Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2025-2026-жылдарга болжолун, бюджеттин 2023-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун 2024-жылдын 1–февралы № 28/2 Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2025-2026-жылдарга болжолун, бюджеттин 2023-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык жана “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-январындагы №1 протоколунун негизинде, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттары 1-тиркемеге ылайык 163991,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылга болжолу 2-тиркемеге ылайык 175966,9 миң сом, 2026-жылга болжолу 3-тиркемеге ылайык 193329,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Өзгөн шаардык мэриясы 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзсүн.
4. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
5. Киреше булактарынан кармалган киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
6. Патент негизиндеги салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
7. 2024-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 30260,2 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык шаардык мэриянын резервдик фонду 2000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык төлөнүүчү төлөмдөрдү Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөөгө макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин, Өзгөн шаардык мэриясынын кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ай сайын 70% үстөк, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык МММБ департаментинин, Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын, Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ай сайын 50% үстөк, башкы эсепчи кызматында иштеген кызматчылардын эмгек акысына (кызматтык маянасына) 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ай сайын 100% үстөк төлөнсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтомуна ылайык менчик жеке автомобилин кызматтык сапарларга пайдалангандыгы үчүн Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына мэриянын транспорттук чыгымдар статьясынан каржылоого макулдук берилсин.
10. Элге социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн 272131 “Элге жеңилдиктер” статьясынан 2170,0 миң сом, 27216 “Өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткандарга кайтарымсыз жардам” статьясынан 1500,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
11. 2024-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада
жүргүзүлүүчү накталай акча 3000,0 миң сомдон кем эмес суммада белгиленсин.
12. Өзгөн шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 176794,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 186916,1 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин. 2024-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте 16587,5 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын.
13. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2024-жылдын 1-январына карата 73,2 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын жана мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
14. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2022-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2023-жылга шаардык бюджетте калган 25771,3 миң сом эркин калдыктын 19950,0 миң сому “Капиталдык курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасына, 1560,0 миң сому Өзгөн шаардык мэриясына жана шаардык кеңешке, 4261,3 миң сому МММБ департаментине жана Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасына каржыланганы эсепке алынсын.
15. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү Өзгөн шаар мэриясына милдеттендирилсин.
16. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 10 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
17. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
18. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
19. Бул токтом жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
Төрага
А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылдын 1-февралындагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 1-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин долбоору
№
Кирешелер
Суммасы, миң сом
1
Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы
103694,0
2
Патент негизиндеги салык
35165,0
3
Турак-жай эмес мүлккө салык
1 307,3
4
Турак жайга же жайга мүлк салыгы
50,0
5
Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык
4 130,0
6
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
2 310,0
7
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
-
8
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
4885,5
9
Акиташ, курулуш ташы
100,0
10
Беттегич таштар
200,0
11
Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым
41,0
12
Жер үчүн ижара акы
2 519,4
13
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
485,0
14
Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым
35,0
15
Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым
10,0
16
Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
9 059,0
КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
163991,2
№
Чыгашалар
миң сом
1
Мамлекеттик башкаруу
28260,2
2
Шаар мэриясынын резервдик фонду
2000,0
3
Турак-жай чарбасы
98481,2
4
Маданият бөлүмү
4181,7
5
Билим берүү бөлүмү
27398,1
6
Социалдык коргоо бөлүмү
3670,0
ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
163991,2
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылдын 1-февралындагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 2-тиркемеси Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата бюджетинин болжолу
№
Кирешелер
Суммасы, миң сом
1
Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы
115619,0
2
Патент негизиндеги салык
35165,0
3
Турак-жай эмес мүлккө салык
1 307,3
4
Турак жайга же жайга мүлк салыгы
50,0
5
Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык
4 130,0
6
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
2 310,0
7
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
20,7
8
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
4885,5
9
Акиташ, курулуш ташы
100,0
10
Беттегич таштар
230,0
11
Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым
41,0
12
Жер үчүн ижара акы
2 519,4
13
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
485,0
14
Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым
35,0
15
Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым
10,0
16
Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
9 059,0
КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
175996,9
Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылдын 1-февралындагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин болжолу
№
Кирешелер
Суммасы, миң сом
1
Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы
132962,0
2
Патент негизиндеги салык
35165,0
3
Турак-жай эмес мүлккө салык
1 307,3
4
Турак жайга же жайга мүлк салыгы
50,0
5
Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык
4 130,0
6
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
2 310,0
7
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
20,7
8
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
4885,5
9
Акиташ, курулуш ташы
100,0
10
Беттегич таштар
249,8
11
Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым
41,0
12
Жер үчүн ижара акы
2 519,4
13
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым
485,0
14
Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым
35,0
15
Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым
10,0
16
Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
9 059,0
КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
193329,7
Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Турдахунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 1 августа 2022 года УП № 266 "Об условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 01.08.2022 · № 266
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 240 "О мерах по упорядочению использования служебного и дежурного автотранспорта государственных…Постановление · 30.04.2022 · № 240