МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 19-декабрындагы Nº 466 „Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө“ буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __20_декабрь__ 2024-ж. / г. № ___407___ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 19-декабрындагы Nº 466 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 19-декабрындаты Nº 466 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын;
- Уюмдун бирдиктүү сальк декларациясынын (FORM STI-101) толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык баяндалсын;
- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-102) формасы ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык баяндалсын;
- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-102) толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык баяндалсын.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж. Умтуловго, Б.А.Алиевге жана Н.У.Салиевага жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
| Төрага | А.Н. Шыкмаматов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.