Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Программалары (Раззаков шаардык кеңешинин токтомуна ылайык)
Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 2022-жылдын 12-августундагы №2 токтомуна тиркеме
Раззаков шаарынын жана ага караштуу айылдардын аймагындагы өтө муктаж болгон жана турак-жай салууга арыз берген жарандарды жер тилкелери менен камсыздоо үчүн түзүлгөн ПРОГРАММАСЫ Раззаков шаарынын жана ага караштуу айылдардын аймагында калктын саны жылдан жылга көбөйгөндугүнө байланыштуу, бир короодо 4-5 үй-бүлө жашоо тиричилигин өткөрүп келүүдө. Азыркы мезгилде турак-жай салуу үчүн жер алууга кезекке турган жарандардын саны бүгүнкү күндө 7,5 миң атуул кезекте турат. Ошондой эле, Раззаков шаарынын мэриясынын аймагындагы ички жана сырткы миграциянын агымын токтотуу, элдерди отурукташтыруу негизги максаты болуп саналат. Бир үйдө, көпчүлүк жашаган үй-бүлөлөр арасында кээ бир учурларда кандайдыр бир себептер менен пикир келишпестиктер жаралып, үй-бүлө мүчөлөрү арасында жанжал, пикир келишпестиктер жаралууда. Ошол себептен мэрияга кайрылган тургундардын арыз даттанууларын чечүү максатында, миграцияны азайтуу максатында, шаардын мэриясы жалпы элдик жыйындарда берген сунуштарын эске алып, төмөндөгү жерлердин башкы пландарын түздүрүп, Раззаков шаардык Кеңешине, райондук администрацияга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө , Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине сунушталды. Раззаков шаарынын мэриясынын аймагынын тургундарынын турак-жай курууга жер тилкесин алууга жазган арыздарын канаатандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобого ылайык 186,9 га. жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которууга сунушталып, анын ичинен Мырза-Патча айылынын күн батыш тарабындагы №73-контурунан 3,6 га. Беш-Бала айылынын күн батыш тарабынан №289-290-контурунан 10,0 га. №454-контурунан 2,0 га. Кара-Таш айылынын күн чыгыш тарабынан №508-413-контурларынан 2,0 га. Раззаков шаарына караштуу Могол Тажикен участкасынын күн батыш тарабынан №725-726-контурларынан 21,2 га. Раззаков шаарына караштуу Бозогүл участкасынын күн чыгыш тарабынан №96-97-98-99-100-101-102-103-104-105-контурларынан 76,0 га. Тайлан айылынын түштүк чыгыш тарабынан №315-контурунан 4,7 га. Ак-Булак айылынын күн батыш тарбынан №820-контурунан 1,5 га. ушул эле айылдын күн чыгыш тарбынан №869-контурунан 3,3 га. ушул эле айылдын түштүк тарбынан №837-контурунан 12,6 га. жана №880-контурунан 3,0 га. жер, Голбо айылынын чыгыш тарабынан №906-контурунан 46,1 га. жер тилкелери даярдалууда. Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардан трансформация үчүн каралып жаткан жерлердин жалпы аянты 186,9 га. түзөт. Бул жерлерге элге турак-жай куруп, жашоо үчүн шарттарын түзүү пландалууда. Ошол себептен жогоруда сунушталган мамлекеттик фондунун жерлерин, шаар мэриясынын мамлекеттик менчик 186,9 га. жерин калктуу конуштар жерлерине которуп, жер алууга муктаж болгон жана зарыл болгон жарандарга турак-жай салуу үчүн, жер участок катары берилсе шаар тургундары турак-жайын салып, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Калктуу конуштун жерлери категориясына жерлер которулгандан кийин, жогорудагы иштер аткарууга алынса шаардын мэриясына кирешелер түшмөк. Тактап айтканда калктуу конушка которулган жерлерге мамлекет тарабынан социалдык мекемелердин имараттары салынып, ошону менен бирге жаңы жумуш орундары пайда болот. Раззаков шаарынын тургундарына жеке турак-жай куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жана социалдык объекттерге калтырылган 186,9 га. жер аянтында эч кандай объекттер, суу түтүктөрү жана башка курулуштар, археологиялык баалуулуктар жок.
Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 2022-жылдын 12-августундагы №2 токтомуна тиркеме
Раззаков шаарынын аймагындагы өтө муктаж болгон жана турак-жай салууга арыз берген жарандарды жер тилкелери менен камсыздоо үчүн түзүлгөн ПРОГРАММАСЫ Раззаков шаарынын жана ага караштуу айылдардын аймагында калктын саны жылдан жылга көбөйгөндугүнө байланыштуу, бир короодо 4-5 үй-бүлө жашоо тиричилигин өткөрүп келүүдө. Азыркы мезгилде турак-жай салуу үчүн жер алууга кезекке турган жарандардын саны бүгүнкү күндө 7,5 миң атуул кезекте турат. Ошондой эле, Раззаков шаарынын мэриясынын аймагындагы ички жана сырткы миграциянын агымын токтотуу, элдерди отурукташтыруу негизги максаты болуп саналат. Бир үйдө, көпчүлүк жашаган үй-бүлөлөр арасында кээ бир учурларда кандайдыр бир себептер менен пикир келишпестиктер жаралып, үй-бүлө мүчөлөрү арасында жанжал, пикир келишпестиктер жаралууда. Ошол себептен мэрияга кайрылган тургундардын арыз даттанууларын чечүү максатында, миграцияны азайтуу максатында, шаардын мэриясы жалпы элдик жыйындарда берген сунуштарын эске алып, төмөндөгү жерлердин башкы пландарын түздүрүп, Раззаков шаардык Кеңешине, райондук администрацияга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө , Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине сунушталды. Раззаков шаарынын мэриясынын аймагынын тургундарынын турак-жай курууга жер тилкесин алууга жазган арыздарын канаатандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобого ылайык 13,0 га. жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которууга сунушталып, анын ичинен Раззаков шаарынын №535-контурунан мамлекеттик менчик жериндеги (ведение) 1,0 га. жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 12,0 га. кайрак айдоо жерлерин, жалпы Раззаков шаарынан 13,0 га. жер аянтын бир категориядан экинчи бир категорияга которуу жагы сунушталууда. Бул жерлерге элге турак-жай куруп, жашоо үчүн шарттарын түзүү пландалууда. Ошол себептен жогоруда сунушталган мамлекеттик фондунун жерлерин, шаар мэриясынын мамлекеттик менчик 13,0 га. жерин калктуу конуштар жерлерине которуп, жер алууга муктаж болгон жана зарыл болгон жарандарга турак-жай салуу үчүн, жер участок катары берилсе шаар тургундары турак-жайын салып, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Калктуу конуштун жерлери категориясына жерлер которулгандан кийин, жогорудагы иштер аткарууга алынса шаардын мэриясына кирешелер түшмөк. Тактап айтканда калктуу конушка которулган жерлерге мамлекет тарабынан социалдык мекемелердин имараттары салынып, ошону менен бирге жаңы жумуш орундары пайда болот. Раззаков шаарынын тургундарына жеке турак-жай куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жана социалдык объекттерге калтырылган 13,0 га. жер аянтында эч кандай объекттер, суу түтүктөрү жана башка курулуштар, археологиялык баалуулуктар жок.
Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 2022-жылдын 12-августундагы №2 токтомуна тиркеме
Раззаков шаарынын жана ага караштуу айылдардын аймагындагы өтө муктаж болгон жана турак-жай салууга арыз берген жарандарды жер тилкелери менен камсыздоо үчүн түзүлгөн ПРОГРАММАСЫ Раззаков шаарынын жана ага караштуу айылдардын аймагында калктын саны жылдан жылга көбөйгөндугүнө байланыштуу, бир короодо 4-5 үй-бүлө жашоо тиричилигин өткөрүп келүүдө. Азыркы мезгилде турак-жай салуу үчүн жер алууга кезекке турган жарандардын саны бүгүнкү күндө 7,5 миң атуул кезекте турат. Ошондой эле, Раззаков шаарынын мэриясынын аймагындагы ички жана сырткы миграциянын агымын токтотуу, элдерди отурукташтыруу, чек араны бекемдөө негизги максаты болуп саналат. Бир үйдө, көпчүлүк жашаган үй-бүлөлөр арасында кээ бир учурларда кандайдыр бир себептер менен пикир келишпестиктер жаралып, үй-бүлө мүчөлөрү арасында жанжал, түшүнбөстүктөр жаралууда. Ошол себептен Раззаков шаарынын мэриясына кайрылган тургундардын арыз даттанууларын чечүү максатында, миграцияны азайтуу максатында, шаардын мэриясы жалпы элдик жыйындарда берген сунуштарын эске алып, төмөндөгү жерлердин башкы пландарын түздүрүп, Раззаков шаардык Кеңешине, райондук администрацияга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине сунушталды. Раззаков шаарынын мэриясынын аймагынын тургундарынын турак-жай курууга жер тилкесин алууга жазган арыздарын канаатандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобого ылайык 508,0 га. жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которууга сунушталып, Раззаков шаарына караштуу Кароол-Дөң участкасынан төмөнкү контурлардан жер тилкелери сунушталып жатат:
Контуру
Аянты, га.
Контуру
Аянты, га.
177
1,6
34
15,0
175
1,3
39
5,2
179
1,3
41
3,6
68
2,8
45
2,1
72
4,6
46
6,5
60
1,7
53
0,9
59
20,0
54
8,7
1
20,0
55
3,8
59
1,6
56
2,2
23
20,0
591
1,6
21
4,0
592
8,9
41
1,0
68
2,8
4
1,0
70
5,0
2
1,0
74
3,4
67
8,8
42
24,8
66
8,4
33
15,5
65
1,6
11
9,7
63
10,3
281
5,4
58
14,8
35
30,2
42
23,3
1
30,0
12
22,2
35
30,0
12
1,8
59
30,0
3
11,7
Жалпы
508,0
5
8,0
6
0,8
10
1,0
12
1,8
13
4,5
14
8,8
15
4,1
19
1,9
20
17,5
22
4,6
25
6,8
26
2,7
29
1,2
30
2,0
32
2,3
Раззаков шаарынын Кароо-Дөң участкасынан трансформация үчүн каралып жаткан жерлердин жалпы аянты 508,0 га. түзөт. Бул жерлерге элге турак-жай куруп, жашоо үчүн шарттарын түзүү пландалууда. Ошол себептен жогоруда сунушталган мамлекеттик фондунун жерлерин, шаар мэриясынын мамлекеттик менчик 508,0 га. жерин калктуу конуштар жерлерине которуп, жер алууга муктаж болгон жана зарыл болгон жарандарга турак-жай салуу үчүн, жер участок катары берилсе шаар тургундары турак-жайын салып, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Калктуу конуштун жерлери категориясына жерлер которулгандан кийин, жогорудагы иштер аткарууга алынса шаардын мэриясына кирешелер түшмөк. Тактап айтканда калктуу конушка которулган жерлерге мамлекет тарабынан социалдык мекемелердин имараттары салынып, ошону менен бирге жаңы жумуш орундары пайда болот. Раззаков шаарынын тургундарына жеке турак-жай куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жана социалдык объекттерге калтырылган 508,0 га. жер аянтында эч кандай объекттер, суу түтүктөрү жана башка курулуштар, археологиялык баалуулуктар жок.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы № 2 "Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук…Постановление · 12.08.2022 · № 2
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу