# МСКнын 2024-жылдын 20-декабрындагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 19-декабрындагы Nº 466 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2024-жылдын 20-декабрындагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 19-декабрындагы Nº 466 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 407
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2024
- Редакциянын күнү: 20.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-71>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/71>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2024-жылдын 20-декабрындагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 19-декабрындагы Nº 466 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу (20.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-71

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_20\_декабрь\_\_ 2024-ж. / г. № \_\_\_407\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 19-декабрындагы Nº 466 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 19-декабрындаты Nº 466 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын;

- Уюмдун бирдиктүү сальк декларациясынын (FORM STI-101) толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык баяндалсын;

- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-102) формасы ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык баяндалсын;

- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-102) толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык баяндалсын.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж. Умтуловго, Б.А.Алиевге жана Н.У.Салиевага жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

| Төрага | А.Н. Шыкмаматов |
