Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Приказ ГНС «О мерах по внедрению электронной товаротранспортной накладной и каталога товаров»
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
__30.04.2024_-ж. / г. №__133__ г. Бишкек ш.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана товарлардын каталогун киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке
алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөнүн жана жүгүртүүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Товарларды товарлар каталогуна жана товарлар каталогунун түзүмүнө киргизүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Электрондук документ түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын (TTN ЅТІ-003) формасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Электрондук документ түрүндөгү кириштөө документинин (TTN STI-004) формасы 4-тиркемеге ылайык;
5) Электрондук документ түрүндөгү кириштөө документинин (дыйкан-фермердик чарбадан же соода платформасынан) (TTN STI-005) формасы 5-
тиркемеге ылайык;
6) Электрондук документ түрүндөгү эсептен чыгаруу документинин (TTN ST1-006) формасы 6-тиркемеге ылайык;
7) Электрондук документ түрүндөгү эсептен чыгаруу документинин (жеке жак же соода платформасынын дарегнне) (TTN STI-007) формасы 7-
тиркемеге ылайык.
2. "Товарлардын каталогу" модулунда товарларды кошууга табыштаманы толтурууда товарлардын төмөнкү топторуна карата кошумча маалымат
милдеттүү түрдө берилери белгиленсин
1) 2024-жылдан 1-июлунан тартып — мунай жана мунай продуктулары (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 коддору менен майлоочу
майлардан жана башка майлардан тышкары), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон алкоголдук жана тамеки продукциялары;
2) 2025-жылдын 1-январынан тартып товарлардын башка акциздик топтору.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 14-майындагы № 208
"Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү тартибин жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А. Мурзакматов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
5. Иш кагаздар камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту аткаруу жана иш үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык салык органдарына жеткирсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
төрагасынын орун басары И.Н.Кыдыргычовго жүктөлсүн.
Төрага А.К. Абдувапов
КР ФМ караштуу
МСКнын 2024-жылдын
30-апрелинен №133
буйругуна 1-тиркеме
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөнүн жана жүгүртүүнүнТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында
товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыккан жана электрондук документ түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуучу субъекттер тарабынан электрондук документ түрүндөгү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөнүн жана жүгүртүүнүн жол-жобосун аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык
бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) укугунда аныкталган мааниде чечмеленет.
3. ЭТТК модулунда түзүлгөн документтер PDF форматында жүктөп алынат жана QR-коду болот, мында документтердин кагаз түрүндөгү версияларын
ЭТТК модулунда товар жүгүртүүдө басып чыгаруу милдеттүү эмес.
4. Эгерде ушул Тартип менен башкасы аныкталбаса, товарлардын наркы жана баасы жөнүндө маалыматтар ЭТТК модулунун документтеринде улуттук
валютада көрсөтүлөт.
2. ЭТТК модулунда товарларды эсепке алуу кампасын каттоо жана
деактивдештирүү тартиби
5. ЭТТК модулунда субъект тарабынан товарларды жеткирүүнү жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүгүнө жараша товарларды эсепке алуу кампасынын
төмөнкүдөй типтери катталат:
1) стационардык;
2) көчмө.
6. Товарларды эсепке алуунун стационардык кампасы өзүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу юридикалык дарегин гана көрсөтүү менен товарларды эсепке
алуу кампасын түзүүгө жол берилген мамлекеттик органдарды жана мекемелерди кошпогондо, экономикалык иш жүзөгө ашырылган экономикалык иштин ар бир объектине катталат.
7. Товарларды эсепке алуунун көчмө кампасы болуп автотранспорт каражаты (мындан ары – АТК) саналат, андан түздөн-түз товарга заказ берүү жана
сатуу жүзөгө ашырылат.
8. Көчмө кампаны пайдалануу менен товарларды сатууда салыктык контролдоо функциясы бар автомобилдик жолдорундагы ички стационардык
посттор аркылуу өтүүнү караштырбаган бир калктуу конуштун жана/же райондун чектеринде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
9. Турак жана турак эмес имараттарды курууну жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан
аныкталган тартипте архитектуралык-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган ар бир курулуш объектиси товарларды эсепке алуу кампасы болуп саналат.
10. ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасы төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен катталат:
1) товарларды эсепке алуу кампасынын аталышы;
2) товарларды эсепке алуу кампасынын тиби;
3) экономикалык иш объектисинин иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча салык органынын аталышы;
4) экономикалык иш объектисинин жайгашкан дареги. Көчмө товарларды эсепке алуу кампасы үчүн субъекттин юридикалык дареги көрсөтүлөт;
5) товарларды эсепке алуунун көчмө кампасы үчүн кошумча төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
А) АТКнын мамлекеттик номери;
б) АТК маркасы;
в) чиркегичтердин саны;
г) чиркегичтердин мамлекеттик номерлери.
11. Ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды редакциялоо ЭТТН модулунда товарларды эсепке алуунун ушул кампасын көрсөтүү
менен түзүлгөн документтер жок болгон учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. ЭТТН модулунда товарларды эсепке алуунун ушул кампасын көрсөтүү менен түзүлгөн документтер жана ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү зарылдыгы болгон учурда товарларды эсепке алуунун бул кампасы деактивдештирилүүгө тийиш.
12. Товарларды эсепке алуу кампасын деактивдештирүү субъекттин ошол экономикалык иш объектисинде иши токтотулганда же ушул Тартиптин 11-
пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн учур пайда болгондо, төмөнкү шарттар сакталганда жүзөгө ашырылат:
1) ЭТТК модулунда товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыктары жоктугу;
2) товарларды эсепке алуу кампасынын маалыматтарын көрсөтүү менен "жаңы" же "жөнөтүлдү" статусу бар документтердин жоктугу.
3. "Кириштөө" операциясын тариздөөнүн тартиби жана мөөнөтү жана
документтин формасы
13. ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасына товарларды кириштөө төмөнкүдөй кириштөө булактарын милдеттүү түрдө тандоо жолу
менен жүзөгө ашырылат:
1) өндүрүүдө (даярдоодо);
2) импорттоодо;
3) салык контролунун материалдары боюнча;
4) калктан сатып алуу;
5) калктан кайтарып алуу;
6) кампадагы калдык;
7) сатуу үчүн негизги каражат;
8) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү;
9) дыйкан фермердик чарбадан (мындан ары – ДФЧ) өздүк өндүрүшундөгү өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын сатып
алуу;
10) ДФЧдан же жеке жактан өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын иштетип алма чийки зат түрүндө алуу;
11) соода платформасынан кайтаруу;
12) арзандатылган товар;
13) кайра иреттөө.
14. Товарларды өндүрүүдө (даярдоодо) кириштөө өлчөө бирдиги үчүн субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык аныкталуучу
товардын пландуу өздүк наркы боюнча даяр продукция кабыл алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
15. Товарларды импорттоодо жана иштетип алма чийки затты андан ары кайра иштетүү үчүн ташып кирүүдө кириштөө эсеп-фактурага жана/же
инвойско, ошондой эле төмөнкүлөргө ылайык өлчөө бирдиги үчүн бааны көрсөтүү менен, бул товарлар экономикалык иш объектине келип түшкөн учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт:
1) үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон учурда жүк бажы декларациясына;
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолгон учурда коштомо кагазга.
16. Салык контролун жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган эсепке алынбаган товарларды кириштөө төмөнкүлөр тапшырылган күндөн бир
календардык күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт:
1) салыктык контролдун натыйжаларына макул болгон учурда товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун жыйынтыктоочу
актысын;
2) салыктык контролдун натыйжалары менен макул болбогон учурда камералдык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечимди же көчмө
текшерүүнүн натыйжалары боюнча чечимди.
17. "Калктан сатып алуу" кириш булагы боюнча кириштөө айнек идиштерди, утилдештирилүүчү чийки заттарды, металл сыныктарын, айыл чарба
продукциясын жана алардын башка жеке товарларын кийин сатуу же кайра иштетүү үчүн калктан кабыл алууда (сатып алууда) гана "Сатып алуу"
операциясы менен контролдук-кассалык чектин негизинде өлчөө бирдигинин баасы боюнча ушул операция жүргүзүлгөн күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
18. "Калктан кайтаруу" кириш булагы боюнча кириштөө "Кайтаруу" операциясы менен контролдук-кассалык чектин негизинде, салыктарды эске алуу
менен өлчөө бирдигинин баасы боюнча бул операция ишке ашырылган күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
19. "Кампадагы калдык" кириш булагы боюнча кириштөө ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасындагы сатылууга же кайра иштетилүүгө
тийиш болгон товарлардын калдыктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети аныктаган учурларда жана мөөнөттөрдө субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык аныкталган өлчөө бирдигинин эсептик наркы боюнча иш жүзүндөгү калдыктарга ылайык келтирүү максатында жүргүзүлөт.
20. "Ишке ашыруу үчүн негизги каражат" киреше булагы боюнча кириштөө салык саясатына ылайык наркын көрсөтүү менен, аны ишке ашыруу ниети
болгондо баланстагы негизги каражаттын кириштелүүсүнө багытталган.
21. "Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү" кириш булагы боюнча кириштөө өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык
төлөөчү товарларды өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагынан тышкары сатуу ниетинде товарлардын кириштелүүсү үчүн багытталган жана ушул товарларды сатып алуу баасы боюнча жүргүзүлөт.
22. "ДФЧдан өздүк өндүрүшундөгү өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын сатып алуу" кириш булагы боюнча кириштөө
ДФЧ жана товарларды сатып алуу баасы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен сатып алуу учурунда мындай продукцияны кайра иштетүү продуктуларын кошпогондо, ДФЧдан сатып алынган өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясынын кириштелүүсү үчүн багытталган.
23. "ДФЧдан же жеке жактан иштетип алма чийки затты алуу" кириш булагы боюнча кириштөө келишимде каралган нарк боюнча же бул товарларды
алуу учурунда шарттуу баалоо боюнча ДФЧ же жеке жак жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен иштетип алма чийки затты кайра иштетүү жөнүндө келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
24. Соода платформасынан кайтаруу" кириш булагы боюнча кириштөө субъекттин товарлары аны алып жатканда кайтарылган учурда, субъект
тарабынан мурда Интернет тармагындагы соода платформалары аркылуу калкка жана/же экспорттоого сатылган товарлардын кириштелүүсү үчүн багытталган.
25. Товарларды "Арзандатылган товар" кириш булагы боюнча кириштөө субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык аныкталуучу өлчөө
бирдигинин эсептик наркы боюнча товарлардын аталышынын өзгөрүшүнө алып келүүчү бир катар себептер боюнча товарлардын касиеттери жоголгон товарлардын субъект тарабынан кириштелүүсү үчүн багытталган.
26. "Кайра сорттоо" кириш булагы боюнча кириштөө субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык аныкталган өлчөө бирдигинин эсептик
наркы боюнча ошол эле категориядагы товардын башка түрү жетишсиз болгон учурда товардын белгилүү бир түрүнүн ашыкчасын аныктоодо субъект тарабынан бул фактылар аныкталган күндөн кийин бир календардык күндөн кечиктирилбестен кириштелүүсү үчүн багытталган.
27. Ушул Тартиптин 3-главасында "Кириштөө" операциясын аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө ушул Тартиптин 61-пунктунда
көрсөтүлгөн ал жеткис жагдайлар пайда болгон учурда ЭТТН модулунун иши кайра жанданган күндөн тартып жүзөгө ашырылат.
28. Ушул Тартиптин 22, 23, 24-пункттарында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, "Кириштөө" операциясы таризделгенден кийин TTNSTI – 004
формасындагы документ түзүлөт, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:"Статус" 001-уячасы ЭТТК модулу менен автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардын бирин камтышы мүмкүн:
1) жаңы – документ толтурулган, бирок ырасталган жок;
2) ырасталды – документ ырасталды;
002 жана 003-уячалар автоматтык режимде ЭТТК модулу менен толтурулат. Берилген уячаларда документтин номери жана кириштелгендигин
ырастаган датасы көрсөтүлөт.102 жана 103-уячаларда документти түзгөн субъекттин ИСНи жана аты-жөнү же аталышы көрсөтүлөт.
250 жана 251-уячаларда эгерде документ субъекттин филиалы тарабынан түзүлгөн болсо, субъекттин филиалынын ИСНи жана аталышы
көрсөтүлөт, башка учурларда бул тилкелер толтурулбайт.
113 жана 104-уячаларда субъекттин салыктык каттоосу боюнча салык органынын юридикалык жана/же иш жүзүндөгү дареги, коду жана
аталышы көрсөтүлөт.
252-уячада кириштөө документи түзүлүүчү экономикалык иш объектисинин (ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасынын) аталышы
көрсөтүлөт.
253-уячада 252-уячада көрсөтүлгөн товарларды эсепке алуу кампасынындареги көрсөтүлөт.
452-уячада документке карата 200 символдон ашпаган текст түрүндөгү түшүндүрмөлөр көрсөтүлөт.
207-уячада кириштөө документинде көрсөтүлгөн товарлардын жалпы наркы көрсөтүлөт.
208-уячада кириштөө документинде көрсөтүлгөн товарлардын позицияларынын жалпы саны көрсөтүлөт.
209-уячада кириштөө документине тиркемелердин (барактардын) жалпы саны көрсөтүлөт.
"№" графасында документтеги товардын позициясынын номери ирети менен көрсөтүлөт.
"Товардын коду" графасында товардын ТЭИТН коду көрсөтүлөт.
"Товардын аталышы" графасында "Товарлардын каталогу" модулундагы товарлардын каталогуна ылайык товардын аталышы көрсөтүлөт.
"Киреше булагы" графасында товарларды эсепке алуу кампасына кириштелген товарлар боюнча киреше булагы көрсөтүлөт (импорт болгон учурда).
"Өлчөө бирдиги" графасында товардын өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
"Бирдик баасы" графасында "Өлчөө бирдиги" графасында көрсөтүлгөнөлчөө бирдигинин баасы көрсөтүлөт.
"Фактуралык баа" графасында өлчөө бирдигине товардын баасы эсеп-фактурага же инвойско ылайык көрсөтүлөт (импорттоодо кириштөө булагы
тандалган учурда толтурулат).
"Саны (көлөмү)" графасында "Өлчөө бирдиги" графасында көрсөтүлгөн өлчөө бирдиктеринде товардын саны көрсөтүлөт.
"Товардын жалпы наркы" графасында товарлардын жалпы санынын наркы көрсөтүлөт.
"Товардын фактуралык наркы" графасында товарлардын жалпы санынын фактуралык наркы көрсөтүлөт (импорттоодо кириштөө булагы тандалган
учурда толтурулат).
