ошондой эле контейнер аянтчасындагы таштандылардын үймөгүн жыйноо милдети кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүгө жүктөлөт.
13. Чарбалык ишмердикти жүзөгө ашырган уюмдардын калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо бул ишканалар тарабынан атайын ушул максаттар үчүн жабдылган жайларда ишке ашырылат.
14. Калдыктар салынган мүшөктөр же таштанды контейнерлери чогултула турган аянчалардын толуп калышына, тиричилик калдыктарын контейнерлерде өрттөөгө жол берилбейт. КТК түзүлгөн графикке ылайык, жеткирип берүүчү тарабынан өз убагында ташылып чыгарылышы шарт.
15. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди пайдалануучу жана тейлөөчү менчик ээлери жана уюмдар аларга өз убагында оңдоолорду жүргүзүп, колдонууга жараксыз контейнерлерди башкага алмаштырышы зарыл.
16. Таштанды салынган мүшөктөр же контейнерлер чогултула турган жерлер ЖӨБдүн аткаруу органынын, айыл башчыларынын, кварталдык комитеттердин жана КТК ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнүн макулдугу менен атайын жабдылган аянтчаларда жайгаштырылат.
17. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, көк майсандарга, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка мүшөктөрдү жайгаштырууга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
18. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнүн тейлөөсү менен камсыздалбаган юридикалык жактар таштанды төгүүчү жайдын ээси менен түзүлгөн келишимдин негизинде ЖӨБОнун уруксаты менен таштандыларын жеке автоунаалары менен таштандыларды жок кылуучу жайга ташып чыгарышат (өз алдынча ташып чыгаруу).
19. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген тарифке жана калдыктардын топтолуу (пайда болуу) ченемине ылайык, түзүлгөн келишимдин негизинде КТКны ташып чыгаруу үчүн абоненттерден акы алынат. Сунушталган топтолуу ченеми (өндүрүүчүлөр боюнча жылына пайда болуу) 1-таблицада көрсөтүлгөн.
1-таблица. Сунушталган жылдык топтолуу ченеми (калдыктарды өндүрүүчүлөр боюнча пайда болуу)
№ к/н
Калдыктарды өндүрүүчү
Өлчөгүч
Таштандылардын жана суюк кирлердин өлчөгүчкө топтолуу ченеми
Короодон чыккан таштандынын сметасы жылына 1000м2 менен, м3
Бир айылдан жылына топтолгон ченем, м3
Тирчилик таштандылары
Суюк кирлер
Жакшыртыл-ган жабуу
Жакшыртыл-баган жабуу
1
2
3
4
5
6
7
8
1
Көп батирлүү турак үй (бардык шарты бар)
1
адам
2
2
8
20
1
2
Көп батирлүү турак үй (шарты жок)
1
адам
2,5
-/-
-/-
-/-
-/-
3
Жеке турак үй (шарты бар, газ жылуулугу/борбор- лоштурулган жылуулук менен)
1
адам
3
-/-
-/-
-/-
-/-
4
Жеке турак үй (шарты жок, меш жылуулугу менен)
1
адам
4
-/-
-/-
-/-
-/-
5
Үй жаныбарлары
1 жаныбар
0,6
0,5
0
0
0
6
Айыл чарба жаныбарлары
1
жаныбар
1,2
0
0
0
0
7
Ооруканалар
1 койка
2,2
2
8
20
0,5
8
Бейтапкана, китепканалар
1 келүү
0,4
2
8
20
1
9
Мейманканалар
1 орун
1,7
2
8
20
1
10
Жатаканалар
1 орун
0,975
2
8
20
1
11
Санаторийлер, эс алуу үйлөрү
1 орун
1,3
2
8
20
1
12
Бала бакчалар, наристе бакчалары
1 орун
1,1
2
8
20
1
13
Мектептер
1 окуучу
0,975
2
8
20
1
14
Интернат мектептер
1 окуучу
1,1
2
8
20
1
15
Кесиптик техучилища
1 студент
0,995
2
8
20
1
16
ЖОЖдор жана техникумдар
1 студент
0,4
2
8
20
1
17
Театрлар, кинотеатрлар
1 орун
0,6
2
8
20
1
18
Мекемелер
1 кызматкер
0,575
2
8
20
1
19
Типография
1 кызматкер
2
2
8
20
1
20
Тиричилик комбинаттары
1 кызматкер
1,3
2
8
20
1
21
Коомдук тамактануу инканалары
1 отуруучу орун
1,8
2
8
20
1
22
Өнөр жай товарлары дүкөндөрү, универсал дүкөндөр
1м2 соода аянты
0,655
2
8
20
1
23
Азык-түлүк дүкөндөрү
1м2 соода аянты
0,355
2
8
20
1
24
Базарлар
1м2 соода аянты
1,0
2
8
20
1
25
Кампа жайлары
1м2 .аянт
0,12
2
8
20
1
26
Вокзалдар
1м2 .аянт
0,7
2
8
20
1
27
Автоунаа токтотуучу жайлар, гараждар
1 машина/орун
2
0
0
0
0
28
Заводдор, фабрикалар
1 адам
0,5
2
8
20
1
20. Юридикалык жана жеке жактар кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык, КТКны ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн акыны өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.Келишимдин шарттарын бузгандык, анын ичинде КТКны ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөбөгөндүк жана өз убагында төлөбөгөндүк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү абоненттерден карыздын суммасын мажбурлап өндүрүп алуу үчүн сотко кайрыла алат.
