Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата жергиилктүү бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2026-2027-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 20-февралы № 3/3
Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата жергиилктүү бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2026-2027-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесине ылайык, «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-январындагы №2 жана 14-февралындагы №3 протоколдорунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттары 1-тиркемеге ылайык 163991,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2026-жылга болжолу 2-тиркемеге ылайык 177525,8 миң сом, 2027-жылга болжолу 3-тиркемеге ылайык 194597,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Өзгөн шаардык мэриясы 2025-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзсүн.
4. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
5. Киреше булактарынан кармалган киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 10 пайыз республикалык бюджетке, 90 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
6. Патенттин негизиндеги салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
7. 2025-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 33109,9 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык шаардын мэринин резервдик фонду 2000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык төлөнүүчү төлөмдөрдү Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөөгө макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин, Өзгөн шаардык мэриясынын кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) ай сайын кызматтык маянанын өлчөмүндө үстөк акы, МММБ департаментинин, Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын, Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) ай сайын 70% үстөк акы, Өзгөн шаардык кенешинин техникалык тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысына ай сайын эки кызматтык маянанын өлчөмүндө үстөк акы 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөп берилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтомуна ылайык менчик жеке автомобилин кызматтык сапарларга пайдалангандыгы үчүн Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына мэриянын транспорттук чыгымдар статьясынан каржылоого макулдук берилсин.
10. Элге социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн 272131 “Элге жеңилдиктер” статьясынан 3160,0 миң сом, 27216 “Өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткандарга кайтарымсыз жардам” статьясынан 1500,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
11. 2025-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада
жүргүзүлүүчү накталай акча 3000,0 миң сомдон кем эмес суммада белгиленсин.
12. Өзгөн шаарынын 2024-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 176148,3 миң сомго, чыгаша бөлүгү 190948,9 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин. Шаардын бюджетинде 2025-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте 1860,1 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын.
13. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2025-жылдын 1-январына карата 128,0 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын жана мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
14. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2023-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2024-жылга шаардык бюджетте калган 16660,7 миң сом эркин калдыктын 16587,5 миң сому бюджеттик каражаттарга, ал эми 73,2 миң сом атайын каражаттарга каржыланганы эсепке алынсын.
15. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
16. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
17. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
18. Бул токтом жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
Төрага
А. Джалилов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 1 августа 2022 года УП № 266 "Об условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 01.08.2022 · № 266
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 240 "О мерах по упорядочению использования служебного и дежурного автотранспорта государственных…Постановление · 30.04.2022 · № 240