Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын 2024-жылдын 7-августундагы № 235 «О внесении изменений в приказ Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики „Об утверждении форм налоговой отчетности и порядков их заполнения и представления“ от 24 февраля 2022 года № 73»
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __07_августа___ 2024-ж. / г. № ___235____ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы №73 "Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун (FORM STI-161) формасында:
— II бөлүмдүн 7-графасында "минималдуу эсептик кирешеден" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акыдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
— III бөлүмдүн 17-графасында "минималдуу эсептик кирешеден" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акыдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту (FORM STI-161) толтуруу жана берүү тартибинин 36-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"36. 4-графада төмөнкү таблица боюнча кызматкердин категориясы көрсөтүлөт:
| № | Код | Кызматкерлердин категориясынын аталышы | |
| 1 | 001 | Негизги кызматкер | |
| 2 | 001-64/69 | 1964/69-жылга чейин туулган негизги кызматкер | |
| 3 | 003 | Пенсионер | |
| 4 | 010 | Негизги кызматкер -(резидент эмес) чет өлкөлүк жаран(2022-жылдын 1-ноябрына чейин) | |
| 5 | 011 | Негизги кызматкер -(резидент эмес) чет өлкөлүк жаран | |
| 6 | 011-64/69 | 1964/69-жылга чейин туулган негизги кызматкер (резидент эмес) чет өлкөлүк жаран | |
| 7 | 012КТП | КТП -(резидент эмес) чет өлкөлүк жаран | |
| 8 | 012-64/69КТП | КТП-64/69(резидент эмес) чет өлкөлүк жаран | |
| 9 | 020 | Эмгек мигранты | |
| 10 | 100 | 1-2-топтогу майып | |
| 11 | 009 | Угуу боюнча 3-топтогу майып | |
| 12 | 101 | УАС катышуучусу/майыбы | |
| 13 | 102 | УАС катышуучуларына теңдештирилген адамдар | |
| 14 | 106 | КТП | |
| 15 | 106-64/69 | КТП(64/69 ж.т.) | |
| 16 | 107 | КТП пенсионери | |
| Айкалыштырып иштөө боюнча кызматкерлердин категориялары | |||
| 17 | 200 | 1-2-топтогу майып | |
| 18 | 209 | Угуу боюнча 3-топтогу майып | |
| 19 | 201 | Негизги жумушчу | |
| 20 | 201-64/69 | 64/69-ж.ч.т. негизги кызматкер | |
| 21 | 202 | УАС катышуучуларына теңдештирилген адамдар | |
| 22 | 203 | Пенсионер | |
| 23 | 204 | Ижарага берүүчү | |
| 24 | 205 | Гонорарлар, сыйлыктар | |
| 25 | 206 | КТП | |
| 26 | 206-64/69 | КТП(64/69-ж.т.) | |
| 27 | 207 | КТП пенсионери | |
| 28 | 210 | чет өлкөлүк жаран | |
| 29 | 220 | Эмгек мигранттары | |
| Эмгек мамилелери жок кызматкерлердин категориялары | |||
| 30 | 103 | Жеке ишкер | |
| 31 | 104 | Ижарага берүүчү | |
| 32 | 105 | гонорарлары,сыйлыктары | |
| 33 | 108 | Салык агенттери үчүн сатып алуу/сатуу боюнча бүтүмдөр | |
| 34 | 109 | Башкалар | |
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышына контролдоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго, И.Н.Кыдыргычовго жана Н.У.Салиевага жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
| Төраганын м.у.а. | И.Н. Кыдыргычов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.