Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 30.11.2024 № 1-07 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө токтому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры № 1-07 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана 2023-жылдын 14-мартындагы № 56 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы ички жолдорунун жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун (мындан ары - автомобиль жолдору) жээгинде (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) Кыргыз Республикасынын жол жана шаар куруу документтери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген жол боюндагы тейлөө объекттерин (соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын ж.б.) (мындан ары - жол боюндагы тейлөө объекттери) уюштурууга жана жайгаштырууга тыюу салынсын.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы ички жолдорунун жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорун:
- автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол
боюндагы тилкедеги жерлерге) уруксат документтерин берүүгө тыюу салуу;
- жол тилкесинде жана жол боюндагы тилкеде жайгашкан жерлерге түзүлгөн бардык ижара келишимдерин бузуу;
- автомобиль жолдорунун жээгинде (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы
тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз уюштурууну жана жайгаштырууну алдын алуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жол мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен түзүлгөн автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) жол боюндагы тейлөө объекттерин, анын ичинде сооданы мыйзамсыз уюштуруунун жана жайгаштыруунун кооптуулугу жана ага жол бербөө жөнүндө калк/жеке жана юридикалык жактар менен түшүндүрүп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин .
- Айыл аймактын айылдарындагы ички жолдорду кеңейтүү жана жолдорду сактоо эрежесин аткаруу, тиешелүү иш чараларды алып баруу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
1.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.:
Төрага:
Б. Дуйшоев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.