Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга карата бюджетин жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму
2023-жылдын 21-февралы № 18/2 Өзгөн шаарынын 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга карата бюджетин жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык жана “Бюджет, салык жана финансы боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 13-февралындагы №1 биргелешкен отурумунун протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык 139714,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылга болжолу 2-тиркемеге ылайык 168208,2 миң сом, 2025-жылга болжолу 3-тиркемеге ылайык 173394,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу шаардык мэриясына сунушталсын.
4. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
5. Салык агенти төлөгөн киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
6. Патент негизиндеги салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
7. 2023-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 22688,2 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык шаар мэриясынын резервдик фонду 2100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) ай сайын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн 25% үстөк төлөнсүн, транспорттук чыгымдар үчүн айына 2000 сом өлчөмүндө, тамактануу үчүн айына 5000 сом өлчөмүндө компенсациялык суммалар белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык МММБ департаментинин, Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын, Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципадык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) ай сайын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн 10% үстөк төлөнсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №672 токтомуна ылайык менчик жеке автомобилин кызматтык сапарларга пайдалангандыгы үчүн Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына айына 7000 сомдон компенсация төлөнсүн.
10. Өзгөн шаар мэринин жашап турган үйүнүн ижара акысына каралуучу 180,0 миң сомдун мыйзамдуулугун тактап каржылоо жүргүзүү Өзгөн шаар мэриясына тапшырылсын.
11. Элге социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн 272131 “Элге жеңилдиктер” статьясынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5100,0 миң сом каржылоого макулдук берилсин.
12. 2024-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүргүзүлүүчү нак акча 2000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. Өзгөн шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 165690,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 157363,5 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин. 2023-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте 25771,3 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын жана мыйзамга ылайык төмөнкү чыгашаларын каржылоого багытталсын: чыгымдардын корголгон беренелери, коммуналдык кызматтар, отун алуу, региондорду өнүктүрүү фонддору менен биргелешкен долбоорлорду каржылоого, дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды кошо каржылоого, жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерге, социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык өнүктүрүү программасына ылайык артыкчылыктуу багыттарга.
14. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2023-жылдын 1-январына карата 1011,0 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын жана мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
15. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2021-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2022-жылга шаардык бюджетте калган 18228,6 миң сом эркин калдыктын “Капиталдык курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасына каржыланганы эсепке алынсын.
16. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын 2023-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
17. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
18. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
19. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
20. Бул токтом жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
Төрага
А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2023-жылдын 21- февралындагы кезектеги XVIII сессиясынын №18/2 токтомунун 1-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин долбоору
№
Кирешелер
Суммасы, миң сом
1
Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы
81412,0
2
Патент негизиндеги салык
35165,0
3
Турак-жай эмес мүлккө салык
1 307,3
4
Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык
4 130,0
5
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
2 310,0
6
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
-
7
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
3 285,5
8
Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым
41,0
9
Жер үчүн ижара акы
2 519,4
10
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
485,0
11
Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
9 059,0
КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
139714,2
№
Чыгашалар
мин сом
1
Мамлекеттик башкаруу
22268,2
2
Шаар мэриясынын резервдик фонду
2100,0
3
Турак-жай чарбасы
81834,8
4
Маданият бөлүмү
3824,4
5
Билим берүү бөлүмү
24586,8
6
Социалдык коргоо бөлүмү
5100,0
ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
139714,2
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы
А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2022-жылдын – февралындагы кезектеги XVIII сессиясынын №18/2 токтомунун 2- тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин болжолу
№
Кирешелер
Суммасы, миң сом
1
Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы
109906,0
2
Патент негизиндеги салык
35165,0
3
Турак-жай эмес мүлккө салык
1 307,3
4
Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык
4 130,0
5
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
2 310,0
6
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
-
7
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
3 285,5
8
Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым
41,0
9
Жер үчүн ижара акы
2 519,4
10
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
485,0
11
Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
9 059,0
КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
168208,2
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы
А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2023-жылдын 21- февралындагы кезектеги XVIII сессиясынын №18/2 токтомунун 3- тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата бюджетинин болжолу
№
Кирешелер
Суммасы,
миң сом
1
Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы
115072,0
2
Патент негизиндеги салык
35165,0
3
Турак-жай эмес мүлккө салык
1 307,3
4
Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык
4 130,0
5
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
2 310,0
6
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
20,7
7
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
3 285,5
8
Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым
41,0
9
Жер үчүн ижара акы
2 519,4
10
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
485,0
11
Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
9 059,0
КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
173394,9
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы
А.Хасанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 1 августа 2022 года УП № 266 "Об условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 01.08.2022 · № 266
- Постановление Правительства КР от 18 сентября 2006 года № 672 "О нормах компенсации за использование личных легковых автомобилей для служебных поездок"Постановление · 18.09.2006 · № 672