Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Барпы айылдык кеңешинин «Барпы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашаларынын долбоорун жана 2026-2027-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө» токтому.
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/1
«Барпы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашаларынын долбоорун жана 2026-2027-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчликке алып, Барпы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашаларынын долбоорун жана 2026-2027-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө Барпы айыл кеңешинин бюджет, финансы жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 12.02.2025-жылдагы №1 протоколу жана Барпы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысын билдүрүүлөрү менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга жалпы кирешелери 100027,3 миң сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 77147,1 миң сом, атайын каражаттар 22880,2 миң сом жана чыгышылардын көлөмү 100027,3 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2026-жылга жалпы кирешелер 103140,1 миң сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 83140,1 миң сом, атайын каражаттар 20000,0 миң сомго, 2027-жылга кирешелер 110786,3 миң сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 90786,3 миң сом, атайын каражаттар 20000,0 миң сомго божомолу бекитилсин.
3. «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн жыйналган салык, салык эмес жыйындарды биринчи кезекте коргоого алынган статьялар боюнча эмгек акы жана социалдык фонд төлөмдөрүн каржылоого жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 100027,3 миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылыйык бекитилсин.
5. Барпы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга башкаруу бөлүмүнүн чыгымдарынын бөлүнүшү №3 тиркемеге ылайык 23319,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун негизинде Барпы айыл өкмөтүнүн башкаруу бөлүмү 37 штат бирдиги, (контракт негизинде 14 штаттык бирдик кармалсын (айыл кенеш бөлүмүнө 4 штат бирдик, аппарат бөүмүнө муниципиалдык кызмат 13 шататык бирдик, ТОП жана МОП 6 шаттык бирдик, айыл башчылар 12 штат бирдиги, салык кызматкери 1 штат бирдик, 1 штат эконмист-статист), айлык акылары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы №95, 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыктары жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 1-август 2022-жылдагы №433 Токтомун негизинде 14568,5 миң сом эмгек акы фонду жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык фондкө чегирүүгө 2018,0 мин сом №4-тиркемеге ылайык бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын негизинде экономист-статист кызматын эмгек аксыны республикалык бюджет эсебинен төлөнгөндүгүн эске алып, мурдагы Ырыс айыл өкмөтүнүн имараты айыл кеңештин токтому менен №5 Бобур мектепинин филиалы катары өткөрүп берилгендигинен каролчулук кызматын эмгек акысы билим берүү бөлүмү тарабынан төлөнүп жаткандыгын эске алып, 2025-жылга башкарүү бөлүмүнүн эмгек аксысы 12611,9 миң сом, соцфондго чегирүү 1744,5 миң сом бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 1500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. 2025-жылга айылдык кеңештин башкаруу чыгымдарынын бөлүнүшү №5 тиркемеге ылайык 2096,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Айыл кеңешинин бөлүмүнүн эмгек аксысы 1457,0 миң сом, соцфондго чегирүү 198,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине, Кыргыз Респудикасынын 2009-жылдын 26-январы №30 “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык жайыт пайдалануучулардан жыйналуучу 1640,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты жайыт жерлеринин инфраструктурасын ондоого №6-тиркемеге ылайык төлөнсүн жана “Барпы” муниципиалдык ишканасынан 1640,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты келишимдин негизинде өткөрүп берилсин.
11. Барпы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга комуналдык чарба бөлүмүнүн чыгымдарынын бөлүнүшү №7 тиркемеге ылайык 33321,8 миң сом (анын ичинен жергиликтүү бюджет 31197,3 миң сом, атайын каражат 2124,5 миң сом) өлчөмүндө бекитилсин.
12. Барпы айыл өкмөтүнүн балансасында турган 3 мектеп автобус айдочусу үчүн 3 штат, 1 штат энергетик, 1 штат багбан, Боз-Чычкан жана Сай участкасындагы телевышка кароолчулугу үчүн 1 штаттык бирдик, жалпысы болуп 6 штаттык бирдик кармалсын жана эмгек акысына 748,0 мин сом, соцфон төлөмдөрүнө 129,0 миң сом өлчөмүндө №8 тиркемеге ылайык бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык субсидия катары “Барпы” муниципиалдык ишканасына келишим негизинде өткөрүп берилсин жана “Барпы” муниципиалдык ишкананын уставына ишмердүүлүгүн өзгөртүү ишкана жетекчисине жүктөлсүн.
13. Барпы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга маданият бөлүмүнүн чыгымдарынын бөлүнүшү №9 тиркемеге ылайык 3213,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-август 2017-жылдагы №495-токтомунун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 8 штат бирдиги кармалсын жана айлык акысы Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 30-март 2022-жылдагы №185 Токтомуна ылайык №10-тиркемеге боюнча эмгек акысына 1515,8 миң сом, социалдык фонткө черирүүгө 261,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
15. Барпы айыл өкмөтүнүн билим берүү бөлүмү боюнча ар бир жалпы билим берүү мекемелери, мектепке чейинки билим берүү мекемелери боюнча чыгымдалышы №11, №12, №13, №14 тиркемелерге ылайык 34790,7 миң сом (анын ичинен жергиликтүү бюджет 14035,0 миң сом, атайын каражат 20755,7 миң сом) өлчөмүндө бекитилсин.
16. Атайын каражат эсебинен бала бакчалардын тамак ашына 17680,2 миң сом №15 тиркемеге ылайык акча каражаты бөлүнсүн.
17. Барпы айыл өкмөтүнүн кирешелеринин жогорулату максатында “Келечек” жабык акционердик коому менен 2023-жылдын 24-сентябрындагы “Барпы айыл аймагындагы инфраструктурасына финансылык колдоо жөнүндө” келишимдин негизинде 2025-жылга социалдык пакет эсебинен атайын каражаттар эсебинен төлөнүчү 5000,0 миң сом акча каражаты эсебинен Түрк-Абад айылындагы М.Сарыков мектебинин мурунку имаратын бала бакча катары пайдалануу үчүн капиталдык ремонттон өткөрүү жумуштарына өздүк салым катары 3075,5 миң сом, Сай айылындагы спортзал курулушунун аягына чыкаруга 1924,5 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтому негизинде “Күмүш-Азиз айылы Хамид-Алимжан көчөсүн асфальтто” долбоору жана Курук-Көл айылы Г.Тойчиев көчөсүн асфальттоо” долбоору каржылоо боюнча эл салымы катары 200,0 миң сом акча каражаты №16 тиркемеге ылайык каржылансын.
18. Билим берүү бөлүмдөрүнө 2025-2026-жылдарга кыш мезгилине карата 878 тн комур сатып алууга 6146,0 мин сом акча каражаты №17 тиркемеге ылайык бөлүнсүн.
19. Барпы айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо бөлүмүнүн чыгымдарынын бөлүнүшү №18 тиркемеге ылайык 1646,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы №208-буйругуна ылайык электр энергияга бөлүнгөн 2043 миң кВт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча №19 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана көзөмөл жүргүзсүн.
21. Айыл өкмөтүнөн жыйналган атайын каражаттарды казыналык системаны актап өтүп пайдалануусуна тыюүү салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% тийиштүү бюджеттин кирешесине алынышы белгиленсин.
22. Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайлалануу жана ички резервтерди изилдеп кошумча киреше булактарын табууну Барпы айыл өкмөтүнүн башчысына, бөлүм башчысына, салык бөлүмүнүн башчыларына милдеттендирилсин.
23. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Темирбаевке милдеттендирилсин.
24. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн www.barpy.gоv.kg расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
У.А.Абдыкулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 6 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (6)
- Указ Президента КР от 28 марта 2022 года УП № 95 "О совершенствовании условий оплаты труда работников бюджетной сферы Кыргызской Республики"Указ · 28.03.2022 · № 95
- Указ Президента КР от 1 августа 2022 года УП № 266 "Об условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 01.08.2022 · № 266
- РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 20 июня 2018 года N 208-р (Об утверждении годовых лимитов потребления электрической, тепловой энергии и природного газа для собственного…Распоряжение · 20.06.2018 · № 208-б
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров КР от 7 февраля 2024 года N 52 "Об организации деятельности исполнительных органов местного самоуправления Кыргызской Республики в период…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2015 года № 230 "Об утверждении Положения об отборе и финансировании проектов за счет долевых (стимулирующих) грантов и Инструкции по…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Утратил силу