# МСКнын 2024-жылдын 16-июлундагы № 202 "Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркынын өлчөмү белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2024-жылдын 16-июлундагы № 202 "Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркынын өлчөмү белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: №202
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2024
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-61>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/61>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2024-жылдын 16-июлундагы № 202 "Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркынын өлчөмү белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-61

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_\_16\_июль\_\_\_\_ 2024-ж. / г. № \_\_\_202\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркынын өлчөмү белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10 - августундагы №402 «Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Тартиптин 8-пунктуна ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары - МСК) 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 248 (МСКнын 2024-жылдын 19-январындагы №19 буйругунун редакциясына ылайык) буйругу менен бекитилген Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркынын өлчөмү белгиленген товарлардын тизмегине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1512-позицияга төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

«

|  | 1512 - Күн карама, сафлор же пахта майы жана алардын фракциялары, рафинаддалбаган же рафинаддалган, бирок химиялык курамы өзгөртүлбөгөн: - күн карама же сафлор майы жана алардын фракциялары: |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 136-1 | 1512 11 100 0 | техникалык же өнөр жайлык колдонуу үчүн, тамак-аш үчүн колдонулган продукцияны өндүрүүдөн тышкары - 15 --- башка: | литр | 77,5 |
| 136-2 | 1512 11 910 1 | баштапкы пакеттерде тазакөлөмү 10 л же андан аз | литр | 87,8 |
| 137-1 | 1512 19 100 0 | техникалык же өнөр жайлык колдонуу үчүн, тамак-аш үчүн колдонулган продукцияны өндүрүүдөн тышкары | литр | 100,5 |
| 138-1 | 1512 19 900 3 | - сафлор майы же анын баштапкы пакеттердеги фракциялары-көлөмү 10 л же андан аз | литр | 61,3 |
| 138-2 | 1512 19 900 9 | — башкалар | литр | 76,0 |
| 138-3 | 1512 21 900 0 | — башкалар | литр | 67,1 |

»;

2) 137-сапта «154,7» деген цифралар «66,3» деген цифралар менен алмаштырылсын;

3) 138-сапта «97,9» деген цифралар «85,4» деген цифралар менен алмаштырылсын;

4) 140-сапта «146,8» деген цифралар «119,0» деген цифралар менен алмаштырылсын;

5) 2523-позицияга төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

«

|  | 2523-Портландцемент, глинозем цементи, шлак цементи, суперсульфат цементи жана ушул сыяктуу гидравликалык цементтер, боелбогон же боелгон, даяр же клинкер формасында: |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 335-1 | 2523100000 | — цемент клинкерлери; портландцемент | тонна | 6076,0 |
| 337-1 | 2523300000 | — глинозем цементи | тонна | 6510,0 |
| 33,7-2 | 2523900000 | — башка гидравликалык цементтер | тонна | 9450,0 |

»;

6) 336-сапта «6 416,6» деген цифралар «6 685,0» деген цифралар менен алмаштырылсын;

7) 337-сапта «3 430,0» деген цифралар «5 810,0» деген цифралар менен алмаштырылсын;

8) 348-саптан кийин төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

«

|  | 2836 -Карбонаттар; пероксокарбонаттар (перкарбонаттар): аммоний карбонаты техникалык, курамында аммоний карбаматы бар |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 348-1 | 2836300000 | водородкарбонат натрия(бикарбонат натрия) -5 6ЗС натрий суутек карбонаты (натрий бикарбонаты) - 5 63C | Килограмм(кг) | 59,1 |

»;

9) 747-сапта «50 012,0» деген цифралар «33 065,5» деген цифралар менен алмаштырылсын;

10) 748-сап күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы жаңыланган Тизмекти МСКнын расмий сайтына жайгаштырсын жана маалыматтык системаларды ылайык келтирсин.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү ушул буйрукту ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко КНСти толук жана өз убагында башкарууну камсыз кылуу үчүн МСКнын аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Н.Дж. Умтуловго жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

| Төрага | А.К. Абдувапов |
