Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жекенди айылдык Кеңешинин 15.01.2025 №12 Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын ТОКТОМУ
29.01.2025 № 12
Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Жалгыз-Күнгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Тѳрага
Мурзапар уулу Н.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу