Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 „Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 403
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 "Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу тартибинде:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыркаган калктуу конуштардын инфраструктурасын калыбына келтирүү (турак үйлөрдү тосуу).".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года № 166 "Об утверждении Порядка использования средств, предусмотренных в республиканском бюджете на…Постановление · 24.03.2023 · № 166
- Указ Президента КР от 17 сентября 2022 года УП № 313 "О первоочередных мерах по восстановлению и развитию административно-территориальных единиц Баткенской и Ошской областей"Указ · 17.09.2022 · № 313