21. Ири көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) ташып чыгаруу жоопкерчилиги ири көлөмдүү таштанды таандык болгон ишкананын, мекеменин жана жеке жактын өзүнө жүктөлөт.
22. Кыймылсыз мүлктөрдү курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыра турган жеке жана юридикалык жактар иштерди баштаганга чейин курулуш таштандыларын жок кылууга келишим түзүүгө, аны өз алдынча же таштандыларды ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча жүргүзүүгө (жок кылуу келишимине ылайык) милдеттүү.
23. Көк майсандардан түшкөн жалбырактардан тазалоонун, дарактарды санитардык бутоолордун, дарактарды кыюунун, тирүү(живой) может жашыл тосмолорду кыркуунун, көк майсандарды чабуунун жана муниципалдык тапшырык боюнча башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандыларды ташып чыгаруу КТКны ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тарабынан ишке ашырылат.
24. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды тазалоонун натыйжасында жаралган көчө таштандыларын муниципалдык тапшырык боюнча ташып чыгаруу КТКны ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
25. Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга урналар орнотулушу керек.
26. Эл көп барган жайларда урналар бири-биринен 50 метр аралыкта орнотулушу шарт. Ал эми көчөлөрдө бири-биринен 100 метр аралыкта орнотулушу керек. Көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда ар бир кире бериште болушу зарыл. Жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын коомдук аялдамаларында жана уюмдардын кире беришинде урналардын саны экиден кем болбошу керек.
27. Аймакка бекитилген урналар бекитилген аймакты кароо үчүн жооптуу болгон жеке жана юридикалык жактардын жеке каражаттарынын эсебинен орнотулат.
28. Чектеш аймактарга жана башка коомдук жайларга коюла турган урналар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен орнотулат.
29. Урналарды КТКны ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү алардын толгонуна жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жолу тазалайт. Урналар кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жолу жуулуп турат.
30. Бекитилген аймакка орнотулган урналар объекттердин ээлери жана ижарачылар тарабынан жуулат.
31. Санкциясыз таштанды төгүүчү жайларды пайда кылган, калдыктарды өрттөгөн жактар колдонуудагы укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
32. Атайын бөлүнбөгөн жайларга таштандыларды таштаган адамдарды аныктоо мүмкүн эмес болгон учурларда таштандыларды ташып чыгаруу жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен КТКны ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
33. Санкциясыз таштанды төгүүчү жай үчүн жооптуу адамдарды аныктоо мүмкүн эмес болгон учурларда калдыктарды жок кылуу жана санкциясыз таштанды төгүүчү жайларды рекультивациялоо ЖӨБ органы же алардын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан аныкталган мөөнөттө аймактын ээсинин же жер пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
34. Калдыктарды жок кылуу жайларын күтүү үчүн жоопкерчилик ЖӨБдүн аткаруу органына жана калдыктарды жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүгө жүктөлөт.
4§. Санитардык күтүү жана аймактарды тазалоону уюштуруу
35. Жалпы колдонуудагы аймактарды санитардык жактан күтүүгө таштандыдан, шыпырындылардан туруктуу тазалоо, кыш мезгилинде карды, музду тазалоо, жолдордун жүрүүчү бөлүктөрүнө жана тротуарларга кум/туз чачуу, жай мезгилинде жолдорду, тротуарларды жуу, сугаруу, көк майсандарды чабуу, жашыл өсүмдүктөргө, чакан архитектуралык формаларга кам көрүү, башка иш-чаралар кирет.
36. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен атайын бөлүнгөн, бекитилген жана чектеш аймактарга күн сайын өз алдынча санитардык тазалоону жүргүзүүгө же келишимдин шартында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен тийиштүү макулдашууну түзүүгө милдеттүү.
37. Таштандыларды салуу кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык ишке ашырылат.
38. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык, муниципалдык тапшырык боюнча көчөлөрдү, аянттарды, сейил бактарды, башка коомдук аймактардын ирригациялык системаларын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн жоопкерчилик алат.
39. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын ээлери, ижарачылар аларга бекитилген аймактарды, короолорунун жандарын жана короолорун туруктуу тазалап турууну, жашыл бак-дарактарга жана ирригациялык тарамдарга кам көрүүнү камсыздоого милдеттүү, анын ичинде:
-узунунан – имараттарга, үй ээликтерине же участокторго чектеш жайгашкан бардык аймак боюнча; -туурасынан – жолдун же аянттын жүрүүчү бөлүгү менен, ал эми бир тараптуу имаратта – жүрүүчү бөлүктүн жалпы туурасы боюнча, анын ичинде карама-каршы тротуар боюнча.
40. Эгерде бир имаратта бир нече колдонуучулар (ижарачылар) жайгашкан учурларда чектеш аймактарды санитардык жактан күтүү үчүн жоопкерчилик имараттын ээсине жүктөлөт.Бул учурда милдеттерди бөлүштүрүү ижара келишими же имараттын бардык колдонуучулары тарабынан кол коюлган келишим менен аныкталышы мүмкүн.
41. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү жолдордун жүрүүчү бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана тротуарларды, коомдук унаалардын аяялдамаларын (ижарага алынгандардан башкаларды) жана башка муниципалдык аймактарды тазалайт, анын ичинде көк майсандардан жана ирригациялык тарамдардан кокусунан түшкөн таштандыларды тазалайт.
42. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү коомдук ажатканаларды күтүүнү жана тейлөөнү камсыздайт.
43. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы убактылуу көчө соода жайларын, соода объектине чектеш аймактарды (соода павильондору, ыкчам курулуучу соода комплекстери, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн бул соода объекттеринин ээлерине жоопкерчилик тууралуу талапты аныктайт.
44. Узак убакыт бою колдонулбаган жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, курулмаларды бузгандан кийинки аймактарды тазалоо үчүн жоопкерчилик жер колдонуучуларга же бул аймак бөлүнгөн жер ээлерине жүктөлөт.
45. Көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы аймактарды тазалоо үчүн жоопкерчилик турак жайдын менчик ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмга жүктөлөт.
46. Нөшөр(??????) канализациясынын (суу агуучу тарамдын) тосулуп калышына, ошондой эле шыпырындыларды жана тиричилик таштандыларын жамгырды кабыл алуучу кудуктарга ыргытууга тыюу салынат.
5§. Жайлуулукту, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу
47. Юридикалык жана жеке жактар тазалыкты сакташы жана жалпы айыл аймагынын аймагында, анын ичинде жалпы колдонуудагы аймактарда тартипти колдошу керек, бардык менчик объекттерине аяр мамиле жасап, жайлуулук элементтеринин (жолдор, тротуарлар, көк майсандар, чакан архитектуралык формалар, тышкы жарыктандыруулар, ирригациялык тарамдар ж.б.) жабыркашына жана бузулушуна жол бербеши шарт.
48. Айыл аймагынын аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, идиштерди, дарактардын кесиндилерин, жалбырактарды, карды жалпы колдонуудагы аймакка таштоого жол берилбейт.
49. Урналарды, көчө жарыктандыруусунун чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана жок кылууга тыюу салынат.
50. Жер участокторунун аймагында, анын ичинде ишканалардын жана жеке үй ээликтеринин ички аймактарында таштандыларды, жалбырактарды, идиштерди, автоунаа дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга тыюу салынат.
51. Көк майсандарда, гүлзарларга, гүл бактарга, балдар аянтчаларына, сугат жана коллектордук-дренаждык тарамдарга ар түрдүү багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тарамдардын жумушчу кесилишин тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
6§.Жашыл бак-дарактар
52. Жашылдандыруу объекттерин күтүүгө төмөнкү жумуштар кирет:
- жашыл бак-дарактарды отургузуу,
- дарактарга жана бадалдарга, гүл бактарга кам көрүү иштери – азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү ороо (бардык тийиштүү иштер менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, кургаган жана авариялык дарактарды кыюу ж.б.;
- көк майсандарга кам көрүү иштери – тароо, жумшартуу, азыктандыруу, сугаруу, отоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды чогултуу, жерге отургузуу, көк майсандардын капталдарындагы өсүмдүктөрдү кыркуу, чыккан чөптөрдү чабуу, уулуу химиялык заттар жана гербициддер менен тазалоо;
- чакан сейил бактарды жана бактарды тосуу;
- айыл аймагынын аймагын жашылдандыруу үчүн зарыл болгон башка иштер.
