Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Түп айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө» токтому
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2025-жылдын 28-февралыы №39
Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын VI – cессиясы токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
18-ноябрындагы №693-токтомунун 6.3-пунктуна ылайык Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган ваучер алуучу 4 баланын тамактануусу үчүн акы төлөөгө жеңилдиктерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылуусуна макулдук берилсин.
Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Бул токтомду аткарылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысына,
көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеӊешинин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.