# МСКнын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 118а "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 118а "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 118а
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2024
- Редакциянын күнү: 18.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-55>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/55>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 118а "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" буйругу (18.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-55

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_\_18\_апрель\_\_ 2024-ж. / г. № \_\_118а\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасыны Салык кодексинин 178-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы Nº 141 токтому менен бекитилген Эсеп-фактураны тузуу жана жугуртуу тартибине ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1-пунктунда:

1) 1-пунктчада Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартиби ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:

"11) айыл чарба өндүрүүчүсүнөн айыл чарба продукциясын сатып алуудагы эсеп-фактуранын формасы 11-тиркемеге ылайык.».

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.

3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Төрага | А.К. Абдувапов |
