# МСКнын 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 109 "Эсептешүүлөр үчүнүн автоматтык түзүзүлүштөрдө же интернет тармагындаа төлөмдүн электрондук каражаттарын колдонуу менен эсептерешүүлөрдү жүзөгөгө ашырууда колдонулуучу контролдук кассалыык машиналарды пайдалануу Эрежелерин эр бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 109 "Эсептешүүлөр үчүнүн автоматтык түзүзүлүштөрдө же интернет тармагындаа төлөмдүн электрондук каражаттарын колдонуу менен эсептерешүүлөрдү жүзөгөгө ашырууда колдонулуучу контролдук кассалыык машиналарды пайдалануу Эрежелерин эр бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: №109
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-50>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/50>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 109 "Эсептешүүлөр үчүнүн автоматтык түзүзүлүштөрдө же интернет тармагындаа төлөмдүн электрондук каражаттарын колдонуу менен эсептерешүүлөрдү жүзөгөгө ашырууда колдонулуучу контролдук кассалыык машиналарды пайдалануу Эрежелерин эр бекитүү жөнүндө" буйругу (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-50

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_12 апрель\_\_ 2024-ж. / г. № \_\_\_109\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Эсептешүүлөр үчүнүн автоматтык түзүзүлүштөрдө же интернет тармагындаа төлөмдүн электрондук каражаттарын колдонуу менен эсептерешүүлөрдү жүзөгөгө ашырууда колдонулуучу контролдук кассалыык машиналарды пайдалануу Эрежелерин эр бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлерр Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндедеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чараралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелеринин 4-пунктктун ишке ашыруу мааксатында, буйрук кылам:

1. Эсептешүүлөр үчүн автоматтык түзүлүштөрдө жеке интернет тармагында төлөмдүн электрондук каражаттарын кололдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда колдонулуучу контрололдук-кассалык машиналардыды пайдалануу эрежелери тиркемеге ылайык бекититилсин.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А. Мурзакматовго ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекететтик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекететтик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиеешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесине жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Н.Кыдыргычовго жүктөлсүн.

Төрага А.К. Абдувапов

Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигине караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын

12 апрель\_2024-ж. / г. № \_109\_

буйругуна тиркеме

Эсептешүүлөр үчүн автоматтык түзүлүштөрдө же интернет тармагында төлөмдүн электрондук каражаттарын колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда колдонулуучу ККМди пайдалануу эрежелери

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелеринин 4-пунктуна ылайык иштелип чыккан жана эсептешүүлөр үчүн автоматтык түзүлүштөрдө же интернет тармагында электрондук төлөм каражаттарын колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары – ККМ) колдонуунун негизги эрежелерин аныктайт.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуучунун (кардардын) кассир-операционист менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүсүз субъекттин эсебине накталай эмес формада төлөөнү билдирген эсептешүүлөр үчүн автоматтык түзүлүштөр, ошондой эле интернет тармагында төлөмдүн электрондук каражаттары аркылуу калк менен эсептешүүлөрдө субъект ушул Эрежелерге ылайык ККМди колдонууга милдеттүү.

3. Ушул Типтүү эрежелердин сакталышын контролдоону салык кызматынын органдары жүргүзөт.

4. Ушул Эрежелер менен жөнгө салынбагандын бардыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелеринин ченемдери менен жөнгө салынат.

2. Интернет тармагында төлөмдүн электрондук каражаттарын колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда ККМди колдонуу эрежелери

5. Интернет тармагында төлөмдүн электрондук каражаттары аркылуу калк менен эсептешүүнү жүзөгө ашыруучу субъект ККМдин реестрине киргизилген ККМди колдонууга милдеттүү.

6. Акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө субъект электрондук форматта зарыл реквизиттерди жана QR-кодду көрсөтүү менен сатып алуучунун (кардардын) жеке кабинетине жана/же субъекттин тиркемесинде же Интернет тармагындагы расмий сайтында каттоодо көрсөтүлгөн электрондук дарекке/абоненттик номерге төлөмдү тастыктаган учурда, төлөмдүн келип түшкөндүгү жөнүндө маалыматты алган учурда же товар жүктөлгөн учурда, буга чейин эмне болгонуна жараша контролдук-кассалык чекти түзүүнү жана жөнөтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

7. Контролдук-кассалык чекти сатып алуучунун (кардардын) жеке кабинетине жөнөтүүдө субъект сатып алуучу (кардар) тарабынан андан ары басып чыгаруу үчүн аны жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

8. Интернет тармагында эсептешүүдө ККМде түзүлүп жаткан документтерде, эсептешүү дарегинин жана жеринин реквизиттеринде ККМ жайгашкан дареги же субъекттин юридикалык дареги жана субъекттин сайтынын дареги көрсөтүлөт.

9. Интернет тармагында эсептелген товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же жумуштар боюнча акча каражаттарын кайтаруу ошол ККМде мурда берилген ККМ чек болгон учурда гана жүзөгө ашырылат. Кайтаруу операциясы фискалдык документтин номерлерин жана кайтаруу таризделген негиздеги чектин фискалдык модулун көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат, учурдагы жана мурдагы нөөмөттөгү нөөмөттүк жыйынтыкты азайтпайт (алмаштырбайт).

3. Эсептешүүлөр үчүн автоматтык түзүлүштөрдө ККМди колдонуу эрежелери

10. Калк менен эсептешүүлөр үчүн автоматтык түзүлүшү бар соодалык (вендингдик) автоматтарда жана кызмат көрсөтүүчү автоматтарда кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө контролдук-кассалык чекти түзүү жана берүү мүмкүнчүлүгү бар, автоматтык эсептөө үчүн жарактуу ККМ орнотулушу керек.

11. Калк менен эсептешүүлөр үчүн автоматтык түзүлүштөрдө автоматтык түзүлүштүн корпусуна орнотулган аппараттык ККМ же автоматтык түзүлүштүн программалык камсыздоосу менен айкалыштырылган программалык ККМ колдонулууга тийиш.

12. Контролдук-кассалык чекти кагазга жана/же кыскартылган маалыматы бар электрондук алып жүрүүчүдө түзүүгө жана басып чыгарууга, шилтемени көрсөтүү менен (QR-код, интернет-сайт, мобилдик тиркеме жана башка ыкмалар аркылуу чекти алуу үчүн атайын код), ошондой эле сатып алуучу (кардар) чектин толук электрондук вариантын ала турган автоматтык түзүлүштүн экранына QR-кодду чыгарууга жол берилет. Мында контролдук-кассалык чекте субъекттин жана ККМдин реквизиттери, чектин номери, катталган күнү жана убактысы, чектин жыйынтык суммасы милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

13. Кыскартылган маалыматы бар контролдук-кассалык чекти берүүдө, ошондой эле QR-кодду автоматтык түзүлүштүн экранына чыгарууда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун алдында субъект кардарга контролдук-кассалык чекти берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлоого, ал эми төлөм жүргүзүлгөндөн кийин чектин электрондук вариантын алуу ыкмасын баяндоо менен чектин QR-кодун чыгарууну кыскача маалымат менен коштоого милдеттүү.

14. Эсептешүү үчүн автоматташтырылган түзүлүштөр аркылуу эсептелген товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же жумуштар боюнча акча каражаттарын кайтаруу ошол ККМде мурда берилген контролдук-кассалык чек болгондо гана жүзөгө ашырылат. Кайтаруу операциясы фискалдык документтин номерлерин жана кайтаруу таризделген негиздеги чектин фискалдык модулун көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат, учурдагы жана мурдагы нөөмөттөгү нөөмөттүк жыйынтыкты азайтпайт (алмаштырбайт).
