Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Молдо Нияз айылдык кенешинин «Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун Түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы
2024-жылдын 4-июну № 30
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун Түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомуна негиз, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К.П. Машрапов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.