Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ийри-Суу айыл аймагынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө токтому
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги IV-сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 13
Ийри-Суу айыл аймагынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын 2025- жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл аймагынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин.
Төрага
С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы кезектеги IV-сессиясынын 2025-жылдын 27-февраль №13 токтомуна тиркеме
Ийри- Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата иш- аракеттер планы.
№
Милдеттер
Аракеттенүү иш- чарасы
Күтүлүүчү натыйжа
Аткаруу мөөнөтү (күнү, айы, жылы)
Ким тарабынан аткарылат
Экономикалык өсүүнүн сапатын көтөрүү
1.
Айыл өкмөтүнүн финансылык көз карандысыздыгын жогорулатуу
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 100 миң сомго көбөйтүү
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 2 %ден кем эмес жогорулатуу
2025-жыл
Айыл өкмөтү
2
Жаңы ачылган өндүрүштөргө жумушчу орундарын ачуу
Жумушчу орундарын ачуу
Жумушсуздукту кыскартуу
2025-жыл
Айыл өкмөтү
Өнөр жай
3
Инвестиция тартууда инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү
Ишкердүүлүктү уюштуруу адистерди даярдоо, эркектер менен аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө жетишүү максатында эл аралык уюмдар менен биргеликте окутуу. Семинарларды өткөрүү жана мамлекет тарабынан берилген кепилдиктерди аткаруу
Инвестиция тартуу боюнча шарттарды түзүү
2025-жыл
Айыл өкмөтү
4
Ишкерлерге жана дыйкандарга көрсөтүлүүчү практикалык жардамдардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу
Айыл чарба министрлиги менен биргеликте жана башка айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы иш алып барган тараптардын катышуусунда тегерек столдорду жана семинарларды уюштуруу. Кызмат көрсөтүү жана чыгарылган продукциялардын сапатын жакшыртуу жана технологияларды табуу жана алып келүү.
Айыл өкмөтүнүн аймактарында анын жашоо ишмердүүлүгүнүн түрдүү сфераларында дүң продукцияларды өндүрүүнү көбөйтүү аркылуу калктын жыргалчылыгын сактоо салыкты көтөрүүгө багытталган алга умтулуучу, туруктуу жана тез иштелген өнүгүүсүн камсыз кылуу
Ар дайым
Айыл өкмөтү
5
Салыктар жана жыйымдар боюнча берилген план –тапшырмаларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу
Салык чогултуу боюнча системалуу иш алып барып , салыктан бардык түрлөрү боюнча тактоо жана жылдын жыйынтыгында берилген пландык тапшырмаларын өз убагында аткарууга
Салык чогултуу боюнча системалуу иш алып барып , салыктан бардык түрлөрү боюнча тактоо жана жылдын жыйынтыгында берилген пландык тапшырмаларын 100% ке аткаруу
2025-жыл
Айыл өкмөтү
Энергетика
6
Электр коопсуздугун сактоо, алдын алуу
Айылдардагы социалдык обьекттерге тартылган авариялык абалдагы ички мамычаларды алмаштыруу.
Социалдык обьектилердин коопсуздугу сакталат
2025-жыл
Айыл өкмөтү
7
Эскирген электр мамыларын , электр линияларын алмаштыруу жана бөлүштүрүүчү түйүндөрдү модернизациялоо трансформатор коюу
Жангакты . Корс- Этти. Кыргызстан, Жийде, Кара- Колот, Ак- Терек, Ор-Казган, Чангет. Өстүрүү айылдарындагы айыл тургундарын коопсуздук жаратып жаткан авариялык абалдагы электр мамычаларын алмаштыруу жаңылоо
Электр линияларынын ишмердүүлүгүн көтөрүү, авариялуулугун төмөндөтүү, жоготууларды азайтуу
2025-ж
Республикалык жана жергиликтүү бюджет. Айыл өкмөтү
Айыл чарба
8
Мал чарбасын өнүктүрүү жана экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү темпин камсыз кылуучу кооперативдерди түзүү жана айыл чарбасынын өсүшүн камсыздоочу технологияларды пайдалануу.
Уруктандыруу пункттарын ачуу, асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо, мал ылаңдарынын алдын алуу.
Мал чарбасынын асылдуулугун продуктивдүүлүгүн жогорулатуу.
