# МСКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 333
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2024
- Редакциянын күнү: 12.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-70>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/70>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу (12.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-70

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_12\_ноябрь\_\_ 2024-ж. / г. № \_\_\_333\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 459-беренесине ылаиык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы №-67 “Өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөгө салык төлөөчүнүн арызынын жана өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөнү колдонуу/колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечиминин формаларын бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- l-пунктта:

1) 2-пунктчадагы өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөнү колдонуу/колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечиминин (DOC ЅТІ-200) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) 3-пунктчадагы өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөнү колдонуу/колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу жөнүндө чечимдин (DOC ЅТІ-201) формасы ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Н.Кыдыргычовго жүктөлсүн.

Төрага А.К.Абдувапов
