Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Раззаков шаардык кенешинин «Раззаков шаарынын мэринин 2025-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету» токтому.
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (кезектеги XVII сессия) 2026-жылдын 27-февралы №4 Раззаков шаарынын мэринин 2025-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету.
Раззаков шаарынын мэринин 2025-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
Раззаков шаарынын мэринин 2025-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту канааттандырарлык деп табылсын. (Отчёт тиркелет)
Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана аткарууга алуу жагы Раззаков шаарынын мэри А.С.Жоробаевге милдеттендирилсин.
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларына жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
Төрага
С.А. Саматов
Раззаков шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 27-февралындагы №4 токтомуна тиркеме
Раззаков шаарынын мэринин 2025–жыл ичинде аткарган иштери тууралуу
ОТЧЕТУ
Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20–октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123–Мыйзамынын 27–беренесине ылайык Раззаков шаарынын жашоо–турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык–экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен кошо Раззаков шаарынын 2025–жылга социалдык–экономикалык өнүктүрүү программасында бекитилген иш–чараларды аткаруу багытында 2025–жыл ичинде бир топ жумуштар аткарылды.
I БӨЛҮМ. РАЗЗАКОВ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
Аймактык экономикалык өнүктүрүү бөлүмү.
1. Кирешелер боюнча:
2025–жылдын январь айында 2024–жыл ичинде аткарылган жумуштардын жана жыйналган салыктардын жыйынтыгы чыгарылып, 2025–жылга карата Раззаков шаарынын мэриясынын киреше боюнча иш планы түзүлдү. Түзүлгөн иш планга ылайык Лейлек райондук салык кызматы менен бирдикте тыгыз иш алып барылууда.
2025-жыл үчүн жергиликтүү салык боюнча 6 104 700 сом план белгиленген болуп бул көрсөткүч 7 534 700 сомго аткарылды пайыз менен алганда 123,4% ды түздү. Жергиликтүү салык боюнча 2024-жылдын он эки айлыгына салыштырмалуу 4 623 400 сом аз жыйналган себеби автоо ууна жана айыл чарбасына арналган жер салыгыдан бошотулган.
Киреше салыгы боюнча 2025-жылдын он эки айлыгына карата 91 151 000 сом план белгиленип бул көрсөткүч 93 566 100 сомду түздү пайыз менен алганда 102,6% ды түздү. Ал эми киреше салыгы 2024-жылдын он эки айлыгына салыштырмалуу 2 932 800 сомго ашыкча жыйналды.
Атайын салыктар боюнча 2025-жылдын он эки айлыгында 3 244 800 сом салык жыйналды, бул салыктын түрү боюнча план 2 968 600 сомду түзүп, ал эми аткарылганы пайыз менен алганда 109,3% ды түздү. 2024-жылдын он эки айына салыштырмалуу 1 225 900 сомго көп жыйналды. Жер салыктары тамарка жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгы үчүн 2025-жылдын он эки айына 4 784 700 план белгиленип 5 399 900 сомго аткарылды. Пайыз менен алганда 112,9% ды түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын он эки айына салыштырмалуу 408 100 сомга аз жыйналды.
Авто унаа салыгы боюнча 2025-жылдын он эки ай ичинде жыйналган салык 319 100 сомду түздү. 2025-жыл үчүн кыймылдуу мүлк салыгы, авто ууналар үчүн жеңилдик берилген.
Кыймылсыз мүлк салыгы боюнча 2025-жылдын он эки айы үчүн 1 815 700 сом жыйналды ал эми план 1 320 000 сом каралып жыйынтыгы 495 700 сомга ашыкча жыйналды. Пайыз менен алганда 137,6% ды түздү. 2024-жылдын он эки айына салыштырмалу 345 900 сом ашыкча жыйналган. Жалпы кирешелердин жыйналуусу боюнча 2025-жылдын он эки айы үчүн 117 490 800 сом план белгиленип аткарылганы 121 355 900 сомду түзүүдѳ. Пайыз менен алганда 103,3% ды түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын он эки айына салыштырмалуу 15 079 700 сомго аз жыйналды, себеби 2025-жылда авто унаа салыгыдан бошотулган.
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча АӨӨБКнин төрагалары менен тыгыз иш алып барылып элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү мындан сырткары бирдиктүү салык декларациясын электрондук форматта толтуруу жагы да тийиштүү жарандарга түшүндүрүлдү.
Лейлек райондук Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Н.Курбанбаев салыктардын жаңы мыйзамдары жана декларация боюнча Раззаков шаарынын мэриясынын жыйндар залында окуу семинарын өткөрдү.
Мындан сырткары жергиликтүү салыктардын өз убагында өндүрүү боюнча тийиштүү адистер менен тыгыз байланышта тыгыз иш алып барылууда.
Социалдык – экономикалык өнүгүү планында белгиленген иш – чаралардын аткарылуусу боюнча:
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025–жылдын 31–январындагы “Раззаков шаарынын аймагын 2025–жылга карата социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын иш–чарасын бекитүү жөнүндө” № 1–токтомуна ылайык Раззаков шаарынын 2025–жылга карата социалдык–экономикалык өнүгүү планы бекилген. Ал эми 2025-жылдын 23-сентябрында шаардык кеңештин сессиясында өнүктүрүү программасынын иш–чарасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү маселеси каралып № 5 токтому кабыл алынган. Өнүгүү планы негизги үч багытка: социалдык, экономикалык жана экологиялык тармакка бөлүнүп жалпы 42 иш чараны өзүнө камтыйт. Өнүгүү планды ишке ашыруу үчүн керектелүүчү каражаттар болжолдуу 547 055 060 сомду түзүп, анын ичинен 128 059 080 сом республикалык бюджеттен, 89 432 080 сом жергиликтүү бюджеттен, 6 330 500 сом жеке жактардан, 299 232 750 сом инвесторлор тараптан жана 24 000 650 сом башка тармактардан тартуу жагы каралган.
2025–жыл ичинде Раззаков шаарынын өнүгүү планында каралган төмөнкү иш – чаралар аткарылды:
1.1.1 Раззаков шаарынын Узун Сай участкасына ветеринардык– санитардык талаптарга жооп берген мал союучу цех Раззаков шаарынын тургуну жеке ишкер тарабынан 0,20 га жер тилкеге курулду. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке ишкер тарабынан Лейлек райондук өнүктүрүү фондунан берилген жеңилдетилген насыянын негизинде 26 000 000 сом жумшалды. 2025–жылдын январь айынан баштап жумушун улап, күнүнө орточо 7 – 12
майда жана ири мүйүздүү малдарды ветеринардын көзөмөлүндө союуп сатууга чыгарууда. Цехте 10 жумушчу орун түзүлүп, экономикалык өсүүгө өз салымын кошууда. Мал союуучу жай жалпысынан күнүнө 50 майда жана ири мүйүздүү малдарды союууга мүмкүнчүлүгү бар.
1.2.1 Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу боюнча:
Раззаков шаарынын Х.Кундузова көчөсүнө 260 метр, Раззаков шаарынын Б.Комилов көчөсүнө 460 метр, Раззаков шаарынын Жаңы-Конуш, М.Жалилов жана Пионерская көчөлөрүнө 650 метр, Раззаков шаарынын Саркент көчөсүнө 542 метр, Раззаков шаарынын К.Баратов көчөсүнө 540 метр, Алтын-Бешик (Голбо) айылынын Ак-Өргө көчөсүнө 600 метр, Тайлан айылы М.Абдурасулов жана Ак-Булак айылы Жогорку көчөлөрүнө 850 метр, Чымкен (Чимген) айылы Бөзөгүл жана Р.Темирбаев көчөлөрүнө 1000 метр, Сяамат айылы Кара-Таш жана Имам Аззам көчөлөрүнө 2000 метр жана Ак-Босого айылынын жаштар көчөсүнө 400 метр, жалпысынан: 176 даана түнкү чырак, 7262 метр аралыкка түнкү жарыктандыруу тартылып, бүгүнкү күндө ишке киргизилип жергиликтүү тургундарга ынгайлуу шаарттар түзүлдү. Жарык берүүнү уюштуруу үчүн 1 545 050 сомго 53 даана бетон мамычалар (CВ – 95),
198 даана жарык берүүчү чырактар (прожектор 100 W), 7 760 метр электр чубалгысы жана башка керектелүүчү жабдыктар андан сырткары мамычаларды орнотуу үчүн 43 500 сомго 600 литр дизелдик күйүүчү майлар сатылып алынды. Жалпысынан 2 109 373 сом акча каражаты сарпталды.
• Раззаков шаарына караштуу Ак–Босого айылынын Агартуу көчөсүнүн 293 метр аралыгына жана шаардын М.Бабаев көчөсүнүн 562 метр, Восточная 3 көчөсүнүн 863 метр аралыгына асфальт төшөө иш–чарасынын алкагында “Ак–Тилек” ААКсы менен 15 042 534,42 сомго эки тараптуу келишимдер түзүлүп, жумуштар башталды. Жалпы сумманын 4 972 000 сому республикалык дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен жана калган 10 070 534,42 сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүндү. Бүгүнкү күндө Агартуу, М.Бабаев жана Восточная көчөлөрүнө асфальт төшөө жумуштары толук бүткөрүлгөн.
• Раззаков шаарына караштуу Тайлан айылынын Орто–Дөң көчөсүнүн 1 115 метр аралыгына, Чымкен айылынын Булак–Башы көчөсүнүн 345 метр аралыгына шаардын Чынар көчөсүнүн 1 166 метр аралыгына асфальт төшөө иш–чарасынын алкагында “Ак–Тилек” ААКсы менен 18 631 215,55 сомго эки тараптуу келишимдер түзүлдү жана комиссия менен биргеликте ар бир көчөнүн учурдагы абалы менен жеринен тактоо иштери жүргүзүлүп, аткарылуучу иштерди ыкчам бүтүрүү боюнча тапшырмалар берилди. Жалпы сумманын 4 990 000 сому республикалык дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен жана калган 13 641 215,55 сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүндү. Бүгүнкү күндө Орто-Дөң, Булак-Башы жана Чынар көчөлөрүндө асфальт төшөө иштери толук аткарылган.
• Раззаков шаарына караштуу Ак–Булак айылынын Мектеп көчөсүнүн 203 метр аралыгына жана Алтын–Бешик айылынын Мектеп көчөсүнүн 381 метр аралыгына асфальт төшөө жана жан жол (тратуар) куруу жагы Раззаков шаардык Кеңешинин 2025–жылдын 31–январындагы “Раззаков шаарынын артыкчылыктуу долбоорлорун бекитүү жөнүндө” №6 токтомунун
(2025–жылдын 24–апрелиндеги №1 токтому) редакциясына ылайык Баткен облусун өнүктүрүү фондуна сунушталып колдоо тапты. Долбоордун жалпы суммасы 6 998 947 сомду түзүп, анын ичинен 4 795 347 сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан жана калган 2 203 600 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Бүгүнкү күндө эки көчөдө тең асфальт төшөө жана тротуарларды куруу иштери бүткөрүлдү.
• Раззаков шаарынын аймагындагы ички жолдорго “Коопсуз Шаар” долбоорунун алкагында 6 даана панноо 89 даана жол белгилери 440 985 сомго, көлөмү жана көрүнүшү чыныгы ГАИ кызматкерлеринин унаасына окшош “Макеттер” 35 000 сомго сатып алынып, Лейлек РИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсү тарабынан аныктап берилген жерлерге жалпысынан: 4 даана панно, 40 даана жол белгилери жана 2 даана эки жактуу “Макеттер” орнотулду.
Жарандардын коопсуздугун алдын алуу жана кылмыштуулуктун санын азайтууга көмөктөршүү үчүн сатып алынган видео байкоо камералары 30 жерге 207 500 сомго орнотулду жана Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн көзөмөлүнө туташтырылып, пайдаланууга өткөрүлүп берилди. Жалпы эки иш чарага 683 485 сом акча каражаты жумшалды.
• Раззаков шаарына караштуу айылдардын жана шаардын кварталдарынын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө жумуштары Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылууда. Бүгүнкү күнгө Ак-Босого айылында 0,4 км, Алтын-Бешик айылында 1,2 км жана шаардын Жаңы-конуш-2 участкасында 1,2 км жолго шагыл төшөлдү.
• ПРЭР-2 долбоорунун алкагында Раззаков шаарына караштуу Ак–Босого айылынын Агартуу көчөсүнүн 1 360 метр аралыгын асфальттоо үчүн «RAM Engineering Associates» ЖЧКсы тарабынан даярдалган долбоор мамлекеттик экспертизага киргизилип оң корутунду алынып, АРИС тарабынан асфальт төшөө боюнча тендер өткөрүлдү. Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан долбоорго тийиштүү техникалык шарттамалар, корутундулар өз мөөнөтүндө камсыз кылынды.
• Раззаков шаарын айланып өтүүчү жолдун калган бөлүгүнө асфальт төшөө боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бүгүнкү күндө сел суулары агып өтүүчү өткөөлдөр орнотуу боюнча болжолдуу 11 000 000 сомдук иштер аткарылды.
• Раззаков шаарынын И.Раззаков кочөсүнүн борбордук мечитинен Манас-Ата көчөсүнө кесилишкен чейинки аралыгын капиталдык оңдоо боюнча АРИС тарабынан долбоордук сметалык докуметтер даярдалып жатат, ошондой эле, аталган көчөлөр 2026-жылга Стимгрантка сунушталды.
• Раззаков шаарынын Раззаков–Баткен унаа жолунун сол тарабына “Rest Point” отелин куруу жогорудагы токтом менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021–2035–жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасына киргизилип, ЭКМ караштуу Туризм департаменти тарабынан курулуш иштерин жүзөгө ашырылуусу каралган. Бирок, ушул күнгө чейин курулуш иштери
жүргүзүлбөгөндүктөн тийиштүү мамлекеттик органдарга Раззаков шаарынын мэриясынын атынан каттар жөнөтүлдү.
• Айылдардагы тургундардын коомдук унааларды жол четинде коопсуз абалда күтүүсү үчүн Раззаков шаарына караштуу Самат айылына 2 даана Алтын–Бешик айылына 1 даана аялдамалар курулуп пайдаланууга берилди. Подряддык ишкана тарабынан бүгүнкү күндө курулган аялдамалардын четин абаттоо жумуштары аткарылып жатат. 3 аялдаманын курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпысынан 566 976 сом жумшалды. Мындан сырткары шаардын бробордук көчөлөрүнө жеке ишкерлер тарабынан 9 даана заманбап аялдама курулду, болжолдуу суммасы 4 500 000 сомду түзөт.
• Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарга 30 түйүнгө таштанды таштоочу үкүктөрдү орнотуу жана коомдук жайларга жайларга кичине үкүктөрдү орнотуу үчүн жалпысынан 7 241 151 сом акча каражаты сарпталды, анын ичинен Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС аркылуу ишке ашырылып жаткан “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоорунун (ПРЭР–2) алкагында 3 875 000 сомго 125 даана таштанды топтоочу чоң үкөктөр Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасынын пайдалануусуна берилди. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен АРИС аркылуу алып келинген чоң үкөктөрдү оң абалда кармоо үчүн жеңил типтеги 30 түйүн курулду, курулуш иштерине жергиликтүү бюджнттин эсебинен 3 456 151 сом сапталды.
• Раззаков шаарынын борбордук С.Садыков атындагы паркына коомдук ажаткана куруу үчүн долбоордук сметалык иш кагаздары “ПК Арт – Дизайн” Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан чийилип даярдалды жана бүгүнкү күндө жеке ишкер тарабынан курулуш иштери толук аякталды. Жалпысынан болжолдуу 600 000 сом акча каражаты сарпталды.
• И.Раззаков көчөсүндөгү музейлер комплексинин алдынан өтүүчү аллеяны кооздоп жаңыдан уюштуруу үчүн 675 044 сом жумшалды.
1.4.6-1.4.7 Раззаков шаарынын Кошмуратов, Додосьян, И.Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине Раззаков шаарынын жана Лейлек районунун символу болгон стелланы жана улуу инсандардын элесин, учкул сөздөрүн чагылдырган ардак досканы орнотуу жумуштары бүткөрүлдү. Ардак досканын курулушуна 1 155 809 сом жергиликтүү бюджеттен жана Стелланын курулуш иштери жеке ишкерлердин эсебинен каржыланды, болжолдуу 4 269 500 сомду түздү.
1.4.8СССРдин 60 жылдыгы көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы абалын оңдоо боюнча жашоочуларды жана демөөрчүлөрдү мобилизациялоо аркылуу жумуштар жүрдү. Азыркы учурда 6 көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы фасады сырдалып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жалпысынан 660 000 сом акча каражаты сарпталды.
1.5.1 Раззаков шаарынын муниципалдык мал базарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Лейлек районунун өнүктүрүү фондунан 8 804 978 сом жана жергиликтүү бюджеттен 8102 823 сом бөлүнүп жалпысынан 16 907 801 сомго мал базарга баруучу унаа жолду асфальттоо, ири мүйүздүү малдар, майда малдар үчүн изоляторлорду, коомдук ажаткан куруу жана унаа базардын айланасын тосуу иштери жүргүзүлдү.
• Раззаков шаарындагы сугат суу таңкыстыгын чечүү максатында Раззаков шаарынын Топ–Терек участкасынын түштүк чыгыш тарабындагы
№ 1133 номурлуу бар абалдагы сугат суу скважинасын тазалоо үчүн 1 918 300 сомго эки тараптуу келишим түзүлүп, тазалоо жумуштары аткарылды.
• “Раззаков (Исфана) шаарын суу менен камсыз кылуу системасын реаблитациялоо” долбоорунун алкагында Жаңы Конуш-2 участкасынын бир бөлүгү, Туракул–Ата, А.Азизов, Ж.Өсөров, Кошмуратов, М.Жалилов жана башка ички көчөлөрүнүн жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу “Раззаков шаарын суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылат.
• Раззаков шаарына караштуу Беш-Бала участкасынын Чомо-Аксакал көчөсүнө өтүүчү 300 метр аралыктагы таза суу түтүгүн калыбына келтирүү үчүн керектелүүчү жабдыктарды, материалдары сатып алынып берилди жана атайын техникалар берилип жумуштар жашоочулар тарабына толук аткарылды. Шаардын № 2 кичи районуна баруучу сугат суу линиясына кошумча 1,0 км аралыгына түтүктөр сатып алынып берилип жумуштар толук бүткөрүлдү.
• Долбоордук–сметалык документтерди (ДСД) даярдоо бөлүмүндө каралган иш чаралар боюнча төмөнкүлөргө келишимдер түзүлдү:
• 2,7 км тротуарларды куруу долбооруна 650 000 сом жана 2 мектептин от казаны жана жылытуу системасынын долбоорлорун даярдоо үчүн 450 000 сом, жалпы 1 100 000 сом;
• Спорт комплексин куруу, автобекет жана базардын эскиздик долбоорун жасоого 2 070 000 сом;
• Борбордук стадионду реконструкциялоо жана С.Садыков атындагы паркын абаттоо долбооруна 2 900 000 сом;
• Балдар ойноочу аянтчаларды курууга долбоордук сметалык иш кагаздары “Арх Стандарт” ЖЧКсы тарабынан 430 000 сомго даярдалды. Долбоордук сметалык иш кагаздары мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алуу үчүн порталга жүктөлүп тийиштүү иш-аракеттер көрүлүүдө;
• СССРдин 60 жылдыгы көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөргө суткасына
112 м³ куб көлөмүндө иштеген чарбалык–турмуштук саркынды сууларды тазалоочу комплекс куруу үчүн “Долбоор” Акционердик коому тарабынан 950 000 сомго долбоор жасалып, мамлекеттик экспертизанын порталына долбоорлоочу тарабынан жайгаштырылды. Курулуш иштерине керектелүүчү акча каражаты 42 236 848 сомду түзүп, курулуш иштерин каржылоого жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгө жок экендиги белгиленип колдоо көрсөтүүсү үчүн жогорку органдарга кайрылуу каттары жиберилди. Долбоор ишке ашса СССРдин 60 жылдыгы көчөсүндөгү 14 көп кабаттуу үйлөрдүн, “Наристе” балдар бакчасынын жана А.Навои атындагы орто мектебинин саркынды сууларга болгон маселеси толук кандуу чечилүүсү күтүлөт;
2. СССРдин 60 жылдыгы көчөсүндөгү авариялык абалдагы ажатканалардын ортуна жаңы талаптарга жооп берген ажаткана куруу үчүн 250 000 сомго долбоордук сметалык иш кагаздары даярдалып, мамлекеттик экспертизага киргизилип оң корутунду алынган;
3. Шаардын аймагында 3 даана жөө өтүүчү көпүрө куруу үчүн долбоордук сметалык документтерди дярдоо боюнча кызуу иш жүрүп жатат.
4. Раззаков шаарынын Азизов (1416 м.), Бозогул (1571 м.), Садик (291 м.), Ак-Өргө (696 м.), Келечек (158 м.), Жаңы-Конуш (740 м.), Мектеп (102 м.) көчөлөрүнө асфальт төшөө (жалпы 4974 м.) боюнча “Кат Курулуш” ЖЧКму менен 2 100 000 эки тараптуу келишип түзүлүп, аталган көчөлөрдүн долбоордук сметалык документтери даярдалып жатат.
Андан сырткары иш чарада каралган Раззаков шаарындагы Чөлгөн таза суу булагын рекострукциялоого долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн “НУР СЖБ” ЖЧКсы менен 1 494 482 сомго келишим түзүлүп, долбоор даярдалды. Бүгүнкү күндө долбоорду мамлекеттик экспертизадан оң корутундусу алынып Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы” мамлекеттик мекемесине түп нускалары берилди. Долбоордун жалпы наркы 10 556 502 сомду түздү.
• Дүйнөлүк банктын каржылоосунда КР Билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылуучу "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында Раззаков шаарындагы У.Маткаримов атындагы № 4 гимназия – жатак интернатынын бош имаратына кыска мөөнөттүү балдар бакчасын уюштуруу үчүн 4 396 670 сомго “СФ Умар Кейджи” жана “Мирбек стой” ЖЧКларынын консорциуму тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлдү.
• Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан аткарыла турган Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Баткен облусу боюнча “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү–2” долбоорунун алкагында “Раззаков шаарына караштуу Ак – Босого айылында 225 орундуу Д.Жороев атындагы мектебин куруу” иштери “ПСО Адис строй” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жатат. Курулуш иштерин аяктоо мөөнөтү 2026–жылдын сентябрь айына мерчемделип, курулушка Дүйнөлүк банктан 174 166 248,05 сом ажыратылган жана жергиликтүү бюджеттен курулуш иштерине техникалык көзөмөл адисин жалдоого 210 000 сом акча каражаты бөлүндү. 2025-жыл ичинде жалпысынан 69 496 992 сомдук жумуш аткарылды.
• Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан аткарыла турган Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Баткен облусу боюнча “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү–2” долбоорунун алкагында “Раззаков шаарына караштуу Тайлан айылында 90 орундуу бала бакчанын куруу” иштери “МТТК Тибет – АЖУ” жана “Авангард и КО” ЖЧКларынын консорциму тарабынан ишке ашырылды. Курулуш иштери 99 % аткарылды, курулушка Дүйнөлүк банктан 97 621 171,68 сом ажыратылган жана жергиликтүү бюджеттен курулуш иштерине техникалык көзөмөл адисин жалдоого 190 000 сом акча каражаты бөлүндү.
• Раззаков шаарындагы “Наристе” балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн “Мега – Нур и КО” ЖЧКсы менен 7 578 910 сомго келишим түзүлүп, курулуш иштери толук кандуу аяктады. Жалпы сумманын
1 751910 сому республикалык дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен жана калган 5 827 000 сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүндү.