2025-жыл
Айыл өкмөтү
9
Кара малдардын жана кой эчкилердин сапатын көтөрүү жана мал чарбачылыгынын өнүмдүүлүгүн көтөрүү
Жасалма уруктандыруу жана адистешкен фермердик чарбаларды уюштуруу аркылуу аймактагы мал – жандыктардын сапатын жогорулатуу.
Сандан сапатка өтүү
2025-2026-жж
Айыл өкмөтү
10
Мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн инфроструктураны түзүү.
Мал жандыктарды эмдөөдөн өткөрүү үчүн роскол, морчо,куут пункттарын жана роскол яма беккерин куруу.
Мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу
2025-2026-жж
Айыл өкмөтү
11
Мал чарбасын өз учурунда дарылоодон өткөрүү
Ветеринария, жугуштуу оорулардын алдын алуу
Малдан асылдуулугун кунардылуугун арттыруу
Ар дайым
Айыл өкмөтү
12
Өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана отоо чөптөрдөн коргоо боюнча иштерди жакшыртуу
Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн сапаттуу пестицидтер жана агрохимикаттар менен камсыз кылуу
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу
Ар дайым
Айыл өкмөтү
13
Айыл чарба жерлерин толук пайдалануу
КБФ-нын жерлери эффективдүү пайдаланылат
Жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелер түшөт.
2025-2026-жж
Айыл өкмөтү
14
Фермер, дыйкан чарбалардын,айыл чарба кооперативдердин ишин жандандыруу
Айыл өкмөттүн аймагындагы ишкерлерге мал породаларын өнүктүрүүнү, дыйкандарга сапатуу үрөн, минералдык жер семирткичтер дыйкандардын эгиндерине сугат суунун жетишин камсыздоо
Дыйкандар агро техникалык эрежелер боюнча маалыматтар жана үрөн, минералдык ресурстар, суу менен камсыздалат.элдин турмуш деңгеели жогорулайт
Ар дайым
Айыл өкмөтү
15
Дан эгиндерин оруп жыйноочу техника (Комбайн) лизингке банк аркылуу алуу
Айыл тургундарынын дан эгиндерин эгүүгө жана аны оруп жыйноого шарт түзүү
Айыл тургундары жана дыйкандар үчүн дан эгиндерин жыйноочу техника менен камсыздалат.элдин турмуш деңгеели жогорулайт
2025-жыл
Айыл өкмөтү
Инфраструктура, туризм жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу
16
Калктуу конуштарды таза суу менен оптималдуу камсыздоо
Корс- Этти , Жангакты, Ак-Терек, Кара-Колот, Чаңгет, Өстүрүү айылдарын таза суу менен камсыздоо. Кыргызстан айылынын эски таза суу курулмаларын оңдоп,ишке киргизүү.
Жугуштуу аш казан- ичеги ооруларынын санын кыскартуу, калктын жашоо деңгеелин жогорулайт.
2025-2026-жж
Республикалык бюджет. Донордук уюмдардын каражаттары.
17
Ички чарбалык жолдорго шагыл төгүү жана ички чарбалык көпүрөлөрдү оңдоо.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички жолдорго шагыл төгүү. Жаңгакты айылы менен Корс-Этти айылдарын байланыштырган көпүрөнү оңдоо. Жийде, Ор-Казган айылын байланыштырган ички чарбалык жолуна шагыл төшөө
Автоунаа жолдорунун түйүндөрүнүн абалынын сапатын көтөрүү
2025-2026-жж
Айыл өкмөтү
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен
18
Айыл аймагында көчкү, сел жана жер титирөө коркунучу бар аймактарда анализ жана мониторинг иштерин күчөтүү
Кооптуу аймактарда такай көзөмөл жүргүзүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу
Өзгөчө кырдаалдардын алдын- алуу жергиликтүү калктын жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдар учуру боюнча калктын маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогрулатуу
Ар дайым
Айыл өкмөтү ӨКМ.
