# МСКнын 2024-жылдын 08-апрелиндеги № 99 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 22-майындагы №122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2024-жылдын 08-апрелиндеги № 99 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 22-майындагы №122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: № 99
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2024
- Редакциянын күнү: 08.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-65>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/65>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2024-жылдын 08-апрелиндеги № 99 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 22-майындагы №122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу (08.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-65

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_08\_апрель\_\_\_ 2024-ж. / г. № \_\_\_99\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 22-майындагы №122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296 жана 297- беренелерин ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматындагы 2023-жылдын 22-майындагы №122 "Алып келүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, программалык ККМ орнотууга багытталган чектин орнотулган принтери жана операциялык тутуму бар электрондук түзүлүштөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Алып келүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, программалык ККМ орнотууга багытталган чектин орнотулган принтери жана операциялык тутуму бар электрондук түзүлүштөрдүн тизмесинде:

1) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