• Раззаков шаарындагы Ю.А.Гагарин орто мектебинин санитардык түйүндөрүнө жабдыктарды алуу менен санитардык шарт түзүү максатында "Дени сак билим алуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү" долбоорунун алкагында Европа Биримдигинен 7 600 евро акча каражаты бөлүнүп, “Кең Дүйнө” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылды. Курулуш иштеринде негизинен кол жуучу раковиналарды орнотуу, таза суу топтолуучу курулманы куруу жумуштары каралып аткарылды. Андан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 352 038 сомго саркынды суулар топтолуучу курулманы куруу менен сырткы канализация тутумун кошуу жумуштары аткарылды.
• Раззаков шаарынын Жаңы Конуш-2 көчөсүндө жеке ишкер тарабынан менчик 42 орундуу балдар бакчасынын курулушунун 1–этабы башталып. 2025-жылга курулуш иштеринин көлөмү (ички инвестиция) болжолдуу 15 000 000 сомду түздү.
• Раззаков шаарынын аймагында даталуу майрамдык иш чараларды өткөрүүнү уюштурууга жалпысынан жергиликтүү бюджеттен 1 561 040 сом акча каражаты сарпталды.
• Раззаков шаарынын тугундарына материалдык жардам берүүгө
2025-жылы 1 690 120 сом каралды.
• Раззаков шаарынын аймагында аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү менен жакырчылыкты азайтуу үчүн республикалык боюджеттен 36 жаранага 5 400 000 сом берилди.
• Раззаков шаарынын аймагына коомдук транспортторду уюштуруу максатында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунан коомдук транспорт үчүн ISUZU SAZ HD–50 үлгүсүндөгү 5 даана автобус 5 жылдык мөөнөткө Өзбек–Кыргыз өнүгүү фонду аркылуу лизингге жалпысынан 370 000 долларга же 32 560 000 сомго алынды. 2025-жыл ичинде баштапкы төлөмдөрү менен жалпысынан 10 793 787 сом акча каражаты которулуп берилди. Ал эми, бүгүнкү күндө калган карыз 21 766 213 сомду түзөт. Азыркы учурда аталган 5 коомдук транспорт элге кызмат көрсөтүүдө.
• Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС аркылуу ишке ашырылуучу "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоорунун (ПРЭР–2) алкагында Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасынын пайдалануусуна 9 700 000 сомго таштанды ташуучу унаа, 2 840 000 сомго ассенизатордук атайын унаа, 4 843 824 сомго көчө тазалоочу жана суу себүүчү унаа берилди. Андан сырткары 10 812 500 сомго каз тамандуу бульдозер алып келинип, пайдаланууга берүү алдында турат. Жалпысынан муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоого 28 196 324 сомдук техника каралды. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 245 000 сомго 2 даана электро мотороллер алынып берилди.
• Раззаков шаарынын Кашка участкасындагы таштанды полигонун абаттоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 459 998 сомго ТМ – 400 кВА үлгүсүндөгү трансформатор, 939 500 сомго электр мамычаларын жана электр
чубалгыларын сатып алууга жалпы 1 399 498 сом сарпталды. Бүгүнкү күндө электр линиясын тартууга керектелүүчү бардык жабдыктар Кашка участкасына түшүрүлүп, бүгүнкү күндө Лейлек РЭТ тарабынан аталган аймакка сатып алынган трансформатор орнотулду жана электр линиясын тартуу иштери жүрүүдө.
Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС аркылуу ишке ашырылуучу "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоорунун (ПРЭР–2) алкагында полигондун айланасын тосуу, суу кампа, күзөткана куруу жагы каралган. Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан полигон боюнча маалыматтар өз убагында АРИСке жөнөтүлгөн.
• Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына утурлай Самат Садыковдун Раззаков шаарына караштуу Самат айылындагы эстелигинин айланасында оңдоп түзүү иштери жүргүзүлдү. Тактап айтканда баатырдын эрдиктерин чагылдырган флагшток орнотулуп, тургундар үчүн отургучтар коюлду. 10 даана арча көчөтү тигилип, айлана чөйрөсү актап сырдалды жана эскилиги жеткен желектер алмаштырылды. Жалпы жумуштарды аткарууга 216 400 сом акча каражаты жумшалды.
• Раззаков шаарындагы Ниймат көчөсүнө жөө адамдар өтүүчү көпүрө 2024–жылда келген сел сууларынын айынан астыңкы эки тирөөчү авариялык абалга келген. 2025–жылдын эсебинен 178 000 сомго оңдоп түзөө иштери бүткөрүлдү.
• , 3.2.3, 3.2.4 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024–жылдын 8–майындагы “2024–2025–жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарын социалдык–экономикалык өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш–чаралар планын бекитүү жөнүндө” №225–т тескемесине ылайык;
–Лейлек районунун Раззаков шаарынын Кара–Таш көчөсүн коргоочу дамбаны (183 метр) курууга 19 550 946 сом;
–Лейлек районунун Раззаков шаарынын Жаңы–Конуш участкасын коргоочу дамбаны (826 метр) курууга 33 172 600 сом;
–Лейлек районунун Раззаков шаарынын Жаңы–Конуш участкасында Ош–Раззаков унаа жолунун жээгинде сел агып чыгуучу каналды (550 метр) курууга 13 879 884 сом республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнүп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти тарабынан жумуштар аткарылды.
• БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Раззаков шаарынын Салам-Бава, Восточная, Ходжаматов көчөлөрүндөгү жана Ж.Исаев көчөсү менен Кирпичная көчөсүнүн ортосундагы сел суулары агуучу арыктар калыбына келтирилип жалпысынан 1 215 550 сом акча каражаты сарпталды, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 569 560 сом, инвесторлор тарабынан 645 990 сом.
• КР ӨКМнин 2025–жылдын 13–январындагы №13 сандуу буйругуна ылайык атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу (АААжКЖ) иш – мерчеми аркылуу төмөнкү жумуштар аткарылды:
2 Жалпы 677 даана габион торчолору орнотулду:
2.1 Корук көчөсүнө 150 даана;
2.2 К.Тыныбеков участкасына 300 даана;
2.3 Пионерская участкасына 90 даана;
2.4 Алтын–Бешик а. Курук–Голбо участкасына 46 даана;
2.5 Тайлан а. Ак–Тилек участкасына 45 даана;
2.6 Чымкен айылынын Жаңы–Кыштоо участкасына 46 даана.
3 Механикалык тазалоо иштери:
Сел коопсуздугу бар деп көрсөтүлгөн аймактарда сел араларды мыйзамсыз курулуштардан арылтып, сел нугунун жолун ачуу, сайларды механикалык тазалоо иштери аткарылды.
–Корук көч., Исфана 1 сай жак бөлүгүнүн 400 метр аралыгын;
–Тайлан айылынын Шапкырт-Сай, Ак-Булак сай бөлүгүнүн 250 метр аралыгын;
–Узун-Сай участкасынын 1000 метр аралыгын; –Тайлан айылынын Ак-Тилек уч., 640 метр аралыгын;
–Чымкен айылынын Катар-Өрүк участкасынан Кызыл-Кыштоо участкасына чейинки аралыктагы сай ичинин керектүү бөлүгүнө.
4 Айыл чарба тармагы боюнча:
2025–жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин атуулдарга ижарага берилген жерлердин ижара акысы 1 750 000 сомду түзгөн болсо, аткарылганы 1 782 500 сом же 103 % га аткарылды.
Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты – 164 га, кайрак айдоо жер аянты- 799,4 га, чөп чабынды жер аянты – 151,4 га, бак-дарактар- 85 га, жалпысынан 1200 га жер аянты ижарага берилген.
Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгуу 10- апрелде аякталды. Бардыгы болуп 4001 га жазгы кылкандуу дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 2068 га буудай, анын ичинен 623 га сугат айдоо жер, 1445 га.кайрак айдоо жер; 1933 га - арпа,анын ичинен 249 га сугат айдоо жер, 1684 га кайрак айдоо жер эгилди. Жалпы эгилген кылкандуу дан эгиндери :куздук -907 га, анын ичинен
200 га суулуу, эгилген кылкандуу дан жалпы 3933 га, анын ичинен 872 га суулуу, дандык жугору – 188 га суулуу айдоо, дан буурчак-34 га, май осумдуктору кун карама, масар-96 га кайрак айдоо, картошка – 137 га сугат айдоо, жашылча 146 га. Момо-жемиш-139 га., парга калдырылганы-372 га, пайдаланылбай калган аянт – 198 га.Анын ичинен чөп-80,40 га.
Эгин талааларында саранча (чегиртке) чыккан участкаларын дарылоо иштери жүргүзүлдү. Бардыгы болуп 3600 га жер саранчага каршы дарылынды. Раззаков шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 5-февралындагы № 23- буйругунун негизинде 2025 – жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин эгүү, оруп – жыйноо, кесек тоют даярдоо компаниясын өткөрүү максатында штаб түзүлүп, ушул буйруктун негизинде трактор менен айдоо гектарына 3000 сом, дан сепкеч менен себүү – 1500 сом, чөп чапкыч менен оруу – 1500 сом, чабылган чөптү жыйноо – 1300 сом, чөп, саманды тангактоо даанасы – 20 сом, комбайн менен жыйноо – 3200 сом гектарына белгиленди. Буйрукта
көрсөтүлгөн суммалар өз убагында көзөмөлгө алынып турулду.
Раззаков шаарынын мэриясы боюнча 10912 тн. кесек тоют даярдоо керек болсо, 10-ай ичинде 10160 тн. даярдалды, анын ичинен чөп -7640 тн.
Раззаков шаарынын мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча бөлүмүнө атуулдар тарабынан жана мекеме уюмдардан келген ар бир арыздарга жана каттарга өз убагында жооп берилип, жайында барып көрүп чечилип берилүүдө.
5 Мамлекеттик сатып алуулар боюнча:
Раззаков шаарынын мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталында 2025-жыл ичинде 36 даана сатып алуу жарыяланган. Жалпысынан 12 даанасы сатып алуунун эрежелерине жана мыйзамдарына ылайык кайра жарыяланган. Раззаков шаарынын мэриясынын менен кызмат көрсөтүү 22 даана, сатылып алынуучу товарлар 10 даана, аткарылуучу жумуштарга 3 даана. Жалпы 36 даана эки тараптуу келишим түзүлгөн.
Раззаков шаарыны мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталында 2025-жыл ичинде 84 даана сатып алуу жарыяланган. Жалпысынан 30 даана сатып алуунун эрежелерине жана мыйзамдарына ылайык жокко чыгарылган. 2 келишим жокко чыгарылган. Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти менен аткарылуучу жумуштарга 22 даана, кызмат көрсөтүү 32 даана, сатылып алынуучу товарлар 28 даана. Жалпы 75 даана эки тараптуу келишим түзүлгөн.
6 Аскердик каттоо тармагы боюнча:
Раззаков шаарынын мэриясынын аскердик каттоо жана мобилизациялык даярдык боюнча иштери 2025-жылдын ичинде «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү» Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41 беренелерине ылайык шаар мэриясынын эсебиндеги калк жана аймагында жайгашкан мекеме-ишкана, окуу жайлары менен 2025-жылга бекитилген иш планы боюнча алып барылды. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылытөрөлгөн уландарды аскердик эсепке алгачкы каттоо жөнүндөгү токтомун аткаруу боюнча аскердик эсепке алгачкы каттоого алуу үчүн мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин жана окуу жайларынын директорлору, аскердик башталгыч тарбия жетекчилери менен бирдикте 2010- жылы төрөлгөн уландардын тизмелери такталды. Уландардын өздүк иш- кагаздары, делолору даярдалып, көрсөтүлгөн график боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2025-жылдын 28-февралына чейин 2009-жылы туулган 246 улан жана ар түрдүү себептер менен каттоодон өтпөй калган 2008-жылы туулган 3 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү. Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке каттоого келбей калган атуулдарды аныктоо иштери аймактык айыл башчылар, ЖММ боюнча адистердин жана ИИБнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлдү. Аскерге чакырылуучулардын арасында “КР жарандарынын жалпыга тиешелүү аскерге милдеттүүлүгү ж-дө, аскердик ж-а альтернативдик
кызматтар ж-дө” Мыйзамын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылуучулардын чакыруу мед. комиссияларына келиши жана алардын аскердик жана альтернативдик кызматтарга жөнөтүлүшү боюнча иш-чараларга көмөк көрсөтүлдү.
Жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш пландарынын алкагында Советтик Куралдуу Күчтөрдүн Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата жоокер-интернационалисттерди урматтап сыйлоо иш-чаралары түзүлүп, мектеп окуучулары, окуу жайларынын студенттери менен Ооган согушунун жана башка согуштук аракеттердин ардагерлеринин жолугушуулары өткөрүлдү. 23-февраль – Мекен Коргоочусу Күнүнө арналган иш-чаралардын мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин окуучулары жана окуу жайларынын студенттери менен аскерде кызмат кылып келген уландардын жолугушууларын өткөрүү макулдашылып, уюшулган деңгээлде өткөрүлдү. Орто мектептеринин окуучулары аскер кызматы жөнүндөгү кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Аскердик каттоодон чыкпай туруп республиканын башка шаарларына жана Россия, Казахстан, Өзбекистан шаарларына кетип калган чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматчылардын даректерин тактоо боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 5 чакырылуучунун дареги такталып, чечим чыгаруу үчүн аскер комиссариатына өткөрүлүп берилди. 2025-жылдын 01-январынан 31-мартына чейин мэриянын аймагындагы кызмат өтөө мөөнөтү аяктаган 2024-жылдын күзүндө чакырылган альтернативдик кызмат өтөөчүлөрдөн республикалык бюджеттин эсебине төлөмдөрдү өткөрүү 100%га камсыз кылынып, көрсөтүлгөн тапшырма толук аткарылды.
Улуу Жеңиш Күнүнүн 80-жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү жана тылдын эмгекчилерин урматтап-сыйлоо боюнча иш-чаралары белгиленген планда өткөрүлдү. 2025-жылдын март-май айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу учун 727 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 21чакырылуучу аскердик кызматка, 60 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. Кыска мөөнөттүү аскердик кызматка 14 улан, альтернативдик кызматка үй-бүлөлүк шарты боюнча 6 улан, диний ынанымдарын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга каалоосун билдиргенине байланыштуу 38 улан чакырылып, аскер комиссариаты тарабынан коюлган наряд толук аткарылды.
Аскердик каттоодон чыкпай туруп республиканын башка шаарларына жана Россия, Казахстан, Өзбекистан шаарларына кетип калган чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматчылардын даректерин тактоо боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 3 чакырылуучунун дареги такталып, чечим чыгаруу учун аскер комиссариатына өткөрүлүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык 2025-жылдын сентябрь-ноябрь айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу учун 727 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 19 чакырылуучу аскердик кызматка,
75 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. Чакыруу комиссиясынын чечими менен 14 чакырылуучу кыска мөөнөттүү аскердик кызматка, 75 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылды.
2025-жылдын 01-04-декабрь күндөрү мэриянын кабарлоо участогунун өздүк курамы КМ Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын башчысынын планы боюнча өткөрүлгөн тактикалык-саптык машыгууларга катышты. Резервдик түзүлмөлөрдү сандык тактоо боюнча берилген көрсөтмө так аткарылып, аскерге милдеттүүлөр жөнүндө маалымат берилди.
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” КР Мыйзамынын 13-беренесине ылайык аскердик эсепке алгачкы каттоого алуу үчүн мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин жана окуу жайларынын директорлору, аскердик башталгыч тарбия жетекчилери менен бирдикте 2010-жылы төрөлгөн уландардын тизмелери такталды. Уландардын өздүк иш-кагаздары, делолору даярдалып, көрсөтүлгөн график боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2024-жылдын 18-декабрына чейин 2010-жылы туулган 375 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү. Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке каттоого келбей калган атуулдарды аныктоо иштери АӨӨБК төрагалары жана ИИБнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын 01-январынан 20-декабрына чейин мэриянын аймагындагы альтернативдик кызмат өтөөчүлөрдөн республикалык бюджеттин эсебине төлөмдөрдү өткөрүү 100%га камсыз кылынып, көрсөтүлгөн тапшырма толук аткарылды.
7 Өзгөчө кырдаалдар боюнча:
Раззаков шаарынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча 2025-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштер жонүндө билдирүү:
Раззаков шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын ӨКМнин 2025-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча” иш-мерчеминде бекитилген иш-чаралар алкагында 2025-жыл ичинде сел араларды мыйзамсыз курулуштардан арылтып, сел нугунун жолун ачуу, сайларды механикалык тазалоо иштери аткарылды.
Самат айылынын Чомо-Аксакал көчөсүндө селден тосмо дамбаны бекемдөө боюнча 260 метр аралыкка кум, шагыл сүрүлүп, бекемделди, 24-мартта мектеп балдар каттоочу жол ачуу үчүн 60 м аралыкка кум сүрүлүп, суунун нугу бир тарапка бурулду.. Восточная көчөсүндө, Р. Муминов көчөсүндө, Жаңы-Конушта, Тайлан айылында сел аралар ачылды. Баткен-Раззаков жолунда объездной жолдо 621 м сел жолу, Жаңы-Конушта 80 м сел жолу, А.Ходжаматов жана Чынар көчөлөрүндө 30 м сел жолдору,
жалпы 731 м сел ара арыктары ачылды. А.Азизов көчөсүндө 180 метр сел ара тазаланып, Хова үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен 8 рейс кум ташылып чыгылды. Горький көчөсүндө 120 м, Өрүкзар, Саркент, Алтын-Бешик көчөлөрүндө 405 м узундуктагы сел ара тазаланып, ачылды. КР ӨКМ тарабынан берилген жүк ташуучу техникасы кошулуп, мэриянын жүк ташуучу жана жүк жүктөөчү атайын техникалары менен Корук, Кызыл- Кыштоо, Ак-Тилек участкаларынын жана Алтын-Бешик айылынын габион торчолор орнотулуучу селден кооптуу тилкелерине 15 рейс таш ташылып жеткирилди. 1,2 жана 7-апрель күндөрү Пионерская, Тыныбеков көчөлөрүнө габион торчолорду орнотуу үчүн 14 рейс таш ташылды. 3-апрель күнү Самат айылынын И.Бектемиров көчөсүнүн сугат суусунун башатына 2 рейс таш ташылып, сугат суу түтүгү бекемделип, 70 м сел ара механикалык тазалоодон өткөрүлдү. 9-апрель күнү Восточная көчөсүндө сел аранын нугун ачып, тазалоо иштери аткарылды. Чымкен айылынын Кызыл-Кыштоо, Ударник участкаларында 70 м сел ара ачылды. 19-апрель күнү Ак-Булак айылында 530 м аралыкка жол четине кювет ачуу менен селдин нугун буруу иштери аткарылды.
13-май күнү Тайлан айылынын Зыгырлык участкасында сел бузган жолдор оңдолду. Чымкен айылынын Жаңы-Кыштоо участкасына габион торчолорду орнотуу үчүн зуб ачылып, тело тургузулду. Алтын-Бешик айылынын Суулу-Голбо көчөсүндө сел арага көпүрө куруу иштеринде 130 м сайдын ичи механикалык тазалоодон өткөрүлдү. 25-апрелден 17-майга чейин Тыныбеков, Пионерская көчөлөрүндө габион торчолорду орнотуу үчүн зуб, тело казуу, мурда алынып келинген таштарды габион торчолор орнотуучу жайга жакындатып берүү иштери аткарылды. Раззаков-1,2,3,4 кварталдарында жамгырдан кийин бузулган жолдор грейдер менен тегизделип, оңдолду. Раззаков шаарынын мэриясынын атайын техникалары 12-май жана 28-май күндөрү Туракул-Ата көчөсүндө иштеп, 580 м аралыкка сел ара ачылды. Раззаков шаарынын мэриясынын атайын техникалары 3-июнь жана 9-июнь күндөрү Узун-Сай көчөсүндө иштеп, 1000 м механикалык тазалоодон өткөн сайдын жээгине жол салынды. 2-июндан 17-июнга чейин Корук участкасында 150 даана габион торчолорду орнотуу үчүн зуб, тело казуу, мурда алынып келинген таштарды габион торчолор орнотуучу жайга жакындатып берүү, торчолор коюлуп бүткөндөн кийин кайра жабуу иштери аткарылды. 16 - 19-июнь күндөрү Корук көчөсүндө сайдын ичи 350 м аралыкка механикалык тазалоодон өткөрүлдү.
Август айында Раззаков шаарынын Тыныбеков участкасына 75 даана жана Алтын-Бешик айылынын Курук-Голбо участкасына 46 даана, Талан айылынын Ак-Тилек участкасына 45 даана габион торчолору орнотулуп, кооптулугун азайтуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Жалпы Раззаков шаарынын кооптуу аймактарына 677 даана габион торчоолру орнотулду.
Чымкен айылынын Катар-Өрүк участкасында 120метр, Самат айылынын Беш-Бала участкасындагы Исфана сайынын шагылга толгон 240
метр аралыктагы жери механикалык жактан тазаланды. Беш-Бала айылындагы негизги орто мектепке баруучу жол калыбына келтирилди. А. Азизов көчөсүнөн аралап өтүүчү сел арага жана Токтогул атындагы орто мектебинин күн чыгыш тарабындагы сел алган таш дамбанын 75метрине топо сеьмкалары жасалды. Раззаков шаарынын жана караштуу айылдарга курула турган көпрөөлөргө КР ӨКМ тарабынан тийешелүү корутундулар алынды.КР ӨКМнен жана Облустук, райондук башкармалыктарынан келген аба-ырайы жөнүндөгү билдирүү каттар өз убагында тийешелүү адистерге, жергиликтүү калкка маалымат үчүн жеткирилип турду.
8 Статистика тармагы боюнча:
Раззаков шаарынын мэриясынын статисти, жетктөөчү адиси Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иш жүргүзөт, алсак:
2025-жылдын 1-январына карата Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын (№ 9-Форма-калк тууралуу отчет) 33478 (факт. 28846) жараны, 6107 (факт. 5676) кожолугу катталды.
2026-жылдын 1-январына карата мал жандыктардын эсеби 2025-ж. 29-декабрь күнү жыйынтыкталды: Ири мүйүздүү малдар -7504 баш, а.и. саан уйлар -3841 баш, койлор -29158 баш, эчкилер -1963 баш, жылкы -659 баш,
канаттуулар -10877 даана.
Ай сайын кичи жана орто өнөр жайы тууралуу отчет райондук статистика бөлүмүнө берилип турат: тегирмендер, навайлар, кондитердик азыктар, бал муздак, пескоблок, лайблок, кыш завод, эшик-терезе, пилорама, мебель, брусчатка, евродубал, тигүү буюмдары, суу кудугу шакек, дарбаза, электр ширетүүчүлөр, темир усталар, токарь, пахта тазлоочу.
Бүгүнкү күндө Раззаков шаары боюнча бардыгы болуп 114 өндүрүш түйүнү ишмердүүлүк жүргүзөт.
Ачылган ишканалар жана түзүлгөн жумуш орду боюнча:
2025-жылдын 31-декабрына карата шаардын аймагында 4 жеке кичи соода жана ишкана түйүндөрү ачылып, 17 жаран жумуш орду менен камсыз болгон. Алсак: 1 көмүр өндүрүү шахтасы, 1 автосалон, 1 самын чыгаруучу кичи цех, 1 кийим-кече сатуучу соода борбору.
“Санарип Аймак” программасынын аткарылышы боюнча
“Санарип Аймак” мамлекеттик тутумуна Раззаков шаары жана шаарга караштуу айылдар боюнча калктын саны 33478 болсо, анын ичинен 30841 жаран катталып, аткарылышы 92,1% түздү. Жарандарды каттоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Камсыздандыруу боюнча Раззаков шаарында турак үйлөрдүн саны 6430 болсо, 2025-жылга камсыздандыруу планы 3215 белгиленген, ал эми өткорулгөнү 1804 болуп пландын 56,11% түзөт.