53. Жашыл бак-дарактарды талаптагыдай күтүү жана сакталышын камсыздоо милдети төмөнкүлөргө жүктөлөт:
жалпы колдонуудагы аймактарда – сейил бактарда, чакан сейил бактарда, гүлбактарда, көчөлөрдө – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталган тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдү/иштерди жеткирип берүүчүгө, калктуу конуштардагы участоктордо – үй жана квартал комитеттерине, менчик турай жайлардын жолдоштугуна, имараттардын ижарачыларына жана жер участокторунун ээлерине; уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында бул уюмдардын жетекчилерине.
54. Жашыл бак-дарактардын бардык түрү үчүн сугаруунун кайталанышы май айынан октябрь (кошулуп) айына чейин 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
55. Жашылдандыруу объекттериндеги жашыл бак-дарактарды сугаруу эрте менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирилбестен же кечинде саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлөт.
56. Кызмат көрсөтүүлөрдү/иштерди жеткирип берүүчү жашыл бак-дарактардын баш жактарын өз убагында кыркууну камсыздайт.
57. Дарактардын башын санитардык кыркуу эски, оорулуу, кургаган жана жабыркаган бутактарды, ошондой эле дарактардын баш жагынын ичине карап өскөн же бири-бирине жакын өскөн бутактарын кыркып салууга багытталган. Санитардык кыркуу жыл сайын бардык вегетациялык мезгилдин ичинде жүргүзүлөт.
58. Калыпка салып кыркуу дарактардын баш жагына берилген калыпты берүү, өсүмдүктөрдүн бийиктигин теңдештирүү, жол белгилеринин, жол чырактарынын ж.б. көрүнүшүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Дарактарды жана бадалдарды калыпка салып кыркуу жашыл бак-дарактарда шире агып жаткан убакта (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
59. Аймактарды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер алдындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөктөрдү, тротуарларды, аянтчаларды жана тосмолорду төшөөдөн кийин аткарылат.
60. Жакшы өспөй турган, баш жагы бузулган (бир жактуу, тегизделген ж.б.), жарааты бар, ошондой эле зыянкечтер жана оорулар менен жабыркаган дарактарды жана бадалдарды өстүрүүгө тыюу салынат.
61. Айыл аймагынын аймагында жайгашкан бардык жашыл бак-дарактар менчигинин түрүнө карабастан, бирдиктүү жашыл фондду түзүшөт жана коргоого тийиш.
62. Менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, өз аймагында жашыл бак-дарактары бар, ошондой эле жашыл бак-дарактарды талаптагыдай күтүү жана сакталышын камсыздоо жоопкерчилиги жүктөлгөн юридикалык жана жеке жактар милдеттүү:
- бар болгон жашыл бак-дарактарды жабыркоолордон жана жок болуудан толук сактоону, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыздоого;
- өз убагында квалификацияланган күтүүнү жана жашыл бак-дарактарды реконструкциялоо (каптүзөтүү) иштерин жүргүзүүнү, анын ичинде бул иштерди аткарууга адистештирилген жашылдандыруу ишканаларын тартуу менен жүргүзүүнү камсыздоого;
- жашыл бак-дарактар өскөн аймактардын тиричилик жана өнөр жай калдыктары, курулуш таштандылары, агындылар жана өсүмдүктөр үчүн зыяндуу болгон башка заттар менен булганышына жол бербөө;
- жай мезгилинде жана кургак аба ырайында көк майсандарды, гүл бакчаларды, дарактарды жана бадалдарды сугаруу;
- көк майсандарды тебелөөгө жана аларга курулуш материалдарын, кумду, таштандыларды, карды, муздун сыныктарын ж.б. салууга жол бербөөгө;
- дарактарды жана бадалдарды жаңыдан отургузуу, жол тарамын өзгөртүү жана жабдууларды жайгаштыруу менен кайра пландаштыруу агротехникалык шарттарды катуу сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоор боюнча гана жүргүзүлөт;
- бардык күтүү жана түзөтүү процессинде жүргүзүлгөн дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу учурларында ушул Эрежелердин талаптарына ылайык ишке ашырылат;
63. Жашылдандырылган аймактарда тыюу салынат:
- жашыл бак-дарактарды санкциялуу кыюу же кесүү учурларын кошпогондо, жашыл бак-дарактарды жабыркатууга жана жок кылууга;