"Барак боюнча жыйынтык" графасында бул барактагы "Саны (көлөмү)" жана "Товардын жалпы наркы", "Товардын фактуралык наркы" (импорт болгон
учурда) графаларынын суммасы көрсөтүлөт.
29. Ушул Тартиптин 22, 23, 24-пункттарында көрсөтүлгөн "Дыйкан-фермердик чарбадан же соода платформасынан кириштөө" операциясы
таризделгенден кийин TTNSTI – 005 формасындагы документ түзүлөт, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
"Статус" 001-уячасы ЭТТН модулу менен автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардын бирин камтышы мүмкүн:
1) жаңы – документ толтурулган, бирок ырасталган жок;
2) ырасталды – документ ырасталды;
002 жана 003-уячалар автоматтык режимде ЭТТК модулу менен толтурулат. Берилген уячаларда документтин номери жана кириштелгендигин
ырастаган датасы көрсөтүлөт.102 жана 103-уячаларда документти түзгөн субъекттин ИСНи жана аты-жөнү же аталышы көрсөтүлөт.
250 жана 251-уячаларда эгерде документ субъекттин филиалы тарабынан түзүлгөн болсо, субъекттин филиалынын ИСНи жана аталышы
көрсөтүлөт, башка учурларда бул тилкелер толтурулбайт.
113 жана 104-уячаларда субъекттин салыктык каттоосу боюнча салык органынын юридикалык жана/же иш жүзүндөгү дареги, коду жана
аталышы көрсөтүлөт.
252-уячада кириштөө документи түзүлүүчү экономикалык иш объектисинин (ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасынын) аталышы
көрсөтүлөт.
253-уячада 252-уячада көрсөтүлгөн товарларды эсепке алуу кампасынындареги көрсөтүлөт.
408-уячада АТК маркасы көрсөтүлөт.
409-уячада АТК мамлекеттик номери көрсөтүлөт.
410-уячада бул товарды ташуудагы чиркегичтердин саны көрсөтүлөт. 411-уячада чиркегичтердин мамлекеттик номерлери көрсөтүлөт. Бул уячалар
АТКга чиркегич бекитилген учурда толтурулат.
408, 409, 410, 411-уячалар товарларды алган жеринен экономикалык иш объектисине чейин ташыган учурда толтурулат.
452-уячада документке карата 200 символдон ашпаган текст түрүндөгү түшүндүрмөлөр көрсөтүлөт.
453-уячада товарды же чийки затты өткөрүп берүүчү жеке жактын/ДФЧ/соода платформасынын ИСНи көрсөтүлөт.
454-уячада жеке жактын аты-жөнү, ДФЧнын же соода платформасынын аталышы көрсөтүлөт.
207- уячада кириштөө документинде көрсөтүлгөн товарлардын жалпы наркы көрсөтүлөт.
208- уячада кириштөө документинде көрсөтүлгөн товарлардын позицияларынын жалпы саны көрсөтүлөт.
209- уячада кириштөө документине тиркемелердин (барактардын) жалпы саны көрсөтүлөт.
"№" графасында документтеги товардын позициясынын номери ирети менен көрсөтүлөт.
"Товардын коду" графасында товардын ТЭИТН коду көрсөтүлөт.
"Товардын аталышы" графасында "Товарлардын каталогу" модулундагы товарлардын каталогуна ылайык товардын аталышы көрсөтүлөт.
"Кириштөө булагы" графасында товарларды эсепке алуу кампасына кириштелген товарлар боюнча ДФЧдан, жеке жактан же соода платформасынан кириштөө булагы көрсөтүлөт.
"Өлчөө бирдиги" графасында товардын өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
"Бирдик баасы" графасында "Өлчөө бирдиги" графасында көрсөтүлгөнөлчөө бирдигинин баасы көрсөтүлөт.
"Саны (көлөмү)" графасында "Өлчөө бирдиги" графасында көрсөтүлгөн өлчөө бирдиктеринде товардын саны көрсөтүлөт.
"Товардын жалпы наркы" графасында товарлардын жалпы санынын наркы көрсөтүлөт.
"Барак боюнча жыйынтык" графасында бул барактагы "Саны (көлөмү)" жана "Товардын жалпы наркы" графаларынын суммасы көрсөтүлөт.
4. ЭТТКны тариздөө тартиби жана анын формасы
30. ЭТТКны тариздөөдө операциялардын төмөнкү түрлөрү тандалат:
1) дүң сатуу;
2) экспорттоо/ташып чыгуу;
3) кайтаруу;
4) алып өтүү;
5) агенттик товарлар;
6) иштетип алма чийки зат;
7) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусу;
8) реактивдүү отун;
9) duty free (алымсыз соода дүкөнү);
10) кайтарымсыз өткөрүп берүү.
31. Эгерде ушул тартипте башкача белгиленбесе, ЭТТК модулунда катталган субъектке экономикалык иш объектисинен товар жөнөтүлгөнгө чейин,
төлөө формасына жана датасына карабастан субъект тарабынан ЭТТК түзүлөт.
32. Субъекттерге товарларды сатууда, калк менен эсептешүү учурларын кошпогондо, ЭТТК салыктарды эсепке алуу менен сатуунун наркын
көрсөтүү аркылуу "Дүң сатуу" операция түрү менен таризделет.
33. Товарларды экспорттоодо ЭТТК товарлардын резидент эмес субъектке берилүүчү наркын көрсөтүү менен экспорттун түрүн көрсөтүү менен
"Экспорттоо/ташып чыгуу" операция түрү менен таризделет.
34. ЭТТК аркылуу кабыл алынган товарларды алуучу кайтарып берген учурда алуучу жөнөтүүчүгө "Кайтаруу" операция түрүн көрсөтүү менен ЭТТК
жазып берүүгө милдеттүү. Товарларды кайтарууда ошол товарларды алуучу жөнөтүүчүдөн кабыл алган баа көрсөтүлөт.
35. Товарларды эсепке алуунун бир кампасынан товарларды эсепке алуунун башка кампасына бир субъекттин же анын филиалдарынын чегинде
алып өтүүдө товарларды жөнөтүүчү тарабынан товарлардын эсептик наркын көрсөтүү менен "Ички алып өтүү" операция түрү менен ЭТТК таризделет.
36. Принципал тарабынан товарларды жарандык-укуктук келишимдердин негизинде агенттин атынан сатуу үчүн агентке өткөрүп берүүдө жөнөтүүчү
тарабынан ошол товарлардын эсептик наркын көрсөтүү менен "Агенттик" операция түрү менен ЭТТК таризделет.
37. Иштетип алма чийки затты өткөрүп берүүдө иштетип алма ээси тарабынан кайра иштетүүчүнүн дарегине товарлардын эсептик наркын
көрсөтүү менен "Иштетип алма чийки зат" операция менен ЭТТК таризделет.
38. Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусун кайра иштетүүчү тарабынан иштетип алма ээсине өткөрүп берүүдө "Иштетип алма
продуктусу" операция түрү менен товарлардын эсептик наркын көрсөтүү менен ЭТТК таризделет.
39. Реактивдүү отунду сатууда жөнөтүүчү тарабынан товарларды сатуу баасын көрсөтүү менен "Реактивдүү отун" жеткирүү түрү менен ЭТТК
таризделет. "Реактивдүү отун" операциясынын түрү менен ЭТТК товар жөнөтүлгөн күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен таризделиши мүмкүн.