II БӨЛҮМ. Социалдык өнүктүрүү сектору
9 Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча:
Раззаков шаарынын мэриясында иш кагаздарын жүгүртүү толук бойдон “Инфодокс” ЭКА тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө. Ал эми жарандарга үй–бүлөлүк курамы же жашагандыгы тууралуу маалымдамалар берүү токтотулган болуп, ар бир жаран өзү “Түндүк” электрондук системасында жекече катталып алуусу мүмкүн экендиги жөнүндө кайралган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.
2025–жыл ичинде жогорку органдардан жана башка ар түрдүү мекеме–ишканалардан жалпы 4190 каттар, нормативдик укуктук актылар кириштелип, аткарууга алынган жана 4172 кат чыгышталган. Ал эми жарандардан 1085 кайрылуу жана арыздар келип түшкөн. Анын ичинен жер маселелери муниципалдык менчик департаментине 732 арыз келген башкача айтканда кайрылуулардын 67,5 % түздү.
Жалпы кириш жана чыгыш болгон иш-кагаздары боюнча саны төмөнкүчө болду:
№
Иш кагаздарынын аталышы
2025–жыл ичинде
1
Кабыл алынган токтомдор
187
2
Чыгарылган буйруктар
345
3
Кадрлар боюнча өздүк буйруктар
65
4
Иш сапарына жөнөтүүбоюнча буйруктар
26
5
Ар түрдүү маалымдамалар
467
6
Кадрлар резервине өткөрүлгөн конкурстар
4
7
Раззаков шаарынын мэринин жана орунбасарынын кабыл алуусунда болгон жарандардын саны
278
8
Жогорку органдардан, мекеме, ишканалардан келген иш кагаздарынын (токтом, буйрук, кат ж. б.) саны
4190
9
Тийиштүү жогорку органдарга, мекеме– ишканаларга, жарандарга жөнөтүлгөн чыгыш иш кагаздардын саны
4172
10
Жарандардан келген арыздардын саны
1085
10 Маданият жана спорт тармагы боюнча:
2025–жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган «Улуттук дем–дүйнөлүк бийиктик» унгу жолу Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун эрдиктерин өсүп келе жаткан жаштарга даңазалоо жана Жарандык мекенчилдикти күчөтүү максатында 60 000 сом акча каражаты бөлүнүп 23–февраль Мекен коргоочуларынын жана 15–март Аталар күнүнө карата маданий жана спорттук иш чаралар өткөрүлдү. Спорттук иш–чарасы боюнча
эркектер арасында волейбол оюнун өткөрүү жагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата 26–апрель күнү өткөрүлдү. Ошону менен бирге «Ата Мекенди азаматтар коргошот» аттуу кароо–сынак маданий иш–чарасы мектептер арасында өткөрүлүп 12 000 сом акча каражаты жумшалды.
2025–жылдын 4–март күнү 3–март Мамлекеттүүлүктүн символу Туу күнүнө жана 5–март улутубуздун ар намысы болгон Ак калпак күнүнө карата Раззаков шаарынын борбордук аянтчасында Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы, Раззаков шаарынын мэриясы, Раззаков шаардык Кеңеши, мекеме–ишканалар, студенттер, мектеп окуучулары жана аскер кызматкерлеринин катышуусунда иш–чара болуп өттү. Иш–чара жөө жүрүш менен башталып, борбордук аянттан өтүштү. Андан соң аскер кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик туу көтөрүлдү.
8–март Аялдардын эл аралык күнүнө карата спорттук мелдеш жана сынак уюштурулуп, март айы орозо айы болгондугуна байланыштуу 26–апрельде өткөрулуп, нооруз майрамына карата уюштурулган иш– чаралардын алкагында өткөрүлдү.
2025–жылдын 19–март күнү Кыргызстандын улуу инсаны Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун каза болгон күнүнө карата эскерүү митинги Раззаков шаарынын борбордук аянтында өткөрүлдү. Иш–чарага Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы, Раззаков шаарынын мэриясы, райондук мекеме ишканаларынын жетекчилери жана жаш муундар катышышты. Исхак Раззаковдун каза болгон күнүнө карата эскерүү иш–чарасына 21 780 сом акча каражаты жумшалды.
2025–жылдын 21–мартында “Нооруз” майрамына арналып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022–жылдын 30–августундагы ПЖ №303 “2022–2027–жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жана Кыргыз Республикасынын 2024–жылдын 18–декабрындагы ПЖ №369 Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123–Мыйзамынын 27–беренесинин 18–пунктуна ылайык жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2025–жылдын 10–мартындагы “Нооруз 2025” №2/76–буйругунун негизинде Раззаков шаарынын борбордук стадионунда майрамдык салтанат уюштурулуп, өткөрүлдү. Майрамдын урматына карата Раззаков шаарынын мэриясына караштуу аймактык участкалар жана айылдардын катышуусунда кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак–аштардын жарманкеси өткөрүлдү. Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү иш–чарасына 165 000 сом акча каражаты жумшалды. Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2025–жылдын 9–январындагы “Улуу Ата Мекендик согуштун Женишинин 80 жылдык майрамын уюшкандыкта өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндөгү” №2/1 сандуу буйругуна ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун Женишинин 80 жылдык майрамы борбордук стадиондо чоң майрамдык салтанат уюштурулуп, белгилүү ырчылардын катышуусунда өткөрүлдү. Жеңиштин 80
жылдык майрамына карата өткөрүлгөн иш–чараларга 111 200 сом акча каражаты жумшалды.
Раззаков шаарына караштуу шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы менен Раззаков шаарынын мэри А.С.Жоробаев, Лейлек районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башысы К.Р. Нурбаев, Лейлек санитардык дарыгер Д.А.Далиев, Раззаков шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси Юрист У.А.Каримовдор тарабынан жеринен каралды. Раззаков шаарындагы 67 ашкана, коомдук жайлардын жана соода түйүндөрдүн санитардык абалы текшерилди, убагы өтүп кеткен товарлар алынып салынды. Текшерүү учурунда кээ бир ашканалар өңдоп түзөөдөн өткүчө жана санитардык абалы жакшыртылганга чейин убакыт берилип убактылуу жабылды.
Раззаков шаарындагы жана шаарга караштуу айылдардагы (мектептер, бала бакчалар) жалпы билим берүү мекемелеринин абалы, кышка от казанынын даярдыгы боюнча комиссия түзүлүп жеринен көрүп чыгылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы чыгыш
№24/12172 сандуу катынын негизинде эмгекчил жана үлгүлүү жарандарды даңгазалоо, коомдо ынтымак жана биримдикти бекемдөө максатында Раззаков шаарында жана шаарга караштуу айылдарда “Үлгүлүү үй бүлө” ,”Үлгүлүү Айыл”, Үлгүлүү көчө”, “Нарктуу Байбиче”, “Нарктуу Аксакал”, “Нарктуу Келин” сынактары өткөрүлдү. Раззаков шаарынын мэриясынын резервтик фондунун эсебинен 7 жеңүүчүлөрго 37 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Өнөктөштүк жана коомду өнүктүрүү Ассоциасы, Eвропа Биримдиги тарабынан каржыланган “Санариптик жана жашыл билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн акыркы чакырымды туташтыруу” долбоорунун алкагында Ош шаарында 2025-жылдын 25-26-октябрында өтүүчү робототехника жана инженерия улуттук чемпионатына Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинен 11 окуучу Ош шаарына барып катышып келди Окуучуларга конкурска барып келүүсү үчүн жардам катары 14 960 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
2025-жылдын декабрь айында КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Балаты-2026” жаңы жылдык иш-чарасы өткөрүлүп Раззаков шаарынын мэриясынын эсебинен Баткен шаарына барып катышып келген 3 окуучуга 1 500 сом каражат бөлүнүп берилди.
11 Социалдык коргоо тармагы боюнча:
11.1Раззаков шаарынын аймагында жашаган турмуштук оор кырдаалда жашаган Социалдык коргоо тармагы боюнча:
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2024–жылдын 6–февралындагы №3/104–буйругун аткарууга алып, Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу аймактарында жашаган Ооган согушунун ардагерлерине ар тараптуу колдоо жана аларга жардам көрсөтүү максатында 15–февраль Ооган согушунун ардагерлеринин 35 жылдыгына карата Раззаков шаарынын аймагында жашаган 16 интернационалист–ардагер жоокерлерине жана Ооган
согушунда курман болуп, үйүнө кайтпай калгандардын, өз жерине келип каза болгон 2 үй–бүлөнүн ар бирине 3 300 сомдон Раззаков шаарынын мэриясынын 2025–жылдын 7–мартындагы №59–буйругунун негизинде жалпы суммасы 59 400 сом акча каражаты которулуп берилген.
11.2Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2025–жылдын 17–февралындагы № 2/60–буйругунун негизинде 2025–жылдын 20–февралынан 20–мартына чейин жарыяланган социалдык адилетүүлүктүн бир айлыгына карата Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактарында жашаган аз камсыз болгон үй–бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында “Социалдык адилетүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө” карата социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгына карата Раззаков шаарынын аймагында жашаган турмуш шарты өтө оор жана майыптыгы бар 90 үй–бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 344 000 сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
11.32025–жылдын 8–март–Аялдардын Эл аралык майрамына карата “Аялдар аалам туткасы” аттуу иш чарага 25 энелерге белек даярдоо максатында 24 000 сом акча жергиликтүү бюджеттин эсебинен которулуп берилген.
11.4Чернобыль атомдук электростанциясындагы кырсыктын 39 жылдыгын эскерүү күнүнө карата Раззаков шаарынын аймагында жашаган ЧАЭСтин беш катышуучу ардагерлеринин жана кырсыктын катышуучусунун бир жесирине майрамга карата ар бирине 5 000 сомдон жалпы суммасы 30 000 сом акча каражаты жумшалды.
11.59–май – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата тылда эмгектенгендерди жана согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерин Раззаков шаарынын мэриясынын 2721 социадык коргоо беренесинен 11 тыл ардагерлерге 88 000 сом акча каражатын ар бир тыл ардагердин эсептик счетуна которулуп берилди. 2215 беренесинен тыл ардагерлерге 22 000 сомго белек уюштурулуп тапшырылды.
11.6“Катаал мамилесиз жана зомбулуксуз балалык” аталышындагы кароо сынак 9 мектептердин арасында уюштурулуп, жеңүүчүлөргө 2215 беренесинен 15 000 сом акчалай белек берилди.
11.7Энелер күнүнө карата 100 энелерге 123 810 сомго сый–тамак уюштурулуп майрамдык иш чара уюштурулду.
11.81–июнь Балдарды коргоо күнүнө карата 16 турмуш шарты оор үй–бү лөдө тарбияланып жаткан балдарга 30 000 сомго белек уюштурулуп тапшырылды. Тоголок жетим 6 балага ар бирине 5 000 сомдон жалпы суммасы 30 000 сом акча депозиттик счетуна которулуп берилген.
11.9“Лейлек эс алуу аймагы” эс алуу борборуна турмуш-шарты оор үй-бүлөдө тарбияланган 11 балдарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 59 400 сом акча бөлүнүп берилген.
11.10 Ысык Көл облусунун Бостери айылынын "Орбита" пансионатында боло турган футбол боюнча мелдешке барууга көзү жана кулагы боюнча (КОС и КОГ) ДМЧ 5 катышуучунун өздүк эсептик счетуна ар бирине 7 000 сомдон жалпы 35 000 сом которулуп берилген.
11.11 Карылар күнүнө карата акчалай колдоо көрсөтүү максатында такталган тизме боюнча 110 карыялардын ар бирине 2 000 сомдон өздүк эсептик счетуна жана карыялар үйүнүн эсептик чсетуна 5 000 сом жалпы суммасы 115 000 сом которуп берилди.
