Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ош шаардык Кеңешинин Ош шаардык Кеңешинин токтомунун “Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө” жөнүндөгү тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 16-апрели № 28 Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №96 токтомунун “Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө” жөнүндөгү тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Казыбай уулу Мирландын Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №96 токтомунун “Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө” жөнүндөгү тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы №20 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №96 токтомунун “Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө” жөнүндө тиркемесинин в) пунктундагы К3 жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти өзгөртүлүп жана толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“1. Кампалар жана башка көмөкчү жайлар –0,5;
2.Сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин өнөрканалары –1,5;
3.Турмуш-тиричилик багытында кызмат көрсөтүү аянттары (бут кийимдерди, кийимдерди, үй-тиричилигине керектүү буюмдарды ремонттоо, химиялык тазалоо, чачтарачканалар, сулуулук салондору, косметикалык салондор, прокат пункттары, мончолор) –3,0;
4.Долбоордук изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лабораториялардын, аудиториялардын, почталык, медициналык кызмат көрсөтүү жайлары –3,0;
5.Дары-дармектерди сатуу –10,0;
6.Тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак-аш ашканалары–5,0;
7.Автомобилдерди, эсептөө техникалык жана башка жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө, материалдарды көчүрмөлөө (ксерокопия) иштетүү үчүн жайлар–3,0;
8.Электрондук, компьютердик жана башка көңүл ачуучу оюн залдары–10;
9. Аттракциондор –5,0;
10.Офис үчүн пайдалануучу жайлар –6,0;
11.Ресторандар, кафелер, барлар, дискотекалар, хостел, жатаканалар, мейманканалар, сауналар, фитнес клубдар, спорттук ден соолукту чыңдоо жайлары, бильярд –6,0;
12.Финансы мекемелери, банктар, камсыздоо компаниялары, биржалар– 10,0;
13.Өндүрүштүк максатта пайдалануучу жайлар –4,0;
14.Соода түйүндөрү, нан жана нан азыктарын, сүт жана сүт азыктарын, эт жана эт азыктарын, азык-түлүк товарларын, кондитердик азыктарды, алкоголсуз ичимдиктерди сатуу үчүн пайдалануучу аянттар –5,0;
15.1-14 көрсөтүлгөндөрдөн башка жайлар – 6,0”.
2.Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги имараттар (имараттын ичиндеги жайлар) субижарага берилбесин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага
Б.Т.Баетов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.