40. Товарларды алымсыз соода дүкөнүнүн дарегине сатууда Кыргыз Республикасынын салык жана/же бажы мыйзамдарында аныкталган
тартипте товарларды сатуунун наркын жана маркалоо коддорун көрсөтүү менен "duty free" операция түрү менен ЭТТК таризделет.
41. ЭТТК колдонууга милдеттүү болгон башка субъекттерге товарларды кайтарымсыз өткөрүп берүүдө ЭТТК товарлардын эсептик наркын көрсөтүү
менен "Кайтарымсыз" операция түрү менен таризделет.
42. ЭТТК таризделгенден кийин TTNSTI – 003 формасындагы документ түзүлөт, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
"Статус" 001-уячасы ЭТТК модулу менен автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардын бирин камтышы мүмкүн:
1) жаңы – ЭТТК толтурулган, бирок жөнөтүүчү тарабынан ырасталган эмес;
2) жөнөтүлгөн – ЭТТК жөнөтүүчү тарабынан ырасталган, бирок алуучу тарабынан кабыл алынган жок;
3) кабыл алынган – жөнөтүүчү жиберген ЭТТК алуучу тарабынан кабыл алынды;
4) четке кагылган – жөнөтүүчү жиберген ЭТТК алуучу тарабынан четке кагылган;
5) чакыртып алынган – жөнөтүүчү жиберген ЭТТК жөнөтүүчү тарабынан чакыртып алынган.
002 жана 003-уячалары ЭТТК модулу менен автоматтык режимде толтурулат. Бул уячаларда ЭТТК номери жана тариздөө датасы көрсөтүлөт.
102 жана 103-уячаларда товарды жөнөтүүчүнүн идентификациялык салык номери жана аты-жөнү же аталышы көрсөтүлөт.
203 жана 204-уячаларда эгерде жөнөтүү жөнөтүүчүнүн филиалы тарабынан жүзөгө ашырылса, жөнөтүүчүнүн филиалынын ИСНи жана аталышы
көрсөтүлөт, башка учурларда бул тилкелер толтурулбайт.
113 жана 104-уячаларда жөнөтүүчүнүн юридикалык жана/же иш жүзүндөгү дареги жана жөнөтүүчүнү салыктык каттоо боюнча салык органынын коду
жана аталышы көрсөтүлөт.
301 жана 302-уячаларда товарды алуучунун ИСНи жана аты-жөнү же аталышы көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын резидент эмес-алуучусунун ИСНи 14 белгиден ашкан цифралык белгилөөлөрдөн турган болсо, анда биринчи 14
белги көрсөтүлөт, эгерде 14 белгиден аз болсо, белгилердин болгон саны көрсөтүлөт.
303 жана 304-уячаларда алуучунун филиалынын ИСНи жана аталышы көрсөтүлөт, эгерде жөнөтүү филиалдын дарегине жүргүзүлсө.
305- уячада товарды алуучунун юридикалык дареги же иш жүзүндө жайгашкан жери (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин,
батирдин номери ж.б.) көрсөтүлөт.
Эгерде алуучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо, өлкөнүн аталышы көрсөтүлөт.306- уячада товарды алуучунун салыктык катталган
жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.Эгерде ЭТТК Кыргыз Республикасынын резидент эмес-алуучуcуна таризделсе, анда 306-уячада өлкөнүн коду жана аталышы көрсөтүлөт.
207- уячада товарларды жөнөтүү жүргүзүлүп жаткан жөнөтүүчүнүн экономикалык иш объектисинин аталышы көрсөтүлөт ("товарларды эсепке алуу
кампасынын" аталышы).
208- уячада 207-уячада көрсөтүлгөн товарларды эсепке алуу кампасынын дареги көрсөтүлөт.
307- уячада товар жөнөтүлүп жаткан алуучунун экономикалык иш объектисинин аталышы көрсөтүлөт ("товарларды эсепке алуу кампасынын"
аталышы).
308- уячада 307-уячада көрсөтүлгөн товарларды эсепке алуу кампасынын дареги көрсөтүлөт.
401- уячада жөнөтүүчү тарабынан товарлардын жөнөтүлгөндүгүн тастыктаган дата көрсөтүлөт.
402- уячада операциянын төмөнкү түрлөрүнүн бири көрсөтүлөт:
1) дүң сатуу;
2) экспорттоо/ташып чыгуу;
3) реактивдүү отун;
4) duty free;
5) ички алып өтүү;
6) иштетип алма чийки зат;
7) иштетип алма продукту;
8) кайтаруу;
9) агенттик;
10) кайтарымсыз;
11) кагаз түрүндө.
412-уячада ташып чыгуунун төмөнкү түрлөрүнүн бири көрсөтүлөт (экспорт/ташып чыгуу операциясынын түрү тандалган учурда):
1) сатуу;
2) товарларды убактылуу ташып чыгуу;
3) мурда убактылуу ташып киргизилген товарларды ташып чыгуу;
4) иштетип алма чийки затты ташып чыгуу;
5) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусун ташып чыгуу;
6) импорттолгон товарды кайтарып берүү;
7) ЕАЭБге мүчө мамлекеттеги өзүнүн филиалына же өкүлчүлүгүнө өткөрүп берүү;
8) Кыргыз Республикасындагы филиалынан же өкүлчүлүгүнөн филиалы же өкүлчүлүгү болуп саналган ЕАЭБге мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнө
өткөрүп берүү.
403- уячада бүтүмдүн түрү көрсөтүлөт:
1) кайтарымдуу;
2) кайтарымсыз.
501-уячада экспорттоодо/ташып чыгууда товарларды чет өлкөлүк валютада сатуу учурундагы валютанын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
502-уячада 501-уячада көрсөтүлгөн чет өлкө валютасынын курсу экспортко/ташып чыгууга жөнөтүлгөн товарлар тастыкталган күнгө карата Улуттук
банктын курсу боюнча кыргыз сомунда көрсөтүлөт.
503-уячада товарларды чет өлкө валютасында сатуу учурунда товарлардын жалпы наркы чет өлкө валютасында көрсөтүлөт.
404- уячада ташуу ыкмасы көрсөтүлөт:
1) автомобилдик (мындан ары – АТК);
2) аба;
3) темир жол;
4) башкасы.
405- уячада МСК пломбасынын сериясы жана номери көрсөтүлөт (Күйүүчү майлоочу май жөнөтүлгөн учурда).
406 жана 407-уячаларда ташуучу компаниянын ИСНи жана аталышы көрсөтүлөт.
408-уячада АТК ташуу ыкмасы болгон учурда АТКнын маркасы көрсөтүлөт.
409-уячада АТКнын мамлекеттик номери/рейстин номери/вагондун номери көрсөтүлөт.
410-уячада бул товарды ташуудагы чиркегичтердин/вагондордун саны көрсөтүлөт. 411-уячада чиркегичтин/вагондун мамлекеттик номерлери
көрсөтүлөт. Бул уячалар АТКга чиркегич бекитилген же товар ташуунун темир жол ыкмасында бир нече вагондо ташылып жаткан учурда толтурулат.
601-уячада товарлардын брутто массасы көрсөтүлөт.
602-уячада товарлардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
603-уячада товарлардын позицияларынын жалпы саны көрсөтүлөт.
604-уячада тиркемелердин жалпы саны көрсөтүлөт.