11.12 Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай жардам көрсөтүү максатында 105 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга өздүк эсептик счеттуна жалпы суммасы 402 000 сом которуп берилген.
11.13 Арыз менен кайрылган турмуш шарты оор 21 үй–бүлөлөргө 126 520 сом өздүк эсептик счетторуна которулуп берилди.
Раззаков шаарынын мэриясынын социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесинен 1 289 320 жана 2215 беренесинен 400 800 сом жалпы суммасы 1 690 120 сом акча каражат жумшалды.
Раззаков шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча комиссиясы тарабынан арыз менен кайрылган 21 жарандардын арызын кароо боюнча 4 жолу отуруму өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинетинин 2024-жылдын 18- ноябрындагы № 693 токтому менен бекитилген “Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” токтомун ишке ашыруу үчүн 6 арыз каралып анын ичинен 3 бала ваучер алууга сунушталган. Раззаков шаарынын мэриясына соцкелишимдин негизинде мамлекет тарабынан кайтарымсыз 150 000 сом акча алууга 29 (квота) орун берилип, 3 соцкомиссиянын 3 жолу отуруму өткөрүлүп 45 үй-бүлөнүн арызы каралып анын ичинен тиешелүү документтерди тапшырган 36 үй-бүлөгө 150 000 сомдон соц келишим алууга сунушталган жана Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу 36 үй-бүлө кичи ишкердик баштоого 150 000 сомдон жардам алган.
Жалпысынан, 2025-жылдын ичинде социалдык маселелер боюнча комиссия тарабынан 13 жолу отурум өткөрүлгөн.
12 Өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын жардамында ишке ашырылган кичи долбоорлор боюнча:
БУУ ДАТП уюмунун колдоосу менен ишке ашырууга “Эмгек үчүн акчалай жардам” долбооруна 2025–жылга карата габион торчолорун орнотуу боюнча 3 кичи долбоор жана 3 көчөдө жаан суулары кетүүчү арыктарды бетондоо боюнча 1 долбоор сунушталып жактырылган.
13 Раззаков шаарынын К.Тыныбеков жана Самат көчөлөрүндө сайга 300 даана габион торчолору орнотулду; 14 Корук участкасында сайга 150 даана габион торчолору орнотулду;
15 Тайлан айылынын Ак–Тилек участкасында сайга 45 даана габион торчолору орнотуу алдында турат; 16 Раззаков шаарынын Кирпичная көчөсүндө 2 жерде жалпы 650 метр, жана А.Ходжаматов көчөсүндө 2 жерде жалпы 152 метр аралыкта сугат жана жаан суулары агуучу арыктарды калыбына келтирүү жана бетондоо иш–чаралары аткарылды. Салам–Бава көчөсүндөгү жумуштар аба-ырайына байланыштуу 2026-жылдын жай айларына калтырылды.
Жогоруда аталган долбоорлордо каралган жумуштарды аткарган жумушчуларга БУУ ДАТП уюму тарабынан 15 450 АКШ доллары же курска жараша болжолдуу 1 328 700 сом акчалай жардамдар берилди.
III БӨЛҮМ. Мэрияга караштуу түзүмдүк мекеме жана ишканалар
17 “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы боюнча:
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө жалпысынан 24 кызматкерлер эмгектенишет; анын ичинен 4 административдик жооптуу кызматкер, 4 кассир - контролер, 2 техник- тузоотуучу, 3 суу бурчуу сантехник, 1 электрик, 6 күзөтчү, 1 чарбалык иштер боюнча адис жана 1 тех кызматкер. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Раззаков шаарынын мэриясына караштуу тийиштүү айылдарды жана Раззаков шаарындагы мекеме-уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.
2025-жылдын алкагында“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасына Раззаков шаарынын тургундарынан келип түшкөн жазуу түрүндөгү арыздардын саны 387 арыз катталган болсо, баардык арыздарга өз мөөнөтүндө аткарылып жооптор берилген.
2025 – жылга Кыргыз республикасынын финансы министрлигинен бекитилип берилген бир жылдык бюджетибиз 6 833 880 сомду түзсө, жыл аягына жыйылганы 8 597 471 сомго аткарылды.
2024-жылы жыйналган сумма 6 139 900 сомду түзсө, 2025-жылы
6 833 880 сом бекитилсе аткарылган сумма 8 597 471 сомду түзүп анын ичинен ашыкча 1 763 591 сом акча каражаттары жаңы абоненттерди кошуудан табылган киреше каражаттары болуп аныкталды.
2003 суу пайдалануучунун короосунда суу түтүгү орнотулган, 315 кожолук көчөдөгү суу түтүгүнүн суу пайдалануучулар менен келишим түзүлдү. 56 коммерциялык точкалар жана 42 мекеме уюмдар менен келишимдер түзүлдү.
Жыл ичинде “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы өз убагында өзүнө коюлган милдеттерди аткарууда туну- кундуз дебей суу пайдалануучуларды таза, сапаттуу ичуучу суу менен камсыз кылууда план тапшырмаларын аткарууда.
ЕБРР жана ЕФЦА нын каржылоосу менен “ Раззаков (Исфана) шаарынын таза суу системасын реабилитациялоо” долборуун ишке ашыруу боюнча төмөнкү жумуштар аткарылууда.
Бүгүнкү күндө женүүчү катары “СП Kanalet Insaat Elektrik Uretim Sanayi ve Ticaret A.S. » фирмасы белгиленип, 8 август 2023 -жылы контракт түзүлүп, азыркы учурда котракта белгиленген боюнча графиктин негизинде Тегирменти участкасында, Голбо участксында МКР№2 участкасында, “Айкол” участкасында, “Аэропорт” участкасында, Колхозная,Тоголок Молдо, К.Кундузов, көчөлөрундө: МКР 1 Восточная көчөсүндө, жана Жаны Конуш көчөсүндө жумуштар башталып азыркы учурда жумуштар бүтөр алдында турат. Жалпы проект боюнча жумуштун аткарылганы 98 % түзөт, бүгүнкү күндө этап-этабы менен пайдаланууга берилүүдө.
Андан сырткары казылган көчөлөр бир четтен калыбына келтирилип жалпысынан 12- көчө толук калыбына келтирилди шагылдар салынды.
Проектин алкагында 553 үй бүлө таза суу менен камсыз болушу керек болсо натыйжалуу иш алып барылып жалпысынан 770 үй бүлө кошумча кошулду.
Андан сырткары 4770 метр кошумча 110мм диаметрдеги түтүктөр орнотулду.
Жаштык участкасында быйылкы жылдын эсебинен кошумча 3500 метр суу түтүгү тартылып аталган участоктун жашоочулары үзгултүксүз таза суу менен камсыз болду.
Жыл башынан бери 51 абонент мыйзамсыз суу пайдаланып жаткандыгы аныкталып тиешелүү иш чаралардын негизинде мыйзамдаштырылып тиешелүү төлөмдөр төлөнүп тиешелүү документтер берилди.
Азыркы мезгилде подряддык компания тарабынан бүткөрүлгөн обьекттер текшерилип пайдаланууга алынып жана деффектик мезгил башталды, 2026-жылдын сентябрь айында мамлекеттик текшерүүдөн өтсө толук кандуу кабыл алынат.
Жыл ичинде Бозогул участкасына 844 метр д-100 мм элге суу түтүгү тартып берди 30 кожолук ичуучу суу менен камсыз болду, андан сырткары 98-жер тилкеси келечекте таза суу менен камсыз болот. Госспецхоз көчөсүндө 728 метр көчөсүндө суу түтүгү тартылып берилип 57 кожолук суу менен камсыз болду, Ынтымак айылынын 2-көчөсүнө жалпы узундугу 790 метр түтүк тартылып 67-абонент таза суу менен камсыз болду, ошондой эле Лесная көчөсүндө 377 метр 0.80мм диаметрди түзгөн суу линиясы орнотулуп жалпысынан 27 үй бүлө таза суу менен камсыз болду.
1-кичи район участкасындагы скважинага жаны насос орнотулуп эл өз убагында таза суу менен камсыз болду.
Тегирменти - Раззаков суу түтүгүндө Тегирменти участкасында магистралдык суу түтүгү д-200мм труба жараксыз болгондуктан өз убагында ондоо-тузөө иштери аткарылып таза суу элге берилди, ошондой эле жаңы магистралдык суу түтүгүн куруу максатында проектик документациялар даярдалууда.
Жалпысынан авариялык ситуация 2025-жыл ичинде 122 ирээт катталып анын ичинен 91 толук калыбына келтирилди.
Ар квартал ичинде, СЭС менен биргеликте сууну дезинфекциялоо иштери аткарылды.
- 2024-жылда суу пайдалануучулардын саны 745 болсо 2025-жылга 2003 абонент.
- 2024-жылга коммерциялык уюмдар 55 болсо 2025-жылга -60.
- 2024 -жылга кошулган абонентердин саны-15 кожолук болсо
2025-жылга -408.
- 2024-жылга жаны тартылган суу түтүгү -0 болсо 2025-жылы 4770 метр жаны түтүк орнотулду.
18 “Лейлек тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча:
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө 49 кызматкер бар анын ичинен 5 жооптуу кызматкер, 3 кассир-контролер, 6 айдоочу, 2 трактор айдоочусу, 11 жүктөөчү жумушчу, 2 багбан, 1 комендант,
14 дворник, 2 электрик, 2 күзөтчү , 1 техничка эмгектенет.
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы негизинен Раззаков шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү жагын, түнкү жарыктарды жана келишим түзгөн мекеме ишканаларды жеке кожолуктарды тейлеп тазалыкты камсыздайт. Бүгүнкү күндө 20 даана техникасы бар анын ичинен 10 жарактуу 7 оңдоого муктаж 3 жараксыз абалда, жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын тазалыгын камсыздоо, шаардын көчөлөрүнө суу себүү жана гүлдөрдү арчаларды сугаруу, Раззаков шаар мэриясы тарабынан даярдап берген баннерлерди илүү, түнкү жарыктардын күйүүсүн камсыздоо жумуштарын аткарат. 2025-жылга абонент 13 070 (3267 жеке кожолук) менен келишим түзүлгөн мындан сырткары 29 мекеме уюмдар жана 186 коммерциялык түйүндөр менен келишим түзүп белгиленген график боюнча жумуштар аткарылып күнүнө 4, 5 рейс кээ бир убакыта 6 рейс турмуш-тиричилик калдыктары алынууда. Ошондой эле 2025-жыл I-II-III-IV кварталга түшкөн кирешеси коммерциялык уюмдар 723 527 сом, мекеме ишканалардан 16 832 824 сом, кожолуктардан 3 270660 сом түшкөн жалпысы болуп 20 827 011 сом атайын эсепке түшкөн акча каражаты, ал эми берилген эмгек маянасы 15 072 700 сом анын ичинен соц фонд 1 370 400 сом, киреше салыгы 717 631 сом, күйүчү майлоочу майларга 2 598 900 сом, авто тетиктерге 819 600, Телефон жана интернет байланышына 20 000 сом , тамак- аш азыктарына 220 000 сом чарба буюмдарына 272 000 сом, сууга 48 000 сом. “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы 12 ай ичинде 114 арыз кат катталган жана баарына жооп берилген.
2025-жылдын I-II-III-IV квартал ичинде «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы төмөнкү жумуштарды аткарды:
Кыш мезгилинде Раззаков шаарынын ички жолдоруна кар көп жаап тайгак болгон убактарда жол коопсуздугун сактоо максатында өз убагында шлак жана туз материалдарын себип турулду. Январь, февраль айларында 19 тонна шлак, 2.090 тонна туз төмөнкү көчөлөргө себилди: Кошмуратова, Манас-Ата, И.Раззаков, Салам-Бава, Торокулбай Ата, А.Азизов, Равакана авто унаа жолуна, Курулуш, СССРдин 60 жылдык, Восточная, К.Кундузов, Тоголок-Молдо жана Э.Эгембердиев көчөлөрүнө себилип турду. “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан “Самат” эс алуучу багынан 31 рейс таштанды, Раззаков жазуудан бир жумада эки жолу таштанды алып чыгууда. Ал эми 12 ай ичинде чыгарылган каттуу таштандылар январь ичи 244 рейс, февраль 226 рейс, март 257 рейс, апрель 282 рейс, май 276 рейс, июнь 272-рейс, июль 316 рейс, август 322 рейс,
сентябрь 290 рейс, октябрь 204 рейс, ноябрь 176 рейс, декабрь 198 рейс,
жалпысы ТБО -3063 рейс (9189 тонна) таштанды чыгарылган. Ал эми суюук таштандылар январь 24 рейс, февраль 58 рейс, март 49 рейс, апрель 72 рейс,
май 84 рейс , июнь 7 рейс, июль 21 рейс, август 26 рейс, сентябрь 29 рейс, октябрь 40 рейс, ноябрь 36 рейс, декабрь 24 рейс жалпысы ЖБО-470 рейс (1 410 тонна). Ал эми МТЗ 82/1 экскаватор 1 498 саат , Газ-52 вышка 1 650 саат , Хова поливалка 856 рейс, FAW ассенизатор 88 рейс суу себүү, Булдозер (Shantui) 128(мото) саат жумуш аткарган. Авто унааларга кеткен күйүүчү майлар Дт (салярка) 36 155лт, Аи-92 (бензин) 7 722 литр күйүчү майлар сарпталган.
Раззаков шаарында ишемби күндөрү ишембилик өткөрүлүп 12 ай ичи шаар ичинен 218-рейс таштанды чыгарылган.
Ошондой эле март айында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Раззаков шаарынын кээ бир көчөлөрүндө сел жүрүп шагалга, кумга толуп калган арыктар, жолдор тазаланып 4 рейс шагал, кум чыгарылган.
Шаар ичиндеги түнкү жарыктарды жана жол белгилерди тосуп калган бак-дарактар буталып иретке келтирилди Ошондой эле Раззаков шаарынын көчөлөрүндөгү жана айылдардагы түнкү жарыктардын түндөсү күйүп туруусун жана күйбөй калган түнкү жарыктарды оң абалда туруусун камсыздап Баратов көчөсүнө Прожектор 50в 17даана, Прожектор 100в 14 даана, Кабель 1160 метр, Изолента 1 даана, Автомат 2 даана, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана .Чынар көчөсүнө Кабель 40 метр, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана. Өрүк-Зар көчөсүнө Прожектор 100в 11даана, Кабель 500метр. К.Бойбобо көчөсүнө Прожетор 100в 10 даана, Кабель 500 метр. МКР- 1ге Прожектор 50в 12 даана, Лампочка 12 даана, Изолента 1 даана, Автомат 2даана, Фотореле 1 даана, Шит 1 даана, Пускатель 1 даана. Колхозная көчөсүнө Прожектор 50в 4даана, Кошмуратов көчөсүнө Прожектор 100в 5даана, Лампочка 35в 2 даана, Изолента 1 даана, Автомат 63А 2 даана. И.Раззаков көчөсүнө Прожектор 100в 8 даана, Автомат 2 даана, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даан. Манас-Ата көчөсүнө Прожектор 100в 5 даана, Автомат 2 даана, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана. Д.Додосьян көчөсүнө Кабель 2х6 1320 метр, Фотореле 2 даана , Автомат 63А 6 даана, Фотореле 2 даана, Пускател 2даана, Изолента 2 даана, Прожектор 100в 6даана. Корук көчөсүнө Фотореле 3 даана, Пускател 3 даана. Жаңы-Конуш Кабель 300метр, Прожектор 100в 7 даана. Пионерская көчөсүнө Прожектор 100в 15 даана, Кабель 600 метр. С.Кундузов көчөсү Прожектор 100в 9даана, Кабель 320 метр, Труба 6 даана, Чынар көчөсүнө Прожектор 50в 11 даана, Провод 2х6 210 метр, Изолента 1 даана. Махалла көчөсүнө Фотореле 2 даана, Пускател 2 даана, Прожектор 50в 10 даана, Кабель 78 метр. Восточный көчөсүнө Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана, Автомат 1 даана. Золотой мост Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана , Автомат 1 даана. Туракулбай –Ата көчөсүнө Прожектор 50в 7 даана, Кабель 50 метр, Изолента 1 даана. Тайлан айылына Прожектор 50в 10 даана, Кабель 2х6 АВВГ 250 метр. Ак-Булак айылына Прожектор 50в 21 даана, Прожетор 100в 16даана, Кабель 800 метр, Автомат 2 даана, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана, Изолента 1 даана. Ак- Тилек учаскасына Прожектор 100в 10 даана, Кабель 500 метр. Ак-Босого айылына Прожектор 100в 27даана, Прожектор 50в 7даана, Кабель 820 метр, Изолента 1 даана, Столба 8даана . Самат айылына Прожектор 100в 6 даана,
Прожектор 50в 9 даана Лампочка 2 даана, Изолента 1даана, Кабель 200 метр. Алтын-Бешик (Голбо) айылына Прожектор 50в 7даана, Прожектор 100в 18даана, Кабель 600метр , (Голбо жолдун бою) Прожектор 100в 30 даана, Кабель 120 метр. Беш-Бала айылына Труба 12 даана, Прожектор 100в 24даана, Кабель 800 метр, Кара-Таш айылына Прожектор 50в 10 даана, Кабель 1320 метр жана 20 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды, Калта-Кол айылына Кабель 120 метр, Прожектор 50в 3 даана , Прожектор 100в 14 даана, Трос 1000 метр. Чимген айылы Прожектор 50в 4 даана, Прожектор 100в 16 даана, 14 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды, Кабель 1000 метр алмаштырып жаңы коюлду. Бозогул учаскасына прожектор 100в 17даана, Кабель 1000 метр Ошондой эле борбордук көчөлөрү жана Раззаков Баткен автоунаа жолунун боюндагы электр чубалгылары тартылган 168 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды, Пост ГАЙ 6 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды, жалпысы болуп прожектор 50в 135 даана, прожектор 100в 248 даана, кабель 2х6 12 608 метр, кабел 2х4 400 метр,
автомат 20 даана, изолента 8 даана, фотореле 15 даана, пускатель 13 даана,
труба 18 даана, столба 8 даана, трос 1000 метр, лампочка 16 даана, щит 10 даана, 208 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды.
2025-жылдын 20-март Нооруз майрамына карата борбордук аянта эстеликтерди жууп тазалоо, шыпыруу, таштандыларды терүү жана иреттөө жумуштары аткарылып таштанды чыгарылган. Ал эми 21-март Нооруз майрамы өткөрүлүп, майрамдан кийин Самат Садыков багындагы борбордук стадиондон жана балдар ойноочу аянтчасынан таштанды тазаланып чыгарылган.
2025-жылдын 1-5-9-май майрам күндөрүнө карата борбордук аянтагы эстеликтерди жууп тазалоо, шыпыруу, таштандыларды терүү жана иреттөө жумуштары аткарылып 2-рейс таштанды чыгарылган. Ал эми 09-май Улуу Ата Мекендин 80-жылдык майрамы өткөрүлүп, майрамдан кийин Самат Садыков багындагы борбордук стадиондон жана балдар ойноочу аянтчасынан 4 рейс таштанды тазаланып чыгарылган.
Кашка учаскасында жайгашкан полигондун айланасына башаламан ташталган таштандыларга ишембилик өткөрүлүп 14 рейс таштанды полигонго киргизилип МТЗ-82/1 экскаватор кызматтык уунасы менен сүрүлдү.
2025-жылдын 30-август күнү Эгемендүүлүк майрамына карата борбордук аянта эстеликтерди жууп тазалоо, шыпыруу, таштандыларды терүү жана иреттөө жумуштары аткарылып 14 рейс суу себилип 2 рейс таштанды чыгарылган. Ал эми 31-август Эгемендүүлүктүн 34-жылдык майрамы өткөрүлүп, майрамдан кийин Самат Садыков багындагы борбордук стадиондон жана балдар ойноочу аянтчасынан 4 рейс таштанды тазаланып чыгарылган.
2025-жылдын 28-октябрь Исхак Раззаковдун 115 жылдык мааракесине карата борбордук аянта эстеликтерди жууп тазалоо, шыпыруу, таштандыларды терүү жана иреттөө жумуштары аткарылып 4 рейс суу себилип 10 рейс таштанды чыгарылган.
Ал эми 16-декабрь күнү шаарыбыздын борбордук аянтына 2026 жаңы жылга карата Раззаков шаарынын жашоочулары үчүн атайын балаты кооздолуп орнотулду.
19 “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасы боюнча:
“Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасы 2024–жылдын 30–июлунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024–жылдын 7–февралындагы №52 токтомунун 8–пунктунун 4–подпунктуна ылайык түзүлгөн.
Муниципалдык ишкананын негизги багыттары: Муниципалдык мал базарды уюштуруу жана башкаруу, жайыт жерлерин башкаруу, суу жана ирригация системаларын тейлөө, шаар ичиндеги транспорттук кызматтарды уюштуруу жана атайын техникаларды колдонуу, шаарды көрктөндүрүү жана санитардык–техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү. Ишкана хозрасчёттук негизде, чарбалык өз алдынчалыкка ээ.
Жалпы штаттык бирдик – 24 кызматкер, учурда иштеп жаткан – 21. Административдик курам: директор, башкы эсепчи, жайыт жана суу– ирригация адистери, ветеринар. Техникалык курам: айдоочулар (грейдер, трактор, HOWO, экскаватор, автобус). Мал базар кызматынын жооптуу кызматкерлери, күзөтчүлөр, тазалоочулар, багбандар, эстеликти кайтаруучулар.
“Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасы жыл башынан жайыт жерлер боюнча иш чараларды жүргүзүп, дегерадацияга учураган 123 га жер аянттарына Эспарцет, Тарак-Баш жана ийине кылкандуу жайыт чөп уруктары себилген. Раззаков шаарына караштуу Серпая, Чеш-Дөбө, Шор-Булак, Төө-Жайлоо жана Шыпкыр участкаларындагы жайыт жолдорун атайын техникалары менен сүрүп тегиздөө иштөө иштери аткарылып, жалпысынан 105 км жайыт жолдору ондолгон.
Раззаков шаарынын мэриясынын бюджетин көтөрүү максатында 2025-жылга карата жайттан чогулуучу бюджетин 1 500 000 сомго бекитип, жалпысынан 1 561 635 сом акча каражаты чогултулган.
2025-жылга карата “Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасынын эсебинен Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айыл аймактарынын ички жолдоруна шагыл төшөө иштери аткарылып, жалпысынан 5370 метр ички жолдоуна шагыл төшөө иштери аткарылган.
Раззаков шаарынын жашоочуларынын жол шарттарын женилдетүү максатында 2025-жылдын июль айларында Кыргыз Республикасынын Кыргыз-Өзбөк өнүктүрүү фонту тарабынан лизинг аркылуу алынып келген жүргунчү ташуучу автобустарды Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан тийиштүү иш кагаздары алынып, толугу менен каттоо линияларына чыгып жашоочуларга кызмат кылууда. 2025-жыл башынан шаардын тургундарын суугат суу менен камсыз кылуу максатында Лейлек райондук суу чарба департаменти менен келишимин түзүп, шаардын жашоочуларна аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 1 млн 300 куб суугат суусу берилген.
2025–жыл боюнча жалпы киреше – 9 183 911 сомду түздү.
Анын ичинен: Муниципалдык мал базардан – 5 847 672 сом, Раззаков – Бишкек унаа каттамынан – 512 400 сом, мектеп автобус кызматынан – 46 900 сом, атайын техникалар аркылуу кызмат көрсөтүүдөн – 414 100 сом, суу жана ирригация кызматтарынан – 241 000 сом, шаар ичиндеги
каттаган коомдук автобустардан – 1 320 340 сом.
