Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин ««Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол куруу боюнча инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселелери жөнүндө» Токтому
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү IV cессиясы
2025-жылдын 13-мартындагы № 4/2
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол куруу боюнча инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселелери жөнүндө
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну, 2024-жылдын 20-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы №85-т тескемесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесинин 1-пунктуна жана 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу үчүн убактылуу 22,3 чакырым жолдорду (Кош-Дөбө-Куу коргон–Макмал капчыгайы 22,3 чакырым) жайгаштырууга Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан аянты 29,7 га жер тилкеси, жолдордон чыккан топурактарды сактоочу жерлер үчүн 0,4 га жер аянты, электр подстанциясын жайгаштырууга жайыт жеринен аянты 0,17 га жер тилкеси схемага ылайык, “Мамлекеттик компания” Кыргыз темир жолу Мамлекеттик ишканага 6 (алты ) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. “Мамлекеттик компания” Кыргыз темир жолу Мамлекеттик ишканага убактылуу пайдалануу укугу төмөнкү шарттарда берилет деп аныкталсын:
-иштерди жүргүзгөн жак тарабынан экологиялык ченемдерди сактоо шарттары менен; -1-пункта көрсөтүлгөн жерлерге иштерди жүргүзгөн жак тарабынан милдетүү түрдө рекультивациялоо иштери жургүзүү менен;
3. 1-пункта көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин тараптын талабы боюнча жер тилкенин пайдалануунун мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага:
Бактыбай уулу Кубанычбек
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.