ЭТТКнын 6-бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) "№" графасында - саптын катар номери;
2) "Товардын ТЭИТН коду" графасында - ЭТТК модулундагы товарлардын маалымдамасына ылайык товардык позициянын коду боштуксуз, ондон
кем эмес белгилердин саны менен;
3) "Товардын аталышы" графасында - жеткирилүүчү товардын аталышы;
4) "Өлчөө бирдиги" графасында - товардын өлчөө бирдиги. Бирдик ЭТТК модулундагы товарлардын маалымдамасына ылайык көрсөтүлөт.
ЭСКЕРТҮҮ: Товардын өлчөө бирдиги акыркы керектөөчүнүн сатып алуусун өлчөө түрүндө көрсөтүлөт (мунай жана мунай продуктуларын
саткан учурда).
5) "Бирдик баасы" графасында - товардын бирдигинин баасы;
6) "Саны (көлөмү)" графасында - товардын саны же көлөмү;
7) "Товарлардын жалпы наркы" графасында - товарлардын жалпы наркы көрсөтүлөт.
5. "Эсептен чыгаруу" операциясын тариздөө тартиби жана анын
формасы
43. Товарларды эсепке алуу кампасынан товарларды эсептен чыгаруу төмөнкү себептерди милдеттүү түрдө тандоо жолу менен жүргүзүлөт:
1) калкка сатуу;
2) отун карталарын, талондорду, сертификаттарды пайдалануу менен сатуу;
3) өндүрүү/даярдоо;
4) табигый кемүү;
5) бузулуу, жоголуу, сынуу;
6) салык контролунун материалдары боюнча;
7) гуманитардык жардам;
8) соода платформалардын дарегине жеткирүү;
9) негизги каражат;
10) башка чыгымдалуучу материалдар;
11) жеке жактын иштетип алма чийки затын кайра иштетүү продуктусу;
12) арзандатылган товар;
13) кайра сорттоо;
14) башка.
44. Калк менен эсептешүүлөрдө мунайдан жана мунайзаттардан башка товарлар ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасынан
салыктарды эске алуу менен сатуу баасы боюнча "Калкка сатуу" эсептен чыгаруунун себебин тандоо жолу менен төмөнкү мөөнөттөрдө эсептен чыгарылат:
1) учурдагы айдын 1инен 15ине чейин, учурдагы айдын 16сынан кечиктирбестен сатылгандар;
2) айдын 16сынан тартып учурдагы айдын аягына чейин, кийинки айдын биринчи күнүнөн кечиктирбестен сатылгандар.
Мунайды жана мунайзаттарды калкка сатууда бул товарлар сатуу күнүнөн тартып үч календардык күндүн ичинде салыктарды эске алуу менен сатуу
баасы боюнча ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасынан эсептен чыгарылат.
45. Отун карталарын, талондорду пайдалануу менен мунайды жана мунай продуктуларын сатуу "Отун карталарын, талондорду, сертификаттарды
пайдалануу менен сатуу" себебин тандоо жолу менен сатуу баасы боюнча ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасынан сатуу учурунан тартып үч календардык күндүн ичинде эсептен чыгарылат.
Сертификаттарды пайдалануу менен сатылган, мунайдан жана мунайзаттардан башка товарлар "Отун карталарын, талондорду, сертификаттарды
пайдалануу менен сатууну" эсептен чыгаруунун себебин тандоо жолу менен ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасынан салыктарды эске алуу менен сатуу баасы боюнча төмөнкү мөөнөттөрдө эсептен чыгарылат:
1) учурдагы айдын 1инен 15ине чейин, учурдагы айдын 16сынан кечиктирбестен сатылгандар;
2) айдын 16сынан тартып учурдагы айдын аягына чейин, кийинки айдын биринчи күнүнөн кечиктирбестен сатылгандар.
46. Даяр продукцияны өндүрүү/даярдоо максатында пайдаланылган товарлар субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык аныкталуучу
эсептик наркы боюнча ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасынан ал товарлар өндүрүштө пайдаланылган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен эсептен чыгарылат.
47.Товарлардын табигый кемүүсүн, бузулушун, жоголушун, сынышын эсептен чыгаруу субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык
аныкталуучу эсептик наркы боюнча тиешелүү мыйзамдарда белгиленген ченемдердин чегинде, бул фактылар аныкталган күндөн кийин бир календардык күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
48. Салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын иш жүзүндөгү калдыктары жок экендиги
аныкталганда товарларды эсептен чыгаруу тапшырылган күндөн кийинки бир календардык күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт:
1) материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун жыйынтыктоочу актысын;
2) салыктык контролдун натыйжалары менен макул болбогон учурда камералдык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечимди же көчмө текшерүүнүн натыйжалары боюнча чечимди.
49. Гуманитардык жардам түрүндө берилген товарлар күбөлөндүрүүчү документтердин болушу менен товарларды эсепке алуу кампасынан
субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык аныкталган эсептик наркы боюнча жөнөтүүчү мындай товарларды экономикалык иш объектинен жүктөгөн учурга чейин эсептен чыгарылат.
50. Товарларды калкка сатуу жана/же экспортко чыгаруу үчүн Интернет тармагында соода платформасын берген субъекттин дарегине товарларды
жеткирүүдө бул товарлар ЭТТК модулундагы маалымдамадан соода платформасынын аталышын көрсөтүү менен экономикалык иш объектинен жөнөтүүчү мындай товарларды жүктөгөн учурга чейин сатылуучу баа боюнча товарларды эсепке алуу кампасынан эсептен чыгарылат.
Соода платформаларынын маалымдамасы калкка жана/же экспортко товарларды сатуу үчүн Интернет тармагында соода платформасын берген
субъекттердин кайрылууларынын негизинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан түзүлөт.
51. ЭТТК алуу менен сатып алынган жана товарларды эсепке алуу кампасына кириштелген негизги каражаттар субъекттин салыктык саясатына
ылайык аныкталуучу нарк боюнча товарларды эсепке алуу кампасынан эсептен чыгарылат.
52. Даяр продукцияны өндүрүү/даярдоо максатында пайдаланылган товарларды кошпогондо, субъект тарабынан пайдаланылган товарлар ушул
товарлар пайдаланылган күндөн кийин үч календардык күндөн кечиктирилбестен субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык аныкталуучу эсептик наркы боюнча товарларды эсепке алуу кампасынан эсептен чыгарылат.
53. Жеке ишкер же дыйкан фермердик чарба катары катталбаган жеке жактын иштетип алма чийки затын кайра иштетүүдөн алынган товарлар
ошол жеке жактын ИСНин көрсөтүү менен товарларды эсепке алуу кампасынан мындай товарларды жөнөтүүчү экономикалык иш объектинен жүктөгөн учурга чейин ал товарлардын эсептик наркы боюнча эсептен чыгарылат.
54. "Арзандатылган товар" эсептен чыгаруунун себеби субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык аныкталуучу өлчөө бирдигинин
эсептик наркы боюнча товарлардын аталышынын өзгөрүшүнө алып келүүчү бир катар себептер боюнча товарлардын касиеттери жоголгон товарларды субъект тарабынан эсептен чыгарууга багытталган.
55. "Кайра сорттоо" кириш булагы боюнча эсептен чыгаруу субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык аныкталган өлчөө бирдигинин
эсептик наркы боюнча ошол эле категориядагы товардын башка түрү жетишсиз болгон учурда товардын белгилүү бир түрүнүн табылган ашыкчаларын ушул фактылар аныкталган күндөн кийин бир календардык күндөн кечиктирбестен субъект тарабынан эсептен чыгарууга багытталган.