- тиешелүү кызматтардын макулдугусуз дарактарды, бадалдарды, бак жана көк майсан түзүлүштөрүн өз алдынча кыюуга жана отургузууга;
- бак-сейил бак жолдорун тазалоодон алынган таза карды кошпогондо, таштанды, кар жана муз төгүүчү жайларды уюштурууга;
- көк майсандарга шыпырындыларды жана башка булганычтарды таштоого;
- жалбырактарды күйгүзүүгө, жалбырак жапырт түшкөн мезгилде аларды чуңкурларга үйүп салууга, дарактардын жана бадалдардын сөңгөктөрүн алар менен жаап салууга (алардын көчөлөргө жайылып кетишине жол бербей, үймөк кылып үйүп чогултуп, компосттоо же таштанды төгүүчү жайга ташып чыгаруу үчүн атайын бөлүнгөн жайларда жок кылуу максатка ылайыктуу);
- от жагууга жана өрткө каршы коопсуздук эрежелерин бузууга;
- дарактардын сөңгөгүнө мыктарды, илгичтерди кагууга, дарактарга жарнама тактайларын, жарыяларды, номер белгилерин, көрсөткүчтөрдү, электр өткөргүчтөрүн, лампалардан жасалган электр гирляндаларын, желек гирляндаларын, тикенек зымдарды жана дарактарга зыян бере турган башка тосмолорду илүүгө;
- дарактардан шире, чайыр алууга, кабыктарын кесүүгө, оюу, жазууларды түшүрүүгө жана башка механикалык зыяндарды келтирүүгө;
- белгиленген эрежелер боюнча макулдашпастан, инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казууларды жүргүзүүгө;
- көк майсандарга жана жашыл бак-дарактар бар башка участокторго транспорт каражаттарын өткөрүүгө жана токтотууга;
- гүлдөрдү үзүүгө жана дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
64. Жашылдандырылган аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же алардын ыйгарым укуктуу уюму тарабынан белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген иштелип чыккан долбоордук документтер боюнча жүргүзүлүшү керек.
65. Жашыл бак-дарактарды көчүрүү (кайра отургузуу) жана ирригацияны бузуу (которуу) төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
а) жаңы капиталдык курулушта жана курулушка уруксат бар болгондо, ошондой эле бар болгон имараттарды, курулмаларды жана коммуникацияларды, жолдорду жана белгиленген тартипте бекитилген жана макулдашылган шаар куруу документтери менен каралган башка инфратүзүм элементтерин реконструкциялоодо курулуш зонасында жашыл бак-дарактардын жайгашуусу;
б) жашыл бак-дарактарга санитардык кыркуу жүргүүү;
в) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын корутундусу менен турак жана турак эмес жайларда инсоляция режимин калыбына келтирүү;
г) муниципалдык аймактарда авариялык жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу;
д) өсүп жаткан жери ушул Эрежелерге дал келбеген жашыл бак-дарактарды көчүрүү.
66. Ирригация бузулган учурларда милдеттүү тартипте жашыл бак-дарактарды сугаруу маселеси токтоосуз чечилүүгө тийиш (ирригациялык тарамды которуу, айланма каналдарды, убактылуу суу өткөрүүчү түтүктөрдү ж.б. уюштуруу).
67. Муниципалдык менчикте турган кургак, куураган, авариялык, оорулуу, кооздугун жоготкон жашыл бак-дарактарды тандоо жана белги салуу, бардык жашылдандыруу элементтеринин таксациялык маалыматтарын (диаметри, бийиктиги, курагы, теги) жана калыбына келтирүү наркын аныктоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жашыл чарбаларды күтүү боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
68. Жашыл бак-дарактарды көчүрүү (кайра отургузуу) жана ирригацияны бузуу (которуу) төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
- Муниципалитеттин муниципалдык менчигинде турган жана объекттердин курулушуна (же курулушка тоскоолдук жараткан), жер алдындагы, жер үстүндөгү инженердик тарамдарды жана коммуникацияларды төшөөгө, бар болгон имараттарды, курулмаларды жана коммуникацияларды, жолдорду жана башка инфратүзүм элементтерин реконструкциялоого туш келген (анын ичинде ижара менен колдонууга берилген жер участокторунда жайгашкан) жашыл бак-дарактарды көчүрүү (кайра отургузуу) жана ирригацияны бузуу (которуу) бекитилген жана макулдашылган долбоор документтеринин негизинде бузула турган жашыл бак-дарактардын жана ирригациянын наркын милдеттүү түрдө компенсациялоо шартында ишке ашырылат.
