Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
А.Масалиев айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 – буйругуна негиз, А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 28-августу № 49 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 – буйругуна негиз, А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна негиз, А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы “Курган” каналы 800 метр “Гулистан” каналы 800 метр, “Исматулло” каналы 500 метр, “Молдошарип” каналы 900 метр, “Ташмурза” каналы 1300 метр, “Абдукарим” каналы 3800 метр, “Бакир” каналы 1100 метр, “Балтабай” каналы 400 метр, Р1 каналы 6200 метр, “Мелисуу” каналы 800 метр, “Р-2-1” каналы 700 метр, “Исмат” каналы” 8200 метр, жалпы 25,5 км СПАнын карамагында турган аталган каналдар мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу, жогоруда белгиленген ички каналдарды өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, өткөрүп берүү жагы А.Масалиев айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы №36/2 токтому жокко чыкты деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
Т.Галботоев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
Ссылается на (3)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 апреля 2024 года № 207 "Об эффективном управлении и развитии водохозяйственного сектора"Постановление · 29.04.2024 · № 207
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 19 августа 2025 года № 712-т (О реализации мероприятий Национальной водной стратегии Кыргызской Республики)Распоряжение · 19.08.2025 · № 712-т
- А.Масалиев айылдык кенешинин 2024-жылдын 19-июнундагы №36/2 "Кара-Дөбө” СПАсын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2024 · № 36/2