56. Ушул Тартипте көрсөтүлбөгөн себептер боюнча товарларды эсептен чыгаруу субъекттин салыктык жана/же эсептик саясатына ылайык
аныкталуучу эсептик наркы боюнча ырастоочу документтердин негизинде бул фактылар аныкталган күндөн кечиктирилбестен эсептен чыгаруунун себеби жөнүндө документке түшүндүрмөнү милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
57. Алардын негизинде товарлар эсептен чыгарылган ырастоочу документтер ЭТТК модулунда салык мыйзамдарында белгиленген доонун
эскирүү мөөнөтүнөн кем эмес сакталат.
58. Ушул Тартиптин 5-главасында "Эсептен чыгаруу" операциясын аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө ушул Тартиптин 61-пунктунда
көрсөтүлгөн ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда ЭТТК модулунун иши кайра жанданган күндөн тартып жүзөгө ашырылат.
59. "Эсептен чыгаруу" операциясы таризделгенден кийин, ушул Тартиптин 50, 53-пункттарында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, TTNSTI – 006
формасындагы документ түзүлөт, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
"Статус" 001-уячасы ЭТТН модулу менен автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардын бирин камтышы мүмкүн:
1) жаңы – документ толтурулган, бирок тастыкталган эмес;
2) ырасталды – документ ырасталды;
002 жана 003-уячалар автоматтык режимде ЭТТК модулу менен толтурулат. Берилген уячаларда документтин номери жана эсептен чыгарылгандыгын
ырастаган датасы көрсөтүлөт.
102 жана 103-уячаларда документти түзгөн субъекттин ИСНи жана аты-жөнү же аталышы көрсөтүлөт.
250 жана 251-уячаларда эгерде документ субъекттин филиалы тарабынан түзүлгөн болсо, субъекттин филиалынын ИСНи жана аталышы
көрсөтүлөт, башка учурларда бул тилкелер толтурулбайт.
113 жана 104-уячаларда субъекттин салыктык каттоосу боюнча салык органынын юридикалык жана/же иш жүзүндөгү дареги, коду жана
аталышы көрсөтүлөт.
252-уячада эсептен чыгаруу документи түзүлүүчү экономикалык иш объектисинин (ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасынын)
аталышы көрсөтүлөт.
253-уячада 252-уячада көрсөтүлгөн товарларды эсепке алуу кампасынын дареги көрсөтүлөт.
451-уячада товарларды эсепке алуу кампасынан эсептен чыгаруунун себеби көрсөтүлөт.
452-уячада документке карата 200 символдон турган чектөө менен тексттик түрдө түшүндүрмөлөр көрсөтүлөт.
207- уячада эсептен чыгаруу документинде көрсөтүлгөн товарлардын жалпы наркы көрсөтүлөт.
208- уячада эсептен чыгаруу документинде көрсөтүлгөн товарлардын позицияларынын жалпы саны көрсөтүлөт.
209- уячада эсептен чыгаруу документине тиркемелердин (барактардын) жалпы саны көрсөтүлөт.
"№" графасында документтеги товардын позициясынын номери ирети менен көрсөтүлөт.
"Товардын коду" графасында товардын ТЭИТН коду көрсөтүлөт.
"Товардын аталышы" графасында "Товарлардын каталогу" модулундагы товарлардын каталогуна ылайык товардын аталышы көрсөтүлөт.
"Өлчөө бирдиги" графасында товардын өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
"Бирдик баасы" графасында "Өлчөө бирдиги" графасында көрсөтүлгөнөлчөө бирдигинин баасы көрсөтүлөт.
"Саны (көлөмү)" графасында "Өлчөө бирдиги" графасында көрсөтүлгөн өлчөө бирдиктеринде товардын саны көрсөтүлөт."Товардын жалпы наркы"
графасында товарлардын жалпы санынын наркы көрсөтүлөт.
"Барак боюнча жыйынтык" графасында бул барактагы "Саны (көлөмү)" жана "Товардын жалпы наркы" графаларынын суммасы көрсөтүлөт.
60. Ушул Тартиптин 50, 53-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда "Дыйкан-фермердик чарбанын же соода платформасынын дарегине эсептен
чыгаруу" операциясы таризделгенден кийин TTNSTI – 007 формасындагы документ түзүлөт, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
"Статус" 001-уячасы ЭТТН модулу менен автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардын бирин камтышы мүмкүн:
1) жаңы – документ толтурулган, бирок тастыкталган эмес;
2) ырасталды – документ ырасталды;
002 жана 003-уячалар автоматтык режимде ЭТТК модулу менен толтурулат. Берилген уячаларда документтин номери жана эсептен чыгарылгандыгын
ырастаган датасы көрсөтүлөт.
102 жана 103-уячаларда документти түзгөн субъекттин ИСНи жана аты-жөнү же аталышы көрсөтүлөт.
250 жана 251-уячаларда эгерде документ субъекттин филиалы тарабынан түзүлгөн болсо, субъекттин филиалынын ИСНи жана аталышы
көрсөтүлөт, башка учурларда бул тилкелер толтурулбайт.
113 жана 104-уячаларда субъекттин салыктык каттоосу боюнча салык органынын юридикалык жана/же иш жүзүндөгү дареги, коду жана
аталышы көрсөтүлөт.
252-уячада эсептен чыгаруу документи түзүлүүчү экономикалык иш объектисинин (ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасынын)
аталышы көрсөтүлөт.
253-уячада 252-уячада көрсөтүлгөн товарларды эсепке алуу кампасынын дареги көрсөтүлөт.
408-уячада АТК маркасы көрсөтүлөт.
409-уячада АТК мамлекеттик номери көрсөтүлөт.
410-уячада бул товарды ташуудагы чиркегичтердин саны көрсөтүлөт. 411-уячада чиркегичтердин мамлекеттик номерлери көрсөтүлөт. Бул уячалар
АТКга чиркегич бекитилген учурда толтурулат.
408, 409, 410, 411-уячалар товарларды алган жеринен экономикалык иш объектисине чейин ташыган учурда толтурулат.452-уячада документке
карата 200 символдон ашпаган текст түрүндөгү түшүндүрмөлөр көрсөтүлөт.
453-уячада товарды же чийки затты өткөрүп берүүчү жеке жактын/ДФЧ/соода платформасынын ИСНи көрсөтүлөт.
454-уячада жеке жактын аты-жөнү, ДФЧнын же соода платформасынын аталышы көрсөтүлөт.
207-уячада эсептен чыгаруу документинде көрсөтүлгөн товарлардын жалпы наркы көрсөтүлөт.
208- уячада эсептен чыгаруу документинде көрсөтүлгөн товарлардын позицияларынын жалпы саны көрсөтүлөт.
209- уячада эсептен чыгаруу документине тиркемелердин (барактардын) жалпы саны көрсөтүлөт.
"№" графасында документтеги товардын позициясынын номери ирети менен көрсөтүлөт."Товардын коду" графасында товардын ТЭИТН коду
көрсөтүлөт.
"Товардын аталышы" графасында "Товарлардын каталогу" модулундагы товарлардын каталогуна ылайык товардын аталышы көрсөтүлөт.
"Өлчөө бирдиги" графасында товардын өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
"Бирдик баасы" графасында "Өлчөө бирдиги" графасында көрсөтүлгөнөлчөө бирдигинин баасы көрсөтүлөт.
