Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каргалык айылдык кеңешинин “2024 - жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышы, аймакты социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча айыл өкмөт башчысынын жана ФЭБдин отчету” токтому
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2024-жылынын 30-июлу № 42
“2024 - жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышы, аймакты социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча айыл өкмөт башчысынын жана ФЭБдин отчету”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
2024-жылы Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө, жалпы 2024 - жылдын алты айындагы такталган планы 40378,1 миң сом өлчөмүндө белгиленип, ал эми алты ай ичинде 44067,2 миң сомдук киреше өндүрүлүп, 109,1 пайызга аткарылган, же бюджетке 3689,1 миң сомдук киреше ашык түшкөндүгү, ал эми чыгаша бөлүгүнүн планы 37942,1 миң сом, такталган план 91287,5 миң сом өлчөмүндө белгиленип, кассалык чыгымы 41356,0 миң сомду түзүп, 45,3 пайызга аткарылган, же болбосо 49931,5 миң сомго кем аткарылгандыгы белгиленсин.
Жергиликтүү бюджеттин 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата түшпөй калган акча каражаттарды толуктап, түшүрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин 2024 - жылдын иш планынын экинчи кварталына коюлган “2024 - жылга аймакты социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы” 05.06.2024 - жылдагы Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын №28 токтомунда милдеттендирилгендигине карабастан жана учурдагы отурумга да ар кандай себептер менен берилбегендиги белгиленсин . Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 54 - главасынын 3-пунктунда “ Аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет” - деп белгиленгендигине карабастан, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акунованын талапка ылайык иш алып барбагандыгы белгиленсин .
2024-жылдын бюджетин кабыл алууда көрсөтүлгөн курулуш иштерине тиешелүү сунуштардын долбоорлору (жарыктандыруу, трансформация, ДЭП ишканасы менен болгон келишимдер, сметалардагы жогору бааланып калган жагдайлар ж.б.) ушул жылдын 1-кварталына жана кийинки «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунда көрсөтүлүп, 1-июнга чейин даярдоо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Акуновага милдеттендирилгендигине карабастан, ар кандай себептер менен жумуштар аткарылбай кечеңдеп жаткандыгы белгиленсин жана жогоруда көрсөтүлгөн тапшырмаларды 2024-жылдын 1-сентябрга чейин аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
Каргалык айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери тарабынан Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын 07.05.2024-жылдагы отурумунда кабыл алынган №6 протоколунун Каргалык айыл өкмөтүнүн негизги каражатында турган, бирок иш алып барууга мүмкүн болбогон мүлктөрдү чыгыштоо боюнча иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин.
Мамлекеттик сатып алуу бөлүмү тарабынан бюджетте каралган жарыктандыргычтардын кубаттуулугу негизсиз жогорулатылышынан улам 40 даана жарыктандыргычка кем келип, муктаждыктардын жоюлбагандыгы үчүн тиешелүү адистерге чара көрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023 - жылдын 14 - мартындагы ПЖ №56 Жарлыгына ылайык иш алып барылбагандыгы белгиленсин жана иш алып баруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
“Кыргызалтын”Ачык Акционердик Коомунун филиалына тиешелүү болгон “Нур-Жайык” кичи районундагы тиричилик таштандыларды чыгаруу боюнча “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасына өткөрүп алууда Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акунова тиешелүү адистер тарабынан экономикалык эсептөөлөрдү жүргүздүрбөстөн жана үй комитеттери, коомдук уюмдар менен кеңешпестен, комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн каршы пикирин эске албастан жана Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттын Уставынын 20.6 пунктунун биринчи, экинчи, төртүнчү бөлүктөрү менен иш алып барбагандыгы,өзүм билемдик менен кабыл алгандыгы белгиленсин.
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алууда 41.1, 41,2, 41.4, 41.5 (жумуштчу топ түзүү, курултай, элдик жыйындардын сын-пикирлерин эске алуу, кеңешке сунуштоо) пункттарында коюлган талаптарга ылайык кеңешке сунушталбагандыгы белгиленсин жана көрсөтүлгөн пункттар менен иш алып барып, кезектеги сессияга сунуштоо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
Каргалык айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин, жаштар кеңешинин жана аялдар кеңешинин Уставдары Каргалык айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыкпагандыгы, Каргалык айылдык кеңешке сунушталбагандыгы белгиленсин жана кезектеги сессияга алып чыгуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
2024-жылдын 6-июлунда өтүлгөн Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын №36 токтомунун биринчи, экинчи, үчүнчү, жана бешинчи пункттары (тургундардан келип түшкөн кайрылуулар, арыз-даттануулар, мекемелерге берилген кызматтык каттар жана жайыт маселерине тиешелүү комиссия түзүү иштери боюнча ж.б) толугу менен аткарылбагандыгы, Водхоз участкасындагы Таза-Сууга насос алмашылбагандыгы, суу кампасы (резервуар) бүгүнкү күндө ишке берилбей тургандыгы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишкана түзүү-деп белгиленгендигине карабастан талапка ылайык иш алып барбагандыгы белгиленсин.
2024- жылдын 1- сентябрына чейин ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишкана түзүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акунова 2024-жылдын үч ай ичинде эл менен жыйындарды уюштурбагандыгы белгиленсин.
Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн, мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким - М.Мураталиевден суралсын.
Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге жана “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы :
Т.И. Токтоболотов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Указ Президента Кыргызской Республики от 14 марта 2023 года УП № 56 "О мерах по предупреждению и пресечению незаконного размещения объектов придорожного сервиса (включая…Указ · 14.03.2023 · № 56