Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Масалиев айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 – буйругуна негиз, А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин 8 чакырылышынын 21 сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 24 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 – буйругуна негиз, А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин карап чыгып жана талкуулап, Кадамжай районунун аймагындагы суу чарба объектилерин натыйжалуу пайдалануу жана аларды бөлүштүрүү боюнча атайын жумушчу комиссиянын актына ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна негиз, А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы “Исмат” каналы 960 метр “Назир” каналы 3310 метр, “Исматулло” каналы 2400 метр, “Жаны” каналы 1650 метр, “Исмат в/х” каналы 3670 метр, “Исмат 1-а” каналы 2100 метр, “Исмат 1-а-1” каналы 1400 метр, “Исмат 1-а-2” каналы 1300 метр, “Исмат 1-а-3” каналы 1200 метр, “Исмат 1-а-4”каналы 1040 метр, “Курган” каналы 800 метр, “Гулистан” каналы 800 метр, “Исматилоо” каналы 500 метр, Р1 каналы 7400 метр, Р-1-а каналы 2300 метр, Р-1-б каналы 600 метр, Р-3 каналы 2005 метр, Р-3-а каналы 600 метр, Р-4 каналы 3200 мерт, Р-4-а каналы 2800 метр, Р-2-1 каналы 1520 мет, Р-1-1 каналы 1100 метр, Р-1-2 каналы 2130 метр жалпы 44830 метр СПАнын карамагында турган аталган каналдар мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
1. Токтомду аткарууга алуу, жогоруда белгиленген ички каналдарды өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, өткөрүп берүү жагы А.Масалиев айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
6. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-августундагы №49 токтому жокко чыкты деп табылсын.
Төрага
Т.Галботоев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 апреля 2024 года № 207 "Об эффективном управлении и развитии водохозяйственного сектора"Постановление · 29.04.2024 · № 207
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 19 августа 2025 года № 712-т (О реализации мероприятий Национальной водной стратегии Кыргызской Республики)Распоряжение · 19.08.2025 · № 712-т
- А.Масалиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 28-августундагы №49 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук…Постановление · 28.08.2025 · № 49