"Саны (көлөмү)" графасында "Өлчөө бирдиги" графасында көрсөтүлгөн өлчөө бирдиктеринде товардын саны көрсөтүлөт.
"Товардын жалпы наркы" графасында товарлардын жалпы санынын наркы көрсөтүлөт.
"Барак боюнча жыйынтык" графасында бул барактагы "Саны (көлөмү)" жана "Товардын жалпы наркы" графаларынын суммасы көрсөтүлөт.
6. Ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда ЭТТКны тариздөөнүн, колдонуунун жана түзүүнүн тартиби
61. ЭТТК модулунун иши үзгүлтүккө учураган ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгондо ыйгарым укуктуу салык органынын сайтында ЭТТК
модулунун иши токтотулган датаны көрсөтүү менен ал жеткис күч пайда болгондугу жөнүндө маалымат жарыяланат. ЭТТК модулунун ишин калыбына келтирүүдө сайтта ЭТТК модулунун ишин калыбына келтирүү датасын көрсөтүү менен маалымат жарыяланат.
62. ЭТТК модулунун иши токтогон учурдан тартып жөнөтүүчү товарды жөнөтүүдө ЭТТКны ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча
кагаз жүзүндө эки нускада тариздөөгө, колдонууга жана түзүүгө милдеттүү, алардын бирин товарды алуучуга берет, экинчисин жөнөтүүчүдө калтырат. Ушул Тартиптин 61-пунктунда көрсөтүлгөн учурда кагаз жүзүндө жазылган ЭТТК салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнөн кем эмес сакталат.
63. ЭТТК модулунун иши кайра калыбына келтирилгенде жөнөтүүчү модуль кайра калыбына келтирилген учурдан тартып үч календардык күндөн
кечиктирбестен кагаз жүзүндө жазылган ЭТТКны электрондук түрдө "Кагаз жүзүндө" операциясынын түрүн жана кагазда көрсөтүлгөн товар иш жүзүндө жөнөтүлгөн датаны көрсөтүү менен ЭТТК модулунда тариздөөгө милдеттүү.
64. Алуучу жөнөтүүчү жиберген ЭТТКны текшерет жана аны берилген ЭТТКнын кагаз түрүндөгү версиясы менен текшерет, ырастайт же каталар
болгондо четке кагат.
КР ФМ караштуу
МСКнын 2024-жылдын
30-апрелинен_№133
буйругуна 2-тиркеме
Товарлар каталогуна товарларды киргизүүнүн тартиби жана товарлар каталогунун түзүмү
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында
товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыккан жана товарлар каталогуна товарларды киргизүү жол-жобосун жана товарлар каталогунун түзүмүн аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) товарлардын каталогу – "Товарлардын каталогу" модулу аркылуу түзүлгөн товарлардын иреттелген тизмеси, ал товарлар жөнүндө маалыматтарды
камтыйт;
2) "Товарлардын каталогу" модулу – Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу маалыматтык системасынын модулу, ал аркылуу товарлардын
каталогу түзүлөт;
3) товардын штрих-коду – буюмдун бетине, маркалоосуна же таңгагына түшүрүлүүчү, аны техникалык каражаттар менен окуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү
графикалык маалымат,, анын узундугу 8, 12, 13 же 14 символду түзүүгө тийиш.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары жана/же Евразия экономикалык
бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) укугу менен аныкталган мааниде чечмеленет.
2. Товарлардын каталогуна товарларды киргизүү эрежелери жана
анын структурасы
3. Товарлардын каталогуна товарларды кошуу субъект тарабынан "Товарлардын каталогу" модулунда товарды кошууга табыштама берүү жолу
менен жүргүзүлөт, мында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) ТЭИТН коду;
2) товардын аталышы;
3) өндүрүлгөн өлкө;
4) штрих-коду;
5) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу кошумча маалыматты милдеттүү түрдө берүү талап кылынган товарларды кошууда ушул
Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар.
4. Товарды кошууга табыштамадагы ТЭИТН он орундуу коду табыштама берилген күнгө карата Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши
тарабынан бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык келүүгө тийиш.
5. Товарды кошууга табыштамадагы товардын аталышы төмөнкү топтордон турууга тийиш:
1) Товардын түрү;
2) Соодалык аталышы;
3) Спецификациясы, тиби;
4) Көлөмү/өлчөө бирдиги, таңгактын түрү – товарды сатуу таңгакта, идиште ж. б. ишке ашырылган шартта;
5) Өндүрүүчү – эгерде товар товардын өндүрүүчүсүн түз же кыйыр түрдө көрсөтүүчү соода аталышына ээ болбосо же өзгөчөлүгү башка чектеш
товарлар менен окшош аталышка ээ болсо.
6. Идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды кошууда штрих код жаатындагы мамлекеттик
стандарттарга жооп берген товардын штрих коду милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
7. Ыйгарым укуктуу салык органы төмөнкү учурларда "Товарлардын каталогу" модулундагы четке кагуунун себебин көрсөтүү менен табыштаманы
четке кагат:
1) товардын аталышы, анын ичинде анын тобу чындыкка дал келбесе;
2) ТЭИТН коду товарды кошууга табыштамада көрсөтүлгөн товарга дал келбесе;
3) Бул товар же анын штрих-коду товарлардын каталогуна киргизилген;
4) ушул Тартипте жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында
товарлардын каталогун колдонуу тартибинде белгиленген талаптар сакталбаса.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен товарлардын каталогун колдонуунун тартиби менен аныкталган жагдайлар пайда
болгондо ыйгарым укуктуу салык органы товарлардын каталогундагы мындай товарларды деактивациялоо жөнүндө чечим кабыл алат.
9. Товарды деактивдештирүүдө товарлар каталогунда ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системаларында бул товарды пайдалануу
менен документтерди түзүү мүмкүнчүлүгү өчүрүлөт, буга товарларды эсепке алуу кампасындагы мындай товарлардын калдыктары кирбейт.
10. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системаларында акыркы 3 жылда товарлардын каталогунан товарлардын номенклатурасын
пайдалануу менен түзүлгөн документтер жок болгон учурда, бул товар жүгүртүүдөн чыгаруу себеби боюнча товарлардын каталогунда өчүрүлүүгө тийиш.
11. Товарлардын каталогундагы товарларды деактивациялоо жөнүндө өндүрүүчүнүн, даярдоочунун же импорттоочунун кайрылуусу жарандардын
кайрылууларын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат жана каралат.
