Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Приказ ГНС «О внесении изменений в приказы Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики «Об утверждении форм налоговой отчетности и порядков их заполнения и представления»
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __07_март____ 2024-ж. / г. № __64__ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык отчеттуулугунун формаларын, аларды толтуруунун жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө буйруктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчеттуулугунун формаларын, аларды толтуруунун жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Бирдиктүү салык боюнча отчеттун формасы (FORM STI-091-5) ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Бирдиктүү салык боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн тартиби (FORM STI-091-5) ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Чет өлкөлүк уюмдун кошумча нарк салыгы боюнча отчетунун (FORM STI-165) формасы ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык;
- Чет өлкөлүк уюмдун кошумча нарк салыгы боюнча отчетун (FORM STI-165-1) толтуруунун жана берүүнүн тартиби ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык;
- Салык отчеттуулугуна түшүндүрмө каттын формасы ушул буйруктун 5-тиркемесине ылайык.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-майындагы № 227 "Салык отчеттуулугунун формаларын, аларды толтуруунун жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" буйругунун 1-пунктунун экинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023—жылдын 29-апрелиндеги № 103 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы №73 "Салык отчеттуулугунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругунун 1-пунктунун он биринчи жана он экинчи абзацтары.
4. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А.Мурзакматов) ушул буйрук менен бекитилген салык отчетторунун формаларын, аларды толтуруунун жана берүүнүн Тартиптерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
5. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Мамытбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык салык органдарына маалымат үчүн жеткирсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго, И.Н.Кыдыргычовго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.
| Төрага | А.К. Абдувапов |
2-тиркеме
Бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091-5) толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул тартип субъекттин бирдиктүү салыгы боюнча отчетту (FORM STI-091-5) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт: - чакан, орто жана ири ишкердик; - тигүү жана текстиль тармагын ишке ашыруучу; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүргүзүүчү; - лотереялык иш жүргүзгөн; - муниципалдык мончолорду кошпогондо, мончо, сауна жана бильярд кызматын көрсөткөн; - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде (мындан ары – Салык кодекси) белгиленген режимди колдонгон.
2. Бирдиктүү салык боюнча отчет төмөнкүлөрдөн турат: - Бирдиктүү салык боюнча отчеттун (FORM STI-091-5) (мындан ары – Отчет) формалары; - орто ишкердик субъектин бирдиктүү салыгы боюнча отчетуна (FORM STI-091-5-001) тиркеме (мындан ары – Тиркеме).
3. Отчет эсептик каттоо жери боюнча отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен берилет. Эсептик каттоосу жок болгон учурда Отчет учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча берилет.
4. Салык мезгили болуп төмөнкүлөр саналат: - лотереялык иш жана ири ишкердик субъектерди, ошондой эле Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерди кошпогондо, субъекттер үчүн – бир квартал; - лотереялык иш жана ири ишкердик субъекттер, ошондой эле Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн – бир календардык ай.
5. Отчет электрондук документ түрүндө берилет.
6. Отчеттун 001-уячасында: - эгерде Отчет отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "алгачкы" уячасында "X" белги көрсөтүлөт; - эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн Отчет тапшырылып, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилген Отчетто оңдолсо, "такталган" уячасында " X " белги көрсөтүлөт; - эгерде Отчет салык төлөөчүнүн жоюлушуна байланыштуу тапшырылса, "жоюлуучу" уячасына " X " белги коюлат; 2
7. Отчеттун жана Тиркеменин төмөнкү бөлүгүндө Отчетко кол койгон жактын толук аты-жөнү көрсөтүлөт.
8. Отчеттун жана Тиркеменин 901-уячасында салык органы Отчетту кабыл алган датасы көрсөтүлөт.
9. Отчеттун жана Тиркеменин 902-уячасында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда Отчетту электрондук документ түрүндө берүү мүмкүнчүлүгү жок болуп, отчет кагаз жүзүндө берилген учурда, Отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
2. Отчеттун "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат" I бөлүмүн толтуруу
10. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
11. 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт.
12. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
13. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУРК коду көрсөтүлөт.
14. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
15. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан калктуу конуштун аталышы көрсөтүлөт (облус, шаар, район, айыл ж.б.).
16. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
17. 115-уячада салык төлөөчүнүн телефон номери көрсөтүлөт.
18. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почта дареги көрсөтүлөт.
19. 201-уячада отчет берилүүчү отчеттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы).
20. 202-уячада отчет берилүүчү отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы).
3. Отчеттун "Бирдиктүү салык жөнүндө маалымат" II бөлүмүн толтуруу тартиби
21. Ишкердик субъекттер жүргүзгөн ишине жараша отчеттун "Бирдиктүү салык жөнүндө маалымат" II бөлүмүнүн (мындан ары – II бөлүм) тиешелүү уячалары толтурулат.
22. Орто ишкердик субъекти тарабынан отчеттун II бөлүмүн толтуруу ушул Тартиптин 4-главасына ылайык көрсөткүчтөрдү Тиркемеден көчүрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
23. 050-уячада импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду ошондой эле, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды 3 сатуучу субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 30 000 000 сомго чейин түзгөн соода ишин жүргүзүүчү субъекттин түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.
24. 051-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
25. 052-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (050-уячанын мааниси х 051-уячанын мааниси) / 100%.
26. 053-уячада импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду ошондой эле, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатуучу субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 30 000 000 сомдон 50 000 000 сомго чейин түзгөн соода ишин жүргүзүүчү субъекттин түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.
27. 054-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
28. 055-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (053-уячанын мааниси х 054-уячанын мааниси) / 100%.
29. 056-уячада "А" пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан накталай формада төлөнгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
30. 057-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
31. 058-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (056-уячанын мааниси х 057-уячанын мааниси) / 100%
32. 059-уячада "А" пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан накталай эмес формада төлөнгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
33. 060-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
34. 061-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (059-уячанын мааниси х 060-уячанын мааниси) / 100%.
35. 062-уячада "А" пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан ээси көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
36. 063-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
37. 064-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (062-уячанын мааниси х 063-уячанын мааниси) / 100%.
38. 065-уячада 058, 061 жана 064-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
39. 066-уячада накталай формада төлөнгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүш тармагы, туроператордук иш, эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу, 4 ошондой эле турагенттик иш боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
40. 067-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
41. 068-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (066-уячанын мааниси х 067-уячанын мааниси) / 100%.
42. 069-уячада накталай эмес формада төлөнгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүш тармагы, туроператордук иш, эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ошондой эле турагенттик иш боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
43. 070-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
44. 071-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (069-уячанын мааниси х 070-уячанын мааниси) / 100%.
45. 072-уячада 068 жана 071-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
46. 073-уячада накталай формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
47. 074-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
48. 075-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (076-уячанын мааниси х 077-уячанын мааниси) / 100%.
49. 076-уячада накталай эмес формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
50. 077-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
51. 078-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (076-уячанын мааниси х 077-уячанын мааниси) / 100%.
52. 079-уячада 075 жана 078-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
53. 080-уячада накталай формада төлөнгөн коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
54. 081-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
55. 082-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (080-уячанын мааниси х 081-уячанын мааниси) / 100%.
56. 083-уячада накталай эмес формада төлөнгөн коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
57. 084-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт. 5
58. 085-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (083-уячанын мааниси х 084-уячанын мааниси) / 100%.
59. 086-уячада 082 жана 085-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
60. 130-уячада тигүү жана/же текстиль өндүрүшү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
61. 131-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
62. 132-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (130-уячанын мааниси х 131-уячанын мааниси) / 100%.
63. 133-уячада лотереялык иш боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
64. 134-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
65. 135-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (133-уячанын мааниси х 134-уячанын мааниси) / 100%.
66. 136-уячада сауна боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
67. 137-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
68. 138-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (136-уячанын мааниси х 137-уячанын мааниси) / 100%.
69. 139-уячада бильярд боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
70. 140-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
71. 141-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (139-уячанын мааниси х 140-уячанын мааниси) / 100%.
72. 142-уячада муниципалдык мончолорду кошпогондо, мончо боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
73. 143-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
74. 144-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (142-уячанын мааниси х 143-уячанын мааниси) / 100%.
75. 145-уячада креативдүү индустрия паркынын резиденти боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
76. 146-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
77. 147-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (145-уячанын мааниси х 146-уячанын мааниси) / 100%. 6
78. 148-уячада (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган) базарларда жана кичи базарларда соода иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
79. 149-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
80. 150-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (148-уячанын мааниси х 149-уячанын мааниси) / 100%.