19
Өрткө каршы авариялык коопсуздук чараларын бекемдөө
Айыл өкмөтүнүн аймагында өрткө каршы түзүлгөн коопсуздук чараларынын жана каражаттарынын абалын жакшыртуу
Өрткө каршы авариялык коопсуздук каражаттарынын эффективдүүлүгүн атайын каражаттар, жабдыктар жана техника аркылуу көтөрүү
2025-жыл
Айыл өкмөтү
20
Айылдарга ген план түзүү
Айылдарга ген план түзүп, калктуу конуштардын кооптуу аймактарына көчкү зоналарына көчөттөрдү отургузуу
Калктын турак жайларына менчик укуктарын катоого шарт түзүү
2025ж
Айыл өкмөтү
21
Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну камсыздоо
Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну камсыздоо.Жыл сайын капиталдык курулушка инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү максаттарында инвестициялык жигердүүлүккө демилге берүү
Реалдуу сектордогу экономикалык процесстерди өнүктүрүү жана күчөтүү, социалдык сферага оң таасир этүү
2025-жыл
Айыл өкмөтү
22
Жийде айылына бала бакча куруу
Бала бакча куруу үчүн жер участокторун ажыратып, архитектуралык пландоо шарттарын түзүү жана каражат табуу.
Мектепке чейинки билим берүүгө шарт түзүү
2025-2026-жж
Айыл өкмөтү
23
К.Ботояров атындагы орто мектептин жаңы имаратын курууну ишке ашыруу.
К. Ботояров атындагы орто мектебине жаңылап заманбап мектеп куруу
Балдардын билим алуусуна шарт түзүлөт, 375 орунга ылайыкташкан мектепте 800 бала билим алат жыйынтыгында билим берүүнүн сапаты жогорулайт.
2025-2026-жж
Айыл өкмөтү Респубдикалык бюджеттен
24
Ор- Казган айылындагы Ийри-Суу № 18 башталгыч мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү
Балдардын билим алуусуна шарт түзүп демилге берүү.
Балдардын билим алуусуна шарт түзүлөт, билим берүүнүн шарты жогорулайт.
2025-2026-жж
Айыл өкмөтү
25
Кыргызстан айылына сугат суу чыгаруу. Долбоорун даярдоо
Айыл тургундарынын турмуш тиричилигин жакшыртууга көмөк көрсөтүү .
Дыйканчылык кылууга шарт түзүү жана эшик алдындагы жерлерди эффективдүү пайдалануу
2025-жыл
Айыл өкмөтү
26
Корс-Этти, Жаңгакты, Ак-Терек, Кара-Колот айылдарынын негизги жолдорун жарыктандыруу
Айыл аймагындагы көчөлөрдү жарыктандыруу.
Көчөдө жүрүү коопсуздугу камсыздалат .
2025-жыл
Жергиликтүү бюджет. Башка фонддордун каражатына.
27
Жаңгакты айылындагы К.Тиленбаев атындагы орто мектептин ашкана жан спорт залын куруу.
Айыл тургундары тарабынан даярдалган долбоорду ишке ашыруу.
Балдар жана өспүрүмдөрдүн дени сак жашоосуна шарт түзүү менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
2025-жыл
Айыл өкмөтү Республикалык бюджеттен.
28
Кыргызстан айылындагы А.Айтиев көчөлөрүндөгү спорт залдын имаратын ондоп түзөө
Айыл тургундары тарабынан даярдалган долбоорду ишке ашыруу.
Балдар жана өспүрүмдөрдүн дени сак жашоосуна шарт түзүү менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.
2025жыл
Айыл өкмөтү
29
Жийде айылынын Биймурзаев көчөсүнүн 1 км аралыгына асфальт төшөө.
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу
Унаа каттамы жана жөө адамдарга шарт жакшырат.
2025-жыл
Айыл өкмөтү Республикалык бюджеттен.
30
КР. Президентинин 2021-жылдын 12- октябрындагы № 435 Жарлыгы “ Жашыл Мурас ” улуттук программасын ишке ашыруу Кыргызстан айылындагы Ийри-Тескей участкасындаг ички жайыт болуп эсептелген аймакты жашылдандыруу
Жердин категориясын которуп долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу.
Айыл тургундарынын эс-алуусуна шарт түзүлөт.
2025-2026-жж
Айыл өкмөтү Жергиликтүү,республикалык бюджет жана башка каржы булактары.
31
Чангет айыл өкмөтүнүн мурдагы имаратын оңдоп түзөөдөн өткөрүү ( кап ремонт) ФАП ка өткөрүп берүү
Айыл тургундарынын ден соолугуна кам көрүү
Айыл тургундарынын айыл жеринде даарылануусуна шарт түзүлөт
2025-жыл
Айыл өкмөтү
32
Өстүрүү айылындагы спорт залды оңдоп түзөөдөн өткөрүү ( кап ремонт)
Жаш өспүрүм балдардын спорттук оюндарын ойноого шарт түзүлөт. Ар кандай терс көрүнүштөгү иштерге өспүрүмдөрдүн аралашып кетпөөсү кыскарат.
