Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Элмирбек Иманалиеа айылдык кеңешинин «Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө» токтому
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №31
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы №673 токтомунун негизинде айыл аймакта ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акысын Токтогул ветеринардык башкармалыктын 2013-2014-жылдары Жалал-Абад областтык антимонополия баршкармалыгы менен макулдашууда белгиленген кызмат акылары боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ө.Төрөкуловдун кайрылуу катын угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Ө.Төрөкуловдун маалыматы алымча кошумчалары менен жактырылсын.
2.Элмирбек Иманалиев айыл аймагында ветеринардык-сенитардык профилактикалык иш чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акысын көрсөтүүдө төмөндөгүдөй баалар бекитилисин:
- бодо малдарга 1 башка “Шарп”ылаңына эмдөөгө – 30 сом;
- жандык малдарга 1 башка (чечек,кой-эчкинин чумасына, РЕВ-1,бруцеллез)
эмдөөгө – 15 сом;
- бодо мал,жылкы жандык малдан кан алууга 1 башка – 20 сом;
- бодо мал,жылкы жандык малдарга асма дары (капельница)берүү 1 башка-100 сом;
- бодо мал,жылкы жандык малдарды туудуруу жана чөбүн (послед) алуу 1 башка 150 сом;
- бодо малга (уйларга) 1 башка кулак бирка тагуу, бирка баасы – 36 сом, кызмат акы – 34 сом, жалпы – 70 сом;
3. Жылкыга чип тагуу, бир башка, чип баасы – 90 сом, кызмат акы – 40 сом,
жалпы- 130 сом;
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Бешкемпировага жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага
А.Т.Уметалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.