Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жекенди айылдык кеңешинин Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө токтому
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 27-апрели №27 Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө Жекенди айылдык аймагындагы № 1965- контурундагы таштуу жайыттагы 7,18 га, № 1964-контурундагы таштуу жайыттагы 21,70 га жер, № 1969-контурундагы таштуу жайыттагы 1,12 га, жалпы 30 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагындагы № 1965- контурундагы таштуу жайыттагы 7,18 га, № 1964-контурундагы таштуу жайыттагы 21,70 га жер, № 1969-контурундагы таштуу жайыттагы 1,12 га, жалпы 30 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага
Н.Мурзапар уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу