Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Багыш айыл өкмөтүнүн «Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга киреше жана чыгашаларынын долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 24-февралы №1
«Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга киреше жана чыгашаларынын долбоорун бекитүү жөнүндө»
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы, Багыш айыл өкмөтүнүн “2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун бекитүү жөнүндө” кайрылуусун, Багыш айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетинин билдирүүлөрүн угуп талкуулап, Багыш айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө айылдык кеңешинин бюджет комитетинин билдирүүсү эске алынып, 2025-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 50845,9 миң сомго, атайын каражаттардын суммасы 8500,0 миң сомго, теңдөө гранты 1643,6 миң сомго, жалпы 60989,5 миң сомго №1-тиркемеге ылайык ал эми, бюджеттин чыгашалары 60 989,5 миң сомго №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2025-жылга Багыш айыл өкмөтүнө жеткирилген 1643,6 миң сом теңдөө гранты биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы жана анын социалдык фондко болгон чегерүүсүнө) каржылоого №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мектепке чейинки билим берүү мекемесине ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 8500,0 миң сомго бекитилсин жана анын чыгымдары 8500,0 миң сомго №4-тиркемеге ылайык казыналык система аркылуу жумшоосу белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 1028,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52-токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин кызматкерлеринин саны 34 штат бирдиги менен бекитилсин, анын ичинен 13 (он үч) штат бирдиги келишимди негизде алынсын.
6. Кызматкерлердин айлык акылары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы №381-токтомуна ылайык, келишимдик негизде алынган кызматкерлердин эмгек акысы эсептелген нормага ылайык 13290,2 миң сом эмгек акы фондусуна жана социалдык фондко чегерүүлөрго 1822,8 миң сом бекитилсин. Ал эми, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесине ылайык, башкы адисттер Ы.Алимбекова, Б.Замирбековдорго эмгек акы төлөөдөгү 2,91 коэффициенти, жетектөөчү адис С.Арзыкуловдун 2,50 коэффициенти сактоо менен жана 2025-жылга ыйгарым укуктуу кызмат үчүн (экономист-статист) Республикалык бюджеттен каржыланышын эске алып, жергиликтүү бюджеттин башкаруу бөлүмүнүн эмгек акы фондусуна 13091,5 миң сом жана социалдык фондко чегерүүлөрго 1793,1 миң сом №5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы №429-токтомдун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 17 штат бирдиги кармалсын жана айлык акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.03.2022-жылдагы №185 токтомунун негизинде №6-тиркемеге ылайык 3276,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн социалдык фондко болгон төлөмдөрдү ижарачылар өздөрү төлөөлөрү белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине, 29-июль 2024-жылдагы №152 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана ылайык, жайыт пайдалануучулардан жыйналуучу жайыт ижарасынын киреше чыгашалары 787,2 миң сом өлчөмүндө №7-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жайыттан жыйналган каражаттарды максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын башчысына милдеттендирилсин жана аны көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
10. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-апрель 2022-жылдагы № 240-токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин жана төлөп берүү №8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Жайыт комитетинин кызматкерлеринин саны 2 штат бирдиги менен кармалсын жана эмгек акы фондусуна 264,0 миң сом жана социалдык фондко чегерүүлөрго 45,5 миң сом №9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
12. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн чыгымдары 15991,7 миң сом өлчөмүндө №10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
13. Билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 5832,4 миң сом өлчөмүндө №11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары 22759,2 миң сом өлчөмүндө №12-тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. Социалдык камсыздоо бөлүмүнүн чыгымдары 825,5 миң сом өлчөмүндө №13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. Маданият бөлүмүнүн чыгымдары 4308,7 миң сом өлчөмүндө №14-тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Айылдык кеңештин чыгымдары 1985,3 миң сом өлчөмүндө №15-тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Мектептерди жана балдар бакчаларын 2025-2026-окуу жылына кышка отун жана көмүр менен камсыз кылуу үчүн 2320,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүүсү №16-тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
20. Бекитилген 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
21.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
22. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага К.Кулмамбетов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Постановление Правительства КР от 27 августа 2019 года № 429 "Об условиях оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 27.08.2019 · № 429
- Закон «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»Закон · 27.10.2021 · № 125
- Указ Президента КР от 1 августа 2022 года УП № 266 "Об условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 01.08.2022 · № 266
- Постановление Кабинета Министров КР от 7 февраля 2024 года N 52 "Об организации деятельности исполнительных органов местного самоуправления Кыргызской Республики в период…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Утратил силу