81. 151-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324- беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделген эсепфактурада көрсөтүлгөн товардын наркы көрсөтүлөт.
82. 152-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
83. 153-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (151-уячанын мааниси х 152-уячанын мааниси) / 100%.
84. 154-уячада айыл чарбасындагы даярдоочунун иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт;
85. 155-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
86. 156-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (154-уячанын мааниси х 155-уячанын мааниси) / 100%.
87. 157-уячада айыл чарбасындагы сүт даярдоочунун иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт;
88. 158-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
89. 159-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (157-уячанын мааниси х 158-уячанын мааниси) / 100%.
90. 160-уячада турак жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, атайын курулуш иштерин аткаруучу субъекттин товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт;
91. 161-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
92. 162-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: (160-уячанын мааниси х 161-уячанын мааниси) / 100%.
93. 163-уячада 052, 055, 065, 072, 079, 086, 132, 138, 141, 144, 147, 150, 153, 156, 159 жана 162-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 7
4. Орто ишкердик субъектинин бирдиктүү салыгы боюнча отчетуна (FORM STI-091-001) тиркемени толтуруу тартиби
94. Тиркеме отчеттук салык мезгилинин (кварталдын) ар бир айы боюнча отчеттук айдын аталышын көрсөтүү менен өзүнчө толтурулат. Мисалы: 2023-жылдын 1-кварталы үчүн уячалардын көрсөткүчтөрү отчеттук айдын аталышын көрсөтүү менен ар бир ай боюнча өзүнчө толтурулат: 2023-жылдын январы үчүн, 2023-жылдын февралы үчүн, 2023- жылдын марты үчүн.
95. Эгерде ишкердик субъекти ишин кварталдын экинчи же үчүнчү айынан баштаган учурда, тиешелүү кварталдын иши башталган айдын тиешелүү уячаларын гана толтуруу зарыл. Мисалы: эгерде ишкердик субъекти ишин 2023-жылдын мартынан баштаса, анда 2023- жылдын январь жана февраль айлары үчүн тиешелүү 160-304-уячалар толтурулбайт, ал эми март үчүн 310-364-уячаларды толтуруу зарыл.
96. 160, 250 жана 350-уячаларда импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатуучу субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 30 000 000 сомго чейин түзгөн соода ишин жүргүзүүчү субъекттин түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 050-уячасына көчүрүлөт.
97. 161, 251 жана 351-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
98. 162, 252 жана 352-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 052- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
99. 163, 253 жана 353-уячаларда импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатуучу субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 30 000 000 сомдон 50 000 000 сомго чейин түзгөн соода ишин жүргүзүүчү субъекттин түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 053-уячасына көчүрүлөт.
100. 164, 254, 354-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
101. 165, 255 жана 355-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 055- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
102. 166, 256 жана 356-уячаларда накталай формада төлөнгөн,"А" пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын суммасы Отчеттун 056-уячасына көчүрүлөт.
103. 167, 257 жана 357-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт. 8
104. 168,258 жана 358-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 058- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
105. 169, 259 жана 359-уячаларда накталай эмес формада төлөнгөн, "А" пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын суммасы Отчеттун 059-уячасына көчүрүлөт.
106. 170, 260 жана 360-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
107. 171, 261 жана 361-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 061- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
108. 172, 262 жана 362-уячаларда "А" пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан ээси көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын суммасы Отчеттун 062-уячасына көчүрүлөт.
109. 173, 263 жана 363-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
110. 174, 264 жана 364-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 064- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
111. 175-уячада 162, 165, 168, 171 жана 174-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
112. 265-уячада 352, 355, 358, 361 жана 364-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
113. 365-уячада 352, 355, 358, 361 жана 364-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. 175, 265 жана 365-уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 065 уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
114. 176, 266 жана 366-уячаларда накталай формада төлөнгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүштүк чөйрө, туроператордук иш, эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан, ошондой эле турагенттик иштен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 066-уячасына көчүрүлөт.
