# МСКнын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 380 "Товарга коштомо кагаздарды тариздөө тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 380 "Товарга коштомо кагаздарды тариздөө тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 380
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2024
- Редакциянын күнү: 04.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-54>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/54>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 380 "Товарга коштомо кагаздарды тариздөө тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу (04.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-54

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_04\_декабрь\_\_ 2024-ж. / г. № \_\_380\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Товарга коштомо кагаздарды тариздөө тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-майындагы № 263 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын-14-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мучө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, 2022-жылдын 3-августундагы Nº 324 «Товарга коштомо кагаздарды тариздөө тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мучө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнү алкагында салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкатты берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу менен бекитилген Коштомо кагазды толтуруу тартибине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 29 жана 85-пункттарда «гуманитардык жук» деген сөздөрдөн кийин «; иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусу, товарды кайтаруу» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (Б.И. Жардамбекова) ЕАЭБ менен иштөө башкармалыгы (Исмаил у.П.) менен биргеликте «Жыйынды пост» автоматташтырылган маалыматтык системасына тийиштуу өзгөртүүлөрдү киргизсин жана бекитилген тартипти МСКнын расмий сайтында жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту МСКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүне жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж. Умтуловго жана Н У.Салиевага жуктөлсүн.

| Төрага | А.К.Абдувапов |