Ден соолугу чың, толук кандуу өсүшү камсыздалат.
2025-жыл
Айыл өкмөтү
33
Өстүрүү айылындагы ат майданын тосуу
Айыл тургундарына көк бөрү оюнун ойноого шарт түзүлөт
Айыл тургундарынын улак оюнун ойноп эс-алуусуна шарт түзүлөт.
2025-жыл
Айыл өкмөтү
34
Эскирген электр мамыларын , электр линияларын алмаштыруу жана бөлүштүрүүчү түйүндөрдү модернизациялоо трансформатор коюу
Чангет, Өстүрүү айылдарындагы айыл тургундарын коопсуздук жаратып жаткан авариялык абалдагы электр мамычаларын алмаштыруу жаңылоо
Электр линияларынын ишенимердүүлүгүн көтөрүү, авариялуулугун төмөндөтүү, жоготууларды азайтуу
2025-жыл
Республикалык жана жергиликтүү бюджет. Айыл өкмөтү
35
Чангет айылындагы Ункур- Балыктдагы автоуна жүрүүчү ички жолду ондоп калыбына келтирүү
Айыл тургундарынын күнүмдүк жашоосуна шарт түзүлөт
Айыл тургундарынын ички жол боюнча көйгөйлүү маселеси чечилет
2025- жыл
Айыл өкмөтү
36
Өстүрүү айылынын калкын таза суу менен камсыздоо
Айыл тургундарын таза суу менен камсыздоо.
Жугуштуу аш казан- ичеги ооруларынын санын кыскартуу, калктын жашоо деңгеелин жогорулайт.
2025-2026жж
Дүйнөлүк банк
37
Чаңгет айылынын калкын таза суу менен камсыздоо
Айыл тургундарын таза суу менен камсыздоо.
Жугуштуу аш казан- ичеги ооруларынын санын кыскартуу, калктын жашоо деңгеелин жогорулайт.
2025- жыл
АКШнын Орто Азия кызматташтыгы фонду. БУУнун “Жумуш үчүн азык-түлүк” долбоору. Жергиликтүү бюджет.
38
Жийде айылынын Борбиев көчөсүнө асфальт төшөө.
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу
Унаа каттамы жана жөө адамдарга шарт жакшырат.
2025-2026жж
Республикалык бюджет .
39
Кыргызстан айылынын Айтиев көчөсүнүн 1,5 км аралыгына асфальт төшөө.
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу
Унаа каттамы жана жөө адамдарга шарт жакшырат.
2025-жыл
Республикалык бюджет .
40
Жаңгакты айылынын Аттокуров көчөсүнүн 1 км аралыгына асфальт төшөө.
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу
Унаа каттамы жана жөө адамдарга шарт жакшырат.
2025-2026жж
Жергиликтүү өнүктүрүү фонддору.
41
Ылайыктуу жер аянтына таштанды таштоочу жай даярдоо.
Жердин багытын которуу. Тийиштүү шартты түзүү.
2025-ж катуу тиричилик калдыктарын башкарууга шарт түзүлөт.
2025-жыл
Жергиликтүү бюджет. Башка булактар.
42
Өстүрүү айылынын Коконбай көчөсүнө асфальт төшөө.
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу
Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарт түзүлөт.
2025-жыл
Республикалык бюджет .
43
Чаңгет айылындагы Кубатбеков көч. Асфальт төшөө.
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу
Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарт түзүлөт.
2025-жыл
Республикалык бюджет .
44
Жийде айылынын М. Мамыров көчөсүнүн 1,5 км аралыгына асфальт төшөө.
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу
Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарт түзүлөт
2026-жыл
Республикалык бюджет .
45
Жийде айылынын Р. Айтбаев көчөсүнүн 1 км аралыгына асфальт төшөө
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу
Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарт түзүлөт
2026-жыл
Республикалык бюджет .