115. 177, 267 жана 367-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
116. 178, 268 жана 368-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 068- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш. 9
117. 179, 269 жана 369-уячаларда накталай эмес формада төлөнгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүштүк чөйрө, туроператордук иш, эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан, ошондой эле турагенттик иштен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 069-уячасына көчүрүлөт.
118. 180, 270 жана 370-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
119. 181, 271 жана 371-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 071- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
120. 182-уячада 178 жана 181-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
121. 272-уячада 268 жана 271-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
122. 372-уячада 368 жана 371-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. 182, 272 жана 372-уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 072- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
123. 183, 273 жана 373-уячаларда накталай формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 073-уячасына көчүрүлөт.
124. 184, 274 жана 374-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
125. 185, 275 жана 375-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 075- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
126. 186, 276 жана 376-уячаларда накталай эмес формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 076-уячасына көчүрүлөт.
127. 187, 277 жана 377-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
128. 188, 278 жана 378-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 078- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
129. 189-уячада 185 жана 188-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
130. 279-уячада 275 жана 278-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
131. 379-уячада 375 жана 378-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. 10 189, 279 жана 379-уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 079- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
132. 190, 280 жана 380-уячаларда накталай формада төлөнгөн коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 080-уячасына көчүрүлөт.
133. 191, 281 жана 381-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
134. 192, 282 жана 382-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 082- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
135. 193, 283 жана 383-уячаларда накталай эмес формада төлөнгөн коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 083-уячасына көчүрүлөт.
136. 194, 284 жана 384-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
137. 195, 285 жана 385-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 085- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
138. 196-уячада 192 жана 195-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
139. 286-уячада 282 жана 285-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
140. 386-уячада 382 жана 385-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. 196, 286 жана 386-уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 086- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
141. 197, 287 жана 387-уячаларда тигүү жана/же текстиль өндүрүшү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 130-уячасына көчүрүлөт.
142. 198, 288 жана 388-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
143. 199, 289 жана 389-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 132- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
144. 200, 290 жана 390-уячаларда сауна боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 136- уячасына көчүрүлөт.
145. 201, 291 жана 391-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт. 11
146. 202, 292 жана 392-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 138- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
147. 203, 293 жана 393-уячаларда бильярд боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 139- уячасына көчүрүлөт.
148. 204, 294 жана 394-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
149. 205, 295 жана 395-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 141- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
150. 206, 296 жана 396-уячаларда муниципалдык мончолорду кошпогондо, мончо боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 142-уячасына көчүрүлөт.
151. 207, 297 жана 397-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
152. 208, 298 жана 398-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 144- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
153. 209, 299 жана 399-уячаларда креативдүү индустрия паркынын резиденти боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 145-уячасына көчүрүлөт.
154. 210, 300 жана 400-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
155. 211, 301 жана 401-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 147- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
156. 212, 302 жана 402-уячаларда (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган) базарларда жана кичи базарларда соода иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 148-уячасына көчүрүлөт.
157. 213, 303 жана 403-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
158. 214, 304 жана 404-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 150- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
159. 215, 305 жана 405-уячаларда айыл чарбасындагы даярдоочунун иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 154-уячасына көчүрүлөт. 12
160. 216, 306 жана 406-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
161. 217, 307 жана 407-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 156- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
162. 218, 308 жана 408-уячаларда айыл чарбасындагы сүт даярдоочунун иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 157-уячасына көчүрүлөт.
163. 219, 309 жана 409-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
164. 220, 310 жана 410-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 159- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
165. 221, 311 жана 411-уячаларда турак жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, атайын курулуш иштерин аткаруучу субъекттин товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 160-уячасына көчүрүлөт.
166. 222, 312 жана 412-уячаларда бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
167. 223, 313 жана 413-уячаларда бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 162- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
168. 224-уячада 162, 165, 175, 182, 189, 196, 199, 202, 205, 208, 211, 214, 217, 220 жана 223-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
169. 314-уячада 252, 255, 265, 272, 279, 286, 289, 292, 295, 298, 301, 304, 307, 310 жана 313-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
170. 414-уячада 352, 355, 365, 372, 379, 386, 389, 392, 395, 398, 401, 404, 407, 410, жана 413-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 224, 314 жана 414-уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 163- уячасынын маанисине барабар болууга тийиш
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- МСКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругуна өзгөртүүлөрдү…Приказ · 24.02.2022 · № 73
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.