Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| ___18_апрель__ 2024-ж. / г. № __118а____ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасыны Салык кодексинин 178-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы Nº 141 токтому менен бекитилген Эсеп-фактураны тузуу жана жугуртуу тартибине ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1-пунктунда:
1) 1-пунктчада Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартиби ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) айыл чарба өндүрүүчүсүнөн айыл чарба продукциясын сатып алуудагы эсеп-фактуранын формасы 11-тиркемеге ылайык.».
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.
3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Төрага | А.К. Абдувапов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2022 · № 141
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.