3. Товарлардын айрым түрлөрү боюнча кошумча маалымат
12. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу кошумча маалыматты милдеттүү түрдө берүү талап кылынган товарларды кошууда
төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) Алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктар үчүн:
| № | Топтунаталыштары | Талаааттары |
| 1 | Товардын улуттук классификациясы – продукциянынмамлекеттик статистикалык классификаторунаналынган код | Мамлекеттикклассификатордункоду |
| Уникалдуукод | ||
| 2 | Товардынэларалык классификациясы | ТЭИТН |
| GPC | ||
| 3 | Товардыидентификациялоо | Товардынсоодалыкаталышы |
| Товардыкбелги,KG | ||
| Нетточени,л | ||
| Өндүрүшөлкөсү | ||
| 4 | Товардын мүнөздөмөсү | Алкоголдукпродукциянын түрү |
| Этилспиртининкөлөмдүкүлүшү (кубаттуулугу), % | ||
| Жыпаржыттууболупсаналабы | ||
| ГМОкамтыйт | ||
| 5 | Курамы | Курамы |
| 6 | Энергетикалыкбаалуулугу,ккал/100г | |
| Азыктык жана энергетикалыкбаалуулугу | кДж/100г | |
| 7 | Сактоожана эксплуатациялоошарттары | Жарактуулукмөөнөтү, жыл |
| Мин.сактоотемпературасы, С | ||
| Макс.сактоотемпературасы,С | ||
| Мин.салыштырмалуунымдуулугу,% | ||
| Макс.салыштырмалуунымдуулугу, % | ||
| 8 | Ченемдик-коштомо документтер | Стандарттыкномери,ГОСТ |
| БСТРшайкештиги | ||
| Шайкештикти тастыктаган документтинномери,Декларация | ||
| Документтиберүүдатасы | ||
| Документтин жарактуулукмөөнөтү | ||
| 9 | Жүгүртүүжанашайкештик белгилери | Базардагыжүгүртүүбелгиси |
| Шайкештикбелгиси | ||
| 10 | Товардын идентификаторунунээси (GTIN) | Компаниянынаталышы |
| Салыкидентификатору | ||
| ПрефиксGCP | ||
| Юридикалыкдареги,KG | ||
| 11 | Өндүрүүчү | Наименованиекомпании |
| Налоговыйидентификатор | ||
| ПрефиксGCP | ||
| Юридическийадрес,KG | ||
| 12 | Керектөөчүтаңгак | Товардынтаңгактагы коду |
| Таңгактынтиби | ||
| Таңгактынматериалы | ||
| Жабуунунтиби | ||
| Жабуучукаражаттынматериалы | ||
| Бруттосалмагы,кг | ||
| Туурасы,см | ||
| Бийиктиги,см | ||
| Тереңдиги,см | ||
| 13 | Өндүрүүчүнүн/даярдоочунун сунуштары | |
| 14 | Колдонуубоюнчачектөөлөр |
2) Тамеки продукциялары үчүн:
| № | Топтунаталыштары | Талаааттары |
| 1 | Товардын улуттук классификациясы – Продукциянынмамлекеттик статистикалык классификаторунан алынган код | Мамлекеттикклассификатордункоду |
| Уникалдуукод | ||
| 2 | Товардынэларалык классификациясы | ТЭИТН |
| GPC | ||
| 3 | Товардыидентификациялоо | Товардынсоодалыкаталышы |
| Товардыкбелги,KG | ||
| Керектөөтаңгагындагыкеректөө бирдиктеринин саны, даана | ||
| Өндүрүшөлкөсү | ||
| 4 | Товардын мүнөздөмөсү | Тамеки буюмдарынынтүрү |
| Тамекибуюмдарынынжыпаржыты | ||
| Фильтрдинболушу | ||
| Ментолкамтылганбы | ||
| Капсулалардынфильтрдеболушу | ||
| Фильтрдегикапсулалардын саны | ||
| Жыпаржыттууболупсаналабы | ||
| ГМОкамтыйт | ||
| 5 | Курамы | Курамы |
| 6 | Сактоожана эксплуатациялоошарттары | Жарактуулукмөөнөтү |
| 7 | Ченемдик-коштомо документтер | Стандарттыкномери,ГОСТ |
| БСТРшайкештиги | ||
| Шайкештикти тастыктаган документтинномери,Декларация | ||
| Документтиберүүдатасы | ||
| Документтин жарактуулукмөөнөтү | ||
| 8 | Базардагыжүгүртүүбелгиси | |
| Жүгүртүүжанашайкештик белгилери | Шайкештикбелгилери | |
| 9 | Товардын идентификаторунунээси (GTIN) | Компаниянынаталышы |
| Салыктыкидентификатору | ||
| ПрефиксGCP | ||
| Юридикалыкдареги,KR | ||
| 10 | Өндүрүүчү | Компаниянынаталышы |
| Салыктыкидентификатору | ||
| ПрефиксGCP | ||
| Юридикалыкдареги,KR | ||
| 11 | Керектөөчүтаңгак | Товардынтаңгактагы коду |
| Таңгактынтиби | ||
| Таңгактынматериалы | ||
| Жабуунунтиби | ||
| Жабуучукаражаттынматериалы | ||
| Бруттосалмагы,кг | ||
| Туурасы,см | ||
| Бийиктиги,см | ||
| Тереңдиги,см | ||
| 12 | Товаримпорттоочулар | Колдонуубоюнчачектөөлөр |
| Салыктыкидентификатор | ||
| Юридикалыкдареги,KY |
3) Мунай жана мунай продуктулары үчүн:
| № | Топтунаталыштары | Талаааттары |
| 1 | Товардын улуттук классификациясы – Продукциянынмамлекеттик статистикалык классификаторунан алынган код | Мамлекеттикклассификатордункоду |
| товарауникалдуукод | ||
| 2 | Товардынэларалык классификациясы | ТЭИ ТН |
| GPC | ||
| 3 | Товардыидентификациялоо | Соодалыкаталышы |
| КатегориясыГСМ | ||
| Товардык белги | ||
| Өлчөөбирдиги | ||
| Өндүрүшөлкөсү | ||
| 4 | Товардын мүнөздөмөсү | Октансаны(бензиндерүчүн) |
| 5 | Сактоожана эксплуатациялоошарттары | Жарактуулукмөөнөтү |
| Сактоошарттары | ||
| 6 | Ченемдик-коштомо документтер | Стандарттыкномери,ГОСТ |
| БСТРшайкештиги | ||
| Шайкештикти тастыктаган документтинномери,Декларация | ||
| Документтиберүүдатасы | ||
| Документтин жарактуулукмөөнөтү | ||
| 7 | Өндүрүүчү | Компаниянынаталышы |
| Салыктыкидентификатору | ||
| ПрефиксGCP | ||
| Юридикалыкдареги,KR |
4) Электрондук тамеки үчүн:
| № | Топтунаталыштары | Талаааттары |
| 1 | Товардын улуттук классификациясы – Продукциянынмамлекеттик статистикалык классификаторунаналынган код | Мамлекеттикклассификатордункоду |
| Уникалдуукод | ||
| 2 | Товардынэларалык классификациясы | ТЭИ ТН |
| GPC | ||
| 3 | Товардыидентификациялоо | Товардынсоодалыкаталышы |
| Категория | ||
| Товардык белги | ||
| Өлчөөбирдиги | ||
| Өндүрүшөлкөсү | ||
| 4 | Товардын мүнөздөмөсү | Түзүлүштүнтиби |
| Батареясыйымдуулугу | ||
| Кубаттуулугу | ||
| Каршылык | ||
| Туташуутүрү | ||
| 5 | Сактоожана эксплуатациялоошарттары | Жарактуулукмөөнөтү |
| Сактоошарттары | ||
| 6 | Ченемдик-коштомо документтер | Стандарттыкномери,ГОСТ |
| БСТРшайкештиги | ||
| Шайкештикти тастыктаган документтинномери,Декларация | ||
| Документтиберүүдатасы | ||
| Документтин жарактуулукмөөнөтү | ||
| 7 | Өндүрүүчү | Компаниянынаталышы |
| Салыктыкидентификатору | ||
| ПрефиксGCP | ||
| Юридикалыкдареги,KR | ||
| 8 | Колдонуубоюнчачектөөлөр |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министр Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2022 · № 220
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179 "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2024 · № 179