Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ысык-Ата айылдык кеңешинин «2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин, айыл окмотунун штаттык жугуртмосун жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитуу жонундо» токтому
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы
2023-жылдын 30-январындагы № 92/ХIV-28
2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин, айыл окмотунун штаттык жугуртмосун жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитуу жонундо
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдык бюджетинин аткарылышы жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылга түзүлгөн бюджетин жана 2024-2025 жылдардын божомол бюджеттик кирешени бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102 беренесине ылайык: Кезектеги меселе боюнча айылдык Кенештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын торайымы Байтемирова Гүлжан билдирет: 2022-жылдын бюджеттик эсеп счетунан калган калдык 5185,1 мин сомду түздү, атайын эсеп счетунан калган калдык 7,2 мин сомду түздү. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга түзүлгөн бюджеттин долбоорунун киреше болугу 18539,9 миң сом, анын ичинде бюджеттик эсеп кирешеси 6790,9 м.с. түздү, атайын эсеп кирешеси 20,0 миң сом, тендоочу грант 11729,0 миң сомду түзөт.
Айылокмотунун аппараты
8866,6
Коомдук тартип
89,0
Жайыт комитети
100,0
ТЖКЧ (ЖКУ)
4726,8
Маданият
2687,5
Китепкана
1306,8
Клуб
1380,7
Социалдык коргоо
235,0
Билим беруу
1815,0
Анын ичинен:
Тендоочу грант
11729,0
Оздук киреше
6790,9
Атайын эсеп боюнча
20,0
Баардыгы
18539,9
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн калкынын саны 2023-жылга карата 6062 адамды түзөт. 2023-жылдын бюджетинин долбоорун жана штаттык бирдиктерин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтунун 2023-жылга бардык бөлумдөру боюнча тузулгөн бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 18539,9 мин сомго, чыгаша бөлугу 18539,9 миң сомго бекитилсин.
2. 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы 14752,1 миң сомго бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесинин негизинде Ысык-Ата айыл окмотунун резервдик фонду 60,0 мин сом олчомундо бекитилсин.
4. “Кыргыз Республикасынын окмотунун 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде айыл өкмөтунун аппаратынын штаттык бирдиги төмөнкү курамда түзүлсүн: башчы 1 (бир), жооптуу катчы 1 (бир), финансы бөлүмүнүн башчысы (бир), башкы адис-3 (үч) (бухгалтер-кассир, юрист, социалдык суроолор боюнча адиси), жетектөөчү адис -2 (эки) (киреше боюнча адис, мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис), адис-2 (эки) (жер жана турак жай боюнча адис, экономист-статист,), ВУС 2 бирдик, айыл башчы 4 (торт), айдоочу 1 (бир), секретарь1 (бир) бирдиктери бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 жарлыгынын негизинде тийиштуу айлык акылары жана толомдору толонуп берилсин.
5. “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө” мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктусуна ылайык айылдык кенешинин жооптуу катчысы 1 (бир) бирдиги бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин № 266 жарлыгынын негизинде тийиштуу айлык акылары жана толомдору толонуп берилсин.
6. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №185 Токтомунун негизинде маданият тармагындагы китепканалар бөлүмү боюнча 2023-жылга карата 4 (төрт) штаттык бирдиги бекитилсин жана айлык акылары толонуп берилсин. (Алмалуу айылында китепкана башчысы 1 бирдик, Тогуз-Булак айылында китепкана башчысы 1 бирдик, Үч-Эмчек айылында китепкана башчысы 1 бирдик, Карагай-Булак айылында китепкана башчысы 1 бирдик) жана от калоочу 1 (бир) штаттык бирдиги 2022-жылдын 01-августундагы № 433 токтомунун негизинде бекитилсин. От калоо мезгилинде ай сайын (6 ай) 7040 сом өлчөмүндө айлык акысы төлөнүп берилсин.
7. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №185 Токтомунун негизинде маданият тармагындагы клуб бөлүмү боюнча 2023-жылга карата 3 штаттык бирдиги бекитилсин жана айлык акылары толонуп берилсин. Алмалуу айылында клуб башчысы 1 бирдик, Тогуз-Булак айылында клуб башчысы 1 бирдик, Карагай-Булак айылында клуб башчысы 1 бирдик жана клуб бөлүмүнө спорттук инструктор 1 (бир) штаттык бирдиги бекитилсин жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомунун негизинде айлык акылары (он эки айлык акысы) төлөнүп берилсин.
8. Социалдык тармакта иштеген кенже техникалык тейлөөчү жумушчулардын кызмат орундарынын айлык акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомунун негизинде ЖКХ бөлүмүнүн штаты төмөндөгүдөй бекитилсин жана 12 (он эки) айлык акы толонуп берилсин:
сантехник адиси 2 бирдик 0,5 ставкадан. электрик адиси 1 бирдик 1 ставка. Аксакалдар сотунун төрагасына 1 бирдик 1 ставка шыпырып тазалоочу (уборщица) 1 бирдик 1 ставка кароолчу административдик мекемеге 1 бирдик 1 ставка Архивариус 1 бирдик 0,5 ставка кароолчу Ж. Ичке-Суу а. Спорт залга 1 бирдик 0,5 ставка Аксакалдар сотунун төрагасынын айлык акысы 1700 сом өлчөмүндө (12 ай) толонуп берилсин.
9. 2022-жылдан калган бюджеттик эсеп боюнча калдык 5185,1 мин сом олчомундо бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери боюнча агентигинин 2022-жылдын 13-январынын № 4 буйругунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын бир жолку төлөму 10,3 мин сомго жана соц. фондго төлөмү 1,8 мин сомго бекитилсин.
11. Аймактык тескоочулорго айына 100 л*70 сомдон 12 айга 1200 л жалпысынан 84,0 мин сом акча каражаты каралсын.
12. Ысык-Ата айыл окмотунун кызматтык автоунаасына айына 300 л *70 сомдон 12 айга 3600 л жалпысынан 252,0 мин сом акча каражаты каралсын.
13. Жергиликтуу бюджеттин 2023-жылга 18539,9 миң сом, анын ичинен тендоочү грант 11729,0 мин сом, 2024-жылга 19765,9 миң сом, анын ичинен тендоочү грант 11729,0 мин сом, 2025-жылга 20408,4 миң.сом, анын ичинен тендоочү грант 11729,0 мин сом божомол планын (прогноз) бекитүүгө макулдук берилсин.
14. Бул токтомдун аткарылышы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. 2023-жылга түзүлгөн сметалары жана штаттык бирдиктердин тизмелери тиркелет.
Төрага
Ж.Бейшекеев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 5 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (5)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 433 "Об условиях оплаты труда работников, занятых обслуживанием государственных органов и органов…Постановление · 01.08.2022 · № 433
- Указ Президента КР от 1 августа 2022 года УП № 266 "Об условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 01.08.2022 · № 266
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 13 января 2022 года № 4-р (о Межведомственной рабочей группу для выработки предложений по передислокации учреждений № 10, 21, 23 и 25 Службы…Распоряжение · 13.01.2022 · № 4-р
- Постановление Кабинета Министров КР от 30 марта 2022 года № 185 "Об условиях оплаты труда работников учреждений культуры, искусства, информации и спорта"Постановление · 30.03.2022 · № 185 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Утратил силу