46
Айыл аймагындагы көчө жарыктандырууларын оңдоп түзөө жана мыйзамдаштырып өткөрүп алуу
Өстүрүү, Чаңгет , Жийде, Кыргызстан айылдарындагы көчө жарыктарын пайдаланууга берүү
Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарт түзүлөт
2025-жыл
Жергиликтүү бюджет
47
Чаңгет айылындагы Үч-Тапкыр участкасына узундугу 1500 метр жерге сугат суу чыгаруу боюнча долбоорлорду даярдоо
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу
Дыйканчылык кылууга шарт түзүү жана эшик алдындагы жерлерди эффективдүү пайдалануу
2025- жыл
Жергиликтүү бюджет
48
КР. Президентинин 2023-жылдын 14 мартындагы № 56 Жарлыгын ишке ашыруу Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге ( жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө обьекттерин ( анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар
Айыл аймагындагы негизги жана ички чарбалык автоунаа жүрүүчү жолдорду кеңейтүү
Унаа каттамы жана жөө адамдарга шарт жакшырат.
2025-жыл
Айыл өкмөтү
49
Айыл аймагындагы Ак-Терек айылына көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү ФАО 25 га жер аянтына көчөт отургузуу иштерин жүргүзүү
Жердин категориясын которуп долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу.
Айыл тургундарынын эс-алуусуна шарт түзүлөт.
2025-жыл
50
Курулушу бүткөн Кыргызстан, Өстүрүү айылдарында сүттү топтоп зыянсыздандыруучу чакан цехти пайдаланууга берүү
Ишкердикти өнүктүрүү менен жаңы 13 жумуш ордун түзүү.
Аймактын экономикалык өсүүсүүсүнө шарт түзүү менен айыл чарбасынын өнүгүшүнө шарт түзөт.
2025-жыл
Айыл өкмөтү
Социалдык өнүгүү
51
Жакырчылык деңгээлин 25 дан 23 %га чейин
-жакыр үй-бүлөөлөрдүн турмуш деңгеелин көтөрүү үчүн атайын иш-чараларды иштеп чыгуу(соц контракттан негизинде микрокредиттерди берүү): -Социалдык жашоо шарты оор үй- бүлөөлөргө ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулдарды алууга жардам көрсөтүү: -жакыр үй бүлөөлөргө жылытуу мезгилине карата отун менен камсыздалуусуна көмөк көрсөтүү. -аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмуш шартын жакшыртууда доонорлор менен иш алып баруу. -мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардам көрсөтүү. -КР президентинин 2022-ж 24-февралындагы”үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндөгү” №54- жарлыгын аткарууга алуу.-
Жакыр үй- бүлөөлөрдун саны кыскарат . Элдин турмуш деңгээли жакшырат.
2025-жыл
Айыл өкмөтү
52
Айыл аймагында “Ыр кесе” “Кыз- жигит сармерден” иш чарасын өткөрүү
Ар кандай терс көрүнүштөгү иштерге айыл тургундарынын аралашып кетпөөсү кыскарат.
Айыл тургундарынын эс-алуусуна шарт түзүлөт. Талантуулар тандалат
2025-жыл
Айыл өкмөтү
53
КР. Президентинин 2022-жылдын 06- сентябрындагы № 305 Жарлыгын ишке ашыруу . Айыл аймагында айлана чөйрөнү тазалоо, иретке келтирүү
Айыл аймагындагы бардык айылдарда айлана чөйрөнү тазалоо, тиричилик калдыктарын жок кылуу, тазалыкты сактоо
Жугуштуу ооруларынын санын кыскартуу, калктын жашоо деңгеелин жогорулайт.
2025-жыл
Айыл өкмөтү
54
КР.Президентинин 2024- жылдын 14- октябрындагы № 296 Жарлыгын ишке ашыруу “ Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө ” иш алып баруу
Айыл аймагында каада салт ырым жырымдарды кыскартуу боюнча иш чараларды күчөтүү
Айыл тургундарынын жашоо шарты жакшырат.
2025- жыл
Айыл өкмөтү
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Указ Президента КР от 6 сентября 2022 года УП № 305 "О Национальном дне чистоты и Плане действий по созданию эффективной инфраструктуры по обращению с бытовыми отходами на период…Указ · 06.09.2022 · № 305
- Указ Президента КР от 14 октября 2024 года УП № 296 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"Указ · 14.10.2024 · № 296
- Указ Президента КР от 12 октября 2021 года УП № 435 "О Национальной программе развития Кыргызской Республики до 2026 года"Указ · 12.10.2021 · № 435 · Утратил силу