Жалпы чыгым – 9 183 911 сом, анын негизги бөлүктөрү: кызматкерлердин эмгек акысы жана социалдык фондго төлөмдөрү – 6 174 005 сом, арча көчөттөрү (500 даана) – 107 500 сом, күйүүчү май (жайыт жолдоруна грейдер үчүн) – 210 000 сом, атайын техникалар жана муниципалдык автобустардын күйүүчү майлары үчүн – 1 182 578 сом, унаа тетиктери – 299 000 сом, гүл сатып алуу – 143 000 сом, автобустарга дөнгөлөк- 299 970 сом,бирдиктүү салык төлөмү – 267 971 сом, ж.б. чыгымдар
Раззаков шаардык кеңешинин 2024–жылдын 30–июлундагы №7 токтомуна ылайык, мал базар ар аптанын шаршемби саат 16:00дөн бейшемби саат 16:00гө чейин иштейт. Төлөмдөр мыйзамдуу түрдө ККМ аппараты аркылуу алынат. Акысы: жылкы – 100 сом, ири мүйүздүү мал – 80 сом, майда мал – 40 сом, жеңил автоунаа – 100 сом, жүк ташуучу унаа – 150 сом. Базарда күнүмдүк орточо жыштык – 800 дөн 1100 кишиге чейин.
2025–жыл ичинде жарандардан түшкөн арыздар – 89 даана (негизинен жайыт маселелери), Жогорку органдардан келген каттар – 101 даана (суу, жайыт, ветеринардык көзөмөл).
20 Муниципалдык менчик департаменти:
Муниципалдык менчик департаментинде азыркы учурда штат боюнча 17 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 1 департаменттин башчысы, 2 башкы адис, 2 жетектөөчү адис, 1 адис, 1-оператор катчы, 7 айыл башчы (контрак), 1 комендант, 1 күзөтчү, 1 техникалык кызматкер эмгектенишет.
2025-жылга карата келип түшкөн жалпы арыз каттардын саны 1 421 (бир миң төрт жүз жыйырма бир) даана: Анын ичинен мекеме ишканалардан келген каттар 528 (беш жүз жыйырма сегиз) даана, жеке жарандардан келип түшкөн арыздар 1 093 (бир миң токсон үч) даана, анын ичинен турак-жай куруу үчүн 286 (эки жүз сексен алты) даана, ар түрдүү маселелер боюнча 607 (алты жүз жети) даана, арыз-каттар катталып жана аткарууга алынып, арыз-каттарга убагында жооп берилген. Муниципалдык менчик департаменти тарабынан 3 жылдык мөөнөткө көрктөндүрүү үчүн 169 келишим түзүлүп жерлерди убактылуу ижарага берүүдөн 2025-жыл ичинде түшкөн киреше боюнча алты айлык план 1 000 000 миң сом планга коюлган. Аткарылышы 1 312 697 сомду түздү 130% пайызга.
Муниципалдык менчик департаменти тарабынан 40 келишим шахта жана карьерлер менен түзүлүп 2 527 580 сом өндүрүлдү.
2025-жылдын ичинде сарпталган 2111-беренеден 5 649 246 сом, 2121-беренеден 800 017 сом, 2213-беренеден 60 000 сом, 2214-беренеден 678 250, 2215-беренеден 10 184 155 сом, 2221-беренеден 569 555 сом, 2222-беренеден 2 853 160 сом, 2224-беренеден 112 815 сом, 2411-беренеден 10 182 609, 3111-беренеден 38 191 969 сом, 3112-беренеден 1 095 896 сом, акча каражаттары которулуп берилген.
Шаардын Лейлек базарынын алдындагы ирээтсиз сатуучуларды базар ичине киргизүү боюнча иш жүргүзүлүп, бардык сатуучулар базардын ичине жайгаштырылууда, Раззаков шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзү билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар” жөнүндөгү ПЖ №109 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында шаар мэриясынын 2022-жылдын 14-сентябрындагы “Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарынын аймагынан жолдун кызыл сызыгына мыйзамсыз курулган имараттарды жеринен кароо боюнча комиссиясы тарабынан Раззаков шаарынын жана Раззаков шаарынын аймагына караштуу айыл аймактар боюнча мыйзамсыз курулган курулуштардын жана жеңил типтеги тосмолор, 245 (эки жүз кырк беш) ар кандай курулуштар Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан аныкталып, толугу менен эскертүүлөр берилген. Анын ичинен 145 (жүз кырк беш) демонтаждалып, 100 (жүз) демонтаждалуу алдынта турат.
Айта кетсек:
-СССР 60-жылдык көчөсүндө 66 сы катталып 38 демонтаждалган, 28 демонтаждалуу алдында турат;
-Ж.Өсөров көчөсүндө 18 катталып 16 сы демонтаждалган 2 демонтаждалуу алдында турат;
-Э.Эгембердиев көчөсүндө 20 сы катталып 20 сы демонтаждалган;
-И.Раззако в көчөсүндө 12 си катталып 10 демонтаждалган 2 демонтаждалуу алдында турат;
-Чимген айылынын Ударник көчөсүндө 8 имарат катталып 8 демонтаждалган;
-Ак-Булак айылынын Үлкөр көчөсүндө 8 имарат катталып 6 сы демонтаждалган 2 демонтаждалуу алдында турат; -Додосьян көчөсүндө 1 катталып 1демонтаждалган; -А.Ходжаматов көчөсүндө 12 си катталып 3 сү демонтаждалган 9 демонтаждалуу алдында турат;
-Восточная көчөсүндө 28 катталып 16 демонтаждалган 12 демонтаждалуу алдында турат;
-Чынар көчөсүндө 20 катталып 4 демонтаждалган 16сы демонтаждалуу алдында турат; -Колхозная көчөсүндө 17 катталып 3 демонтаждалган 14 демонтаждалуу алдында турат;
-Агартуу көчөсүндө 3 катталып 3 демонтаждалган;
-Алтын-Бешик көчөсүндө 20 катталып 15 демонтаждалган 5 демонтаждалуу алдында турат;
-Голбо айылында 12 катталып 8 демонтаждалган 4 демонтаждалуу алдында турат;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө обьектерин мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу жана
бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндөгү” №56-Жарлыгына ылайык 162 обьект аныкталып 92 демонтаждалды 70 демонтаждалуу алдында турат.
Кыргыз республикасы Баткен облусу Лейлек району Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик
департаментинин курулуш тармагы боюнча 2025-жылга карата
МААЛЫМАТ
Раззаков шаарынын аймагын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы менен
бекитилген иш-чараларын аткарылыши боюнча.
экономика багыты боюнча: 2.Энергетика тармагы боюнча
20.1Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу: Раззаков шаарынын Х.Кундузова көчөсүнө 260,0 метр, Раззаков шаарынын Б.Комилов көчөсүнө 460,0 метр, Раззаков шаарынын Жаңы-Конуш, М.Жалилов жана Пионерская көчөлөрүнө 650,0 метр, Раззаков шаарынын Саркент көчөсүнө 542,0 метр, Раззаков шаарынын К.Баратов көчөсүнө 540,0 метр, Алтын-Бешик (Голбо) айылынын Ак-Өргө көчөсүнө 600,0 метр, Тайлан айылы М.Абдурасулов жана Ак-Булак айылы Жогорку көчөлөрүнө 850,0 метр, Чымкен (Чимген) айылы Бөзөгүл жана Р.Темирбаев көчөлөрүнө 1000,0 метр, Самат айылы Кара-Таш жана Имам Аззам көчөлөрүнө 2000,0 метр жана Ак-Босого айылынын жаштар көчөсүнө 400,0 метр жалпысынан: 176 даана түнкү чырак, 7262,0 метр аралыкка түнкү жарыктандыруу тартылып, бүгүнкү күндө ишке киргизилип жергиликтүү тургундарга ынгайлуу шаарттар түзүлдү.
Раззаков шаарынын Корук участкасындагы таштанды таштоочу жайга (мусорный полегон) жергиликтүү элди электр энергиясы менен камсыздоо максатында 45 даана бетон (ЖБ) электр мамычалары жана 1 даана 400 кВаттыккөмөк чөрдөнү сатылып алынды жана бүгүнкү күндө Лейлек РЭТ тарабынан аталган аймакка электр линясын тартуу иштери жүрүүдө. Андан сырткары эскилиги жеткен электр мамычаларынын ордуна 53 даана жаңы бетон (ЖБ) электр мамычалары сатылып алынып, Лейлек РЭТ тарабынан жерлерине орнотуу иштери аткарылды.
5. Телекомуникация, байланыш жана жол тармагы боюнча
5.1 Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө боюнча.
Дем берүүчү грант жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен Раззаков шаарынын М.Бабаев көчөсүнө 562,0 метр, Восточная көчөсүнө 863,0 метр, Чынар көчөсүнө 1 166,0 метр, Тайлан айылына Орто-Дөң көчөсүнө 1 115,0 метр, Чымкен айылынын Булак-Башы көчөсүнө 345,0 метр, Ак-Босого айылынын Агартуу көчөсүнө 293 метр, Облустук фонд жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен Раззаков шаарынын Алтын-Бешик (Голбо) айылынын Мектеп көчөсү 381,0 метр, Ак-Булак айылынын Мектеп көчөсү 203,0 метр, Райондук фонд жана жергиликтүү бюджиттин эсебинен Раззаков шаарынын
Топ-Терек участкасында курулган муниципалдык мал базар жана унаа базарына баруучу жол 1 620,0 метр жалпысынан 6 548,0 метр аралыктагы жолдорго асфальт төшөө иштери аткарылды.
3.4 Жол белгилерин орнотуу
Лейлек РИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсү тарабынан Раззаков шаарынын аймагында авто унаа кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында 2025-жылдын 11-март айында түзүлгөн АКТда көрсөтүлгөн Раззаков шаарынын ички көчөлөрүнө жана шаарга караштуу айылдардагыгы эскилиги жеткен жана жаңыдан орнотулуучу жалпы 6 даана панно, 89 даана жол белгилери жана 2 даана эки жактуу, көлөмү жана көрүнүшү чыныгы ГАИ кызматкерлеринин унаасына окшош “Макеттер” сатыплып алынып, Лейлек РИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсү тарабынан аныктап берилген жерлерге жалпысынан: 4 даана панно, 40 даана жол белгилери жана 2 даана эки жактуу, көлөмү жана көрүнүшү чыныгы ГАИ кызматкерлеринин унаасына окшош “Макеттер” орнотулду.
6. Курулуш тармагыбоюнча
4.2 Раззаков шаарынын Самат айылына 2 даана, Алтын Бешик (Голбо) айылына 1 даана жалпы 3 даана аялдамалар курулуп элге пайдаланууга берилди.
4.3 Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарга (Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС аркылуу ПРЭР-2 алкагында алынган 125 даана үкөктөрдү) орнотуу үчүн Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардана жалпысынан 30 даана таштанды таштоочу урналардын орнотулуучу жерлери даярдалып АРИС тарабынан алынып берилген үкөктөр орнотулду.
I. Социалдык багыт боюнча:
2. Билим берүү тармагы боюнча;
2.1 Раззаков шаарындагы У.Маткаримов атындагы №4 гимназия–жатак интернатынын бош имараттарына балдар бакчасы уюштуруулду.
2.2-3 (Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИСтин ПРЭР–2 программасы аркылуу) Раззаков шаарына караштуу Ак–Босого айылында 225 орундуу мектеп жана Раззаков шаарына караштуу Тайлан айылына 90 орундуу бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат.
2.4 Раззаков шаарындагы “Наристе” балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
2.5 (“Жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү” долбоору Европа Биримдиги) жана жергиликтүү бюджиттин эсебинен Раззаков шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебине санитардык түйүндөрүнө жабдыктарды алуу менен санитардык шарт түзүү иштери аткарылды.
Раззаков шаарынын мэри А.С.Жоробаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 18 декабря 2024 года УП № 369 "О Доктрине (Унгужол) "Национальный дух - мировые высоты"Указ · 18.12.2024 · № 369
- Постановление Кабинета Министров КР от 18 ноября 2024 года № 693 "О пилотной апробации ваучерного механизма финансирования услуг дошкольного образования для детей из…Постановление · 18.11.2024 · № 693