- Жашыл бак-дарактарды көчүрүү (кайра отургузуу) жана ирригацияны бузуу (которуу) үчүн арыз ээси жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жашыл чарбаларды күтүү боюнча ыйгарым укуктуу органына тийиштүү документтерди тиркөө менен жазуу түрүндөгү арыз аркылуу кайрылат. Арызда көчүрүүнүн себеби, көчүрүлө турган жашыл бак-дарактардын жана ирригациянын (ирригация үчүн көчүрүп отургузуу же которуу) саны жана арыз берүүчүнүн реквизиттери көрсөтүлөт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жашыл чарбаларды күтүү боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан 7 жумуш күнүнүн ичинде айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык мамлекеттик орган менен муниципалдык менчикте турган жашыл бак-дарактарды жана ирригацияны көчүрүү жөнүндө маселе макулдашылат, жашыл бак-дарактарды көчүрүп отургузуу мүмкүнчүлүгү, калыбына келтирүү наркынын өлчөмү же компенсациялык жашылдандыруунун көлөмү аныкталат.
- Калыбына келтирүү наркынын өлчөмүн макулдашуунун жана аныктоонун жыйынтыгы менен аны төлөө үчүн арыз берүүчүгө тийиштүү эсеп жөнөтүлөт.
- Көчүрүлө турган жашыл бак-дарактарды жана компенсациялык жашылдандыруу түрүндөгү ирригациянын наркын компенсациялоодо (арыз берүүчүнүн каалоосу менен) арыз берүүчү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жашыл чарбаларды күтүү боюнча ыйгарым укуктуу органынын ортосунда тиешелүү Келишим түзүлөт.
- Бул Келишим жашыл бак-дарактарды жана ирригацияны көчүрүү үчүн негиз болуп саналат.
- Келишимдин формасы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жашыл чарбаларды күтүү боюнча аткаруу органы тарабынан бекитилет.
69. Жашыл бак-дарактарды (анын ичинде авариялык, жашоочулардын саламаттыгына, имараттарга жана курулуштарга зыян бериши мүмкүн болгон кулап калуу коркунучу бар кургак дарактарды, ошондой эле оорулуу, кооздугун жоготкон дарактарды) көчүрүү, анын ичинде жарандардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин арызы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгө турган Акттын негизинде ишке ашырылат.
70. Муниципалитеттин муниципалдык менчигинде турган жашыл бак-дарактарды көчүрүү жана кайра отургузуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жашыл чарбаларды күтүү боюнча ыйгарым укуктуу органынын адистери тарабынан куруучулардын арызынын негизинде алардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, ал эми муниципалдык тапшырык боюнча көчүрүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
71. Жашыл бак-дарактарды жана ирригацияны көчүрүү иштери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жашыл чарбаларды күтүү боюнча ыйгарым укуктуу органынын эсеп-кысабына тийиштүү калыбына келтирүү наркын төлөгөндөн же компенсациялык жашылдандырууга келишим түзүлгөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
72. Ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана жеке жактардын өтүнмөлөрү менен телефон тарамдарына, радиолинияларга жана электр берүү линияларына жакын жайгашкан дарактарды көчүрүү, кыркуу боюнча иштерди жүргүзүүдө бул линияларды өчүрүүнү камсыздап берүү милдети тиешелүү кызматтарга жана тапшырык ээсине жүктөлөт.
73. Уюмдар, мекемелер жана ишканалар менчигинин түрүнө карабастан, муниципалдык менчикте турган жана курулуш зонасына туш келген жашыл бак-дарактарды жана ирригацияны бардык мажбурлап көчүрүү учурларында сметаларда алардын наркын же жашыл бак-дарактарды көчүрүп отургузууга жана ирригацияны калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарды компенсациялоого каражаттарды караштырууга милдеттүү.
74. Жашыл бак-дарактардын жана ирригациянын наркын компенсациялоо төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
- акчалай түрдө – калыбына келтирүү наркын төлөө;
- накталай түрдө - жашыл бак-дарактарды калыбына келтирүүнү караштырган компенсациялык жашылдандыруу иштерин жана алар көктөгөнгө чейин аларга кам көрүү иштерин жүргүзүү жолу менен жашыл бак-дарактарды калыбына келтирүү.
75. Калыбына келтирүү наркы алынбайт:
- жашыл бак-дарактарга санитардык кыюуларды жүргүзүүдө, авариялык, кургак, дарылоого болбой турган оорулуу жашыл бак-дарактарды көчүрүүдө, ошондой эле жашыл бак-дарактарды реконструкциялоодо;
- санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын корутундусу менен турак жана турак эмес жайларда инсоляция режимин калыбына келтирүүдө;
- авариялык жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана жоюуда;
- өсүп турган жери ушул ченемдерге жана эрежелерге туура келбеген дарактарды көчүрүүдө;
- жашыл бак-дарактарды реконструкциялоодо (көрктөндүрүүдө) же бирдей жашыл бак-даракка алмаштырууда.
76. Жер участокторуна укуктарды берген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан жеке же юридикалык жактардын менчигине берилген жер участогунда жайгашкан жашыл бак-дарактардын жана ирригациянын калыбына келтирүү наркы өзүнчө сап менен жер участогунун наркына кошулат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жашыл чарбаны күтүү боюнча ыйгарым укуктуу органынын эсебине чегерилет.
77. Калыбына келтирүү наркын төлөө жашыл бак-дарактарды бузган чарба же башка ишмердикти жүргүзүүчү субъекттерди аймактардын жайлуулук долбоору менен каралган жашылдандыруу иштерин аткаруудан бошотпойт.
78. Жашылдандыруунун жана ирригациянын бардык элементтеринин калыбына келтирүү наркын, ошондой эле компенсацияланган жашылдандыруунун наркын аныктоо белгиленген тартипте бекитилген методикага ылайык жүзөгө ашырылат.
79. Жашыл бак-дарактарды жана ирригацияны көчүрүү (кайра отургузуу) иштерин жүргүзүлүшүнө жараша жашыл чарбаны күтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу адамы милдеттүү тартипте таризделген Компенсацияланган жашылдандыруу жөнүндө келишимдердин көчүрмөсүн, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык мамлекеттик орган менен биргеликте түзүлгөн акттардын көчүрмөлөрүн тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн муниципалитеттин Муниципалдык менчик башкармалыгына же муниципалдык мүлктөрдүн бирдиктүү реестрин (ММБР) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу адамга жана картографиялык материалдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
80. Муниципалдык менчик объекттериндеги жашыл бак-дарактарды көчүрүүнүн натыйжасында алынган жыгачтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жашыл чарбаны күтүү боюнча ыйгарым укуктуу адамы тарабынан эсепке алынат жана белгиленген тартипте сатылат.
81. Наркты компенсациялоо жөнүндө келишимди тариздебей, ошондой эле тиешелүү кызматтардын жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмүнүн макулдугусуз жашыл бак-дарактарды жана ирригацияны көчүрүүгө (кайра отургузууга) катуу тыюу салынат жана мыйзамсыз деп эсептелинет. Укук бузуучу мыйзам менен белгиленген тартипте жоопкерчилик алат, ошону менен бирге бузулган жашыл бак-дарактардын, алардын элементтеринин жана ирригациянын калыбына келтирүү наркын төлөөдөн бошотулбайт. Дарактардын түрлөрүнүн баалуулугу боюнча бөлүнүшү ушул документтин 2-таблицасында берилди. Жашыл бак-дарактардын калыбына келтирүү наркын аныктоодогу сапат коэффициенттери 3-таблицада берилди.
2-таблица. Дарактардын түрлөрүнүн баалуулугу боюнча бөлүнүшү
Ийне жалбырактуулар
Жалбырактуу дарактардын түрлөрү
1-топ
2-топ
3-топ
Арча, ийне жалбырактуу карагай, карагай, кызыл карагай, туя
Ак акация, Амур бархаты, кара жыгач, эмен, ак мажүрүм тал, ат каштаны, клен (күл жалбырактуу клендон башка), жөкө дарак, жийде, жаңгак, күл дарак
Өрүк, кайың, долоно (штамб түрү), кооз мөмө-жемиштер (алма, кара өрүк, алмурут), четин, ак терек, мырза терек, алча
Мажүрүм тал (ак мажүрүм талдан башка), күл жалбырактуу клен, кайың, бай терек, терек
Калыбына келтирүү наркын эсептеп чыгарууда жашыл төшөмөлөрдү жана бадалдарды 1-топтогу жалбырактуу дарактардын түрлөрүн 100 пм үчүн эсептөөдөн алуу керек
3-таблица. Жашыл бак-дарактардын калыбына келтирүү наркын аныктоодогу сапат коэффициенттери
Абалы жакшы
Канааттандырарлык
Канааттандырарлык эмес
1
0,75
0,5
§7. Тышкы жарыктандыруу
82. Муниципалдык менчикте турган тышкы жарыктандыруу тарамдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген тартипте аныкталган кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү/подрядчы тарабынан тейленет.
83. Жарыктандыруу тарамдарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №576 токтому менен бекитилген Электр энергиясын колдонуу эрежелери менен жөнгө салынат.
84. Жаңыдан курулган жана реконструкцияланган ар түрдүү багыттагы имараттарды жана курулмалардын жайларын, имараттардан тышкаркы иштердин өндүрүш орундарын, өнөр жай аянтчаларын, айыл чарба ишканаларын, алардын ички темир жолдорун жана ишканалардын аянттарын жарыктандырууну долбоорлоодо, айыл жерлериндеги калктуу пункттарды, ошондой эле станоктор, машиналар жана өндүрүштүк эмеректер менен чогуу келип түшкөн жергиликтүү жарыктандыруу түзүлүштөрүн долбоорлоодо СЧжЭ 2.05.09. жана КР СЧ 23-05:2019. “Табигый жана жасалма жарыктандыруу” 2019-жылдын 18-февралындагы № 35-чуа жетекчиликке алынат. Муниципалитеттердин көчөлөрүн жана жолдорун жарыктандыруунун ченемделген көрсөткүчтөрү 4-таблицада берилди.
4-таблица. Муниципалитеттердин көчөлөрүн жана жолдорун жарыктандыруунун ченемделген көрсөткүчтөрү
Жарыктандырылуучу объекттер
Еср, лк, кем эмес
Uh, кем эмес
Башкы көчөлөр, коомдук жана соода борборлорунун аянттары
10,0
0,25
Турак жай курулушундагы көчөлөр:
- негизги
- экинчи баскычтагы (чолок көчөлөр)
6,0 4,0
Айыл жолдору, бакча шериктештигинин жана дача кооперативдеринин аймактарындагы өтмөктөр
2,0
0,10
Мында: Еср – Жол каптамынын орточо жарыктандыруусу лк (Люкс, lx) — Бирдиктердин эл аралык системасындагы жарыктандыруунун өлчөө бирдиги (СИ). Uh - Жол каптамынын жарыктандыруусунун бирдейлиги .
85. Муниципалитеттин жайлуулук курулмаларына тышкы электр тарамдары жана көчө жарыктандыруусунун курулмалары, анын ичинде 1000 вольтко чейинки электр берүү линиялары, диспетчердик байланыш аппараттары, автоматика жана телемеханика кирет.
86. Тышкы жарыктандырууну жандыруу жана аны өчүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген график боюнча жүргүзүлөт.
87. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы коомдук жайларда иштебей турган чырактардын санына жол берилген ченемди аныктайт.
88. Металл мамылар жана жарыктандыруунун башка элементтери таза кармалып, коррозия очоктору жок болушу керек, зарылчылыкка жараша, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес сырдалып турушу шарт.
89. Жеке жана юридикалык жактар алардын аймагына берилген тышкы жарыктандыруунун орнотулган же сатылып алынган элементтерин жабдууга жана жарактуу абалда кароого милдеттүү.
90. Тышкы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациялардын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылат.
§ Жайлуулук эрежелерин бузгандык үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
91. Ушул Эрежелерди бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык дисциплинардык, жарандык-укуктук жоопкерчилик белгиленет.
92. Ушул Жайлуулук эрежелерин бузууга күнөөлүү болгон юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
93. Юридикалык жана жеке жактар таштандыларды бекитилбеген жерлерге таштагандыгы, күйгүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
94. Юридикалык жана жеке жактар көп кабаттуу турай үйлөрдүн санитардык күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик алышат.
95. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо ыйгарым укугу берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу иш жүргүзгөн комиссиясы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын колдонот. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 22 августа 2012 года № 576 "Об утверждении Правил пользования электрической энергией"Постановление · 22.08.2012 · № 576
- Указ Президента КР от 6 сентября 2022 года УП № 305 "О Национальном дне чистоты и Плане действий по созданию эффективной инфраструктуры по обращению с бытовыми отходами на период…Указ · 06.09.2022 · № 305
- Приказ Государственного агентства архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики от 18 февраля 2019 года № 35-нпа "Об…Приказ · 18.02.2